Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Украинанын Сумы облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды


Сумы. 2025-жылдын сентябры.
Сумы. 2025-жылдын сентябры.

31-октябрга караган түнү Украинанын Сумы шаары Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын, сокку жапырт урулганын, жарандык инфраструктура объектилери, үйлөр талкаланганын, кеминде 11 киши жараат алганын, арасында балдар да бар экенин, кээ бир жерлерде өрт тутанганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, бир саат ичинде эле бул аймакка он учкучсуз учак учурулду. 30-октябрда эртең менен да Сумыда май куюучу станция бутага алынып, төрт киши жараат алган. Эки күн мурда шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Быйыл жыл башынан бери Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан бул аймакты орус аскерлери куралдын ар кандай түрү менен 543 жолу аткылады, натыйжада 72 кишинин өмүрү кыйылды, 434 киши жараат алды.

Өткөн түнү Харьков аймагы да орус армиясынын аткылоосуна кабылганы, темир жол ишканасы жабыркаганы кабарланды.

Жумага караган түнү дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Бир нече аймактын жергиликтүү бийлик башчылары маалымдагандай, электр жарыгы менен камсыздоо иши үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерде өрт чыкты.

Орел облусунун губернатору Андрей Клычков билдиргендей, шаардын Жылуулук электр борборунун аймагына дрондун сыныктары түштү, ошондуктан электр тармагынын иши үзгүлтүккө учурады.

Владимир облусунун башчысы Александр Авдеев Владимир шаарынан анча алыс эмес жерде инфраструктурага чабуул коюлганын гана айтты, андан башка маалымат берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, 31-октябрга караган түнү өлкө аймагында украиндердин жалпысынан 130 учкучсуз учагы жок кылынды.

Кээ бир шаарларда аэропорттор убактылуу иштебей турду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG