Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Мурдагы премьерлер жазасын өтөй баштады


Коррупция үчүн айыпталган мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков тергөө абагынан жазасын өтөш үчүн колонияга которулду.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча соттолгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №1 тергөө абагынан түзөтүү колониясына которулары 22-апрелде белгилүү болду. Бул күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу атайын комиссия көчмө жыйын өткөрүп, тергөө абагындагы 86 адамды колонияларга бөлүштүрүүнү чечкен. Алардын арасында мурдагы эки премьер жана ЖЭБ иши боюнча соттолгон «Электр станциялары» ишканасынын экс-директору Салайдин Авазов да бар.

Cапар Исаков сот залында.
Cапар Исаков сот залында.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков өзгөчө абал шартында саясатчылардын түрмөгө шашылыш которулушун тергөө абагында орун калбай калганы менен түшүндүрдү:

«Атайын комиссиянын чечими менен Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга бөлүнгөн. Ал азыр ошол жакка которулганы жатат. Салайдин Авазов Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Ал эми Сапар Исаков болсо Петровкадагы №8 колонияга жеткирилди. Бул адамдар бир иштин фигуранттары болгон үчүн ар кыл абактарга жеткирилди. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абагында киши көп, батпай калды. Ошон үчүн биз соттун өкүмү чыккан соттолуучуларды атайын комиссиянын чечими менен Бишкек жана Чүй облусундагы колонияларга жеткирип жатабыз».

Мындай маалымат белгилүү болору менен эле соттолгон саясатчылардын адвокаттары нааразылык билдирип чыгышты. Маселен, Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов тиешелүү мекемелер өзгөчө абал шартында мурдагы премьерлер тууралуу маалыматты жашырып, аларды абакка шашылыш которду деп эсептейт.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Буга чейин тергөө абагы «карантиндик шартка байланыштуу которууну токтоттук» деп жарыялаган. Ал эми бул иште болсо туруп-туруп эле маселени көтөрүп жатышат. ЖАМКтын комиссиясынын күн тартибинде Исаковду, Сатыбалдиевди, Авазовду түрмөгө которуу деген маселе турган эмес. Аларды шашылыш эле алып туруп которуп жатышат. Исаков, Сатыбалдиев мурдагы премьер-министр болгон. Алар мамлекеттик сырды алып жүрүүчү адамдар. Ал эми колониялар «каралар» деп аталган уюшкан кылмыштуу топтун көзөмөлүндө экени айтылып жүрөт. Муну мен президент болгон башкаруучу топтун өч алуусу катары кабыл алдым».

Адвокат бул маселеде мыйзам так сакталышы керек экенин кошумчалады. Ал эми ЖАМК бул которуу мыйзамга ылайык жүргөнүн билдирүүдө.

Негизи 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деп Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Ал эми Авазов 11 жыл 3 айга, Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Булар менен бирге айыпталган мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, экс-финансы министри Ольга Лаврова акчалай айыппул салынган болчу. Мындан башка «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок соттолуучулар муну саясий чечим деп сыпаттап келишет.

2018-жылдын июнунда камалган Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков эки жылга жакын убакыттан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Бул жай катуу кайтарылгандыктан криминалдын таасири жок деп эсептелет. Адатта кайсы бир кылмыш үчүн шектүү катары кармалган саясатчылар же чоң кызматкерлер дал ушул жайга камакка алынат.

Ал эми түзөтүү колонияларында криминалдын таасири күчтүү деп эсептелип, соттолгондор ар кыл басым-кысымга кабылышы мүмкүн экени айтылып келет.

Ал ортодо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр Кой-Таш айылындагы башаламандык боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган төрт адамдын үстүнөн сот иши уланууда. 22-апрелге белгиленген жараян Атамбаев сотко келүүдөн баш тартканы үчүн башка күнгө жылдырылды. Мурдагы президенттин тарапкерлери коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалга карабай соттун жүрүшүнө нааразылыгын билдирүүдө.

Бирок Жогорку сот 6-апрелден 13-апрелге чейин гана өзгөчө абал шартына байланыштуу убактылуу жабылганын жана учурда иштер кезеги менен каралып жатканын билдирүүдө.

Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунованын айтымында, сот жараяндарын өткөрүүдө санитардык нормаларды сактоого көңүл бурулуп жатат.

«Өзгөчө абал шартында судьяларды нөөмөткө коюп иштеп жатабыз. Сотто тараптардын келгенине жараша бардык иштер каралып жатат. Жараянды өткөрүүдө санитардык нормалар сакталып, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылынган», - деди ал.

Бишкек ЖЭБи жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталган Кой-Таш иши өлкөдөгү чуулуу иштерге айланды.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кандай гана кызматты ээлебесин, соттун чечими чыккан соң ар бир адам жазасын өтөш керек деп эсептейт. Бирок ал бул иштердин саясий өңүтү болгон үчүн мүмкүн болушунча ачык жана мыйзамга ылайык өткөрүү зарыл деген ойдо.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«"Сот бийлиги качан адилет болот?" деп 20 жылдан бери эле талкуулап келе жатпайбызбы. Адилеттиктин эң негизги критерийлеринин бири - бул айкындуулук, ачыктык. Азыркы өзгөчө абал шартында мына ушул ачыктык маселесинде чектөө болуп калып жатпайбы. Сот процесси болобу же башка иштерде журналисттер, адвокаттар жана жакындары толук маалымат ала албай калат. Бул иштерди болушунча ачык өткөрүп, күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенине эл ишенгендей болушу керек».

Кыргызстандын эгемен тарыхында Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев түрмөдө жазасын өтөй баштаган алгачкы мурдагы премьер-министрлер болуп калды. Буга чейин парламенттин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түрмөдө эки жылдай жазасын өтөп, кийин ага карата сот чечими жокко чыккан.

Ал эми 2005-жылдагы март окуяларына чейин түрмөдө жазасын өтөгөн дагы бир саясатчы Феликс Кулов болсо эркиндикке чыккан соң премьер-министрликке дайындалган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG