Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

30-октябрда саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, баш-аягы 589 адам шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берди. Алардын 365и эркек, 224ү аял. Анын ичинен 168и талапкер болуп катталды, 19 киши арызын кайра кайтарып алып, Боршайком жети адамды каттоодон баш тартты.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG