Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Луврдан баалуу экспонаттарды уурдоого шектелип дагы беш киши кармалды


Луврдан уурдалган буюмдардын бири
Луврдан уурдалган буюмдардын бири

Францияда Лувр музейинен баалуу экспонаттарды уурдоого катышкан деген шек менен дагы беш киши кармалды. Кармоолор 29-октябрдын кечинде Парижде болгонун шаардын прокуратурасына шилтеме менен франциялык маалымат каражаттары кабарлады. BFMTV телеканалы кармалгандардын бирин тергөөчүлөр уурулуктун аткаруучусу деп эсептерин маалымдады.

Париждин прокурору Лора Беккүо күч түзүмдөрү ДНК анализинин негизинде ал кишинин катышуусун далилдегенин билдирди. Калганы музейдеги окуядан кабардар деп болжолдонууда.

Буга чейин шектүү эки кишинин колго түшүрүлгөнү, алар күнөөсүн “жарым-жартылай” мойнуна алганы кабарланган.

Дүйнөдөгү эң байыркы музейлердин бири болгон Луврда сакталган кымбат баалуу экспонаттарды 19-октябрда чак түштө уурдап кетишкен.

Белгисиз адамдар музейге кирип, тогуз буюмду, арасында француз императору Наполеондун коллекциясындагы кымбат баалуу сөйкө, колье, диадеманы алып чыгып кетишкен. Кийин прокуратура алардын баасы 100 миллион доллардан ашарын маалымдаган.

Тергөөчүлөр ал буюмдардан кымбат асыл таштар алынып, баалуу металл эритилген болушу мүмкүн деген версияны жокко чыгарбайт.

Париждин прокурору экспонаттар кимдин колуна тийсе да, аларды ыктыярдуу өктөрүп берүүгө чакырды. Анын айтымында, анда сот чыгым болбогонун эске алмакчы.


Шерине

XS
SM
MD
LG