30-октябрда Ош–Сары-Таш–Эркечтам автоунаа жолунун 78-чакырымында болгон жол кырсыгынан беш адам мүрт кетти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгына “Ауди-80” үлгүсүндөгү автоунаанын 68 жаштагы айдоочусунун жүрөгү кармап калганы негиз болгон. Ал каршы тилкеге чыгып кетип, оор жүк ташыган унаа менен кагышкан.
Кырсыктан машиненин айдоочусу жана 56, 48, 41, 37 жаштагы жүргүнчүлөрү да каза болду.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы сегиз айында 5 393 жол кырсыгы катталып, андан 540 адам каза болуп, дагы 7 964 киши жаракат алган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3% көп. (BTo)
Дагы караңыз
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Шерине