Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Карантинге камалган балдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими иштей баштаганына 30-мартта беш күн болду.

Өзгөчө абал режими киргенден бери бала бакчалар да жабылды. Ал эми мектеп окуучулары буга чейин эле 16-мартта карантинге тараган.

Өзүн Нурислам деп тааныштырган баланын видео кайрылуусу ушул тапта Интернетте тарап жатат. Ал үйдө окугусу келбегенин, апасы сабакты түшүндүрүп бере албай жатканын айтып, көзүнө жаш алып арызданган.

Ушундан улам азыр бала бакчага, мектепке барбай үйдө отурган балдарга кайрылып, алардын үнүн уктук.

Нурэмир Күмүшбеков.
Нурэмир Күмүшбеков.

- Мен Нурэмир, алты жаштамын. Мен эртең менен туруп бетимди, тишимди жууйм. Анан атам менен көнүгүү жасайбыз. Китептерди окуйм, анан оюнчук ойнойм. Күндөрүм бала бакчадагыдай кызыктуу болбой жатат. Ошондуктан мен чарчадым. Досторумду сагындым.

- Менин атым Толгонай, жети жаштамын. Карантин башталганда биз апам жана сиңдим болуп башка үйдө жашап жатабыз. Анткени таенем менен атам жумушка барып жатышат. Ошондуктан биз коркуп (ред. коронавирус жугуп калат деп) башка үйдө жашап жатабыз. Бирок бири-бирибизди сагынганда алыстан, терезеден көрүп турабыз.

Ал арада мектеп окуучулары аралыктан окуу системасын тесттен өткөрүп жатышат. Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен окуучулар 8-апрелден тартып аралыктан окуй башташат.

Райан Болотбеков.
Райан Болотбеков.

- Менин атым Райан, нөлүнчү класста окуйм. Нарында жашайм. Тиги канаравирус (тили келбей, ушинтип айтат - ред.) деген жаман экен. Ошондуктан колду жууп, антисептик себиш керек экен. Эшикке чыкпай калдык, жумуштар токтоп калды. Шпагатка отурганды үйрөндүм, көнүгүүлөрдү жасап жатам. Карантин мага башында жакчу, азыр жакпай калды. Досторумду сагындым, кечке үйдө отура берген жаман экен. Карантин эртерээк бүтсө экен.

Райан: Досторумду, мектебимди сагындым
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00


Үйдө отуруп сабак окуган окуучуларга жагып же жакпай жатканына да кызыктык.

Асылай Кеңешова.
Асылай Кеңешова.

- Мен - Асылай Кеңешова, 2-класста окуйм. Карантин убагында мен үйдө отуруп, сабак жазып, китеп окуп жатам. Кызыктуу кинолорду да көрүп жатам. Мага үйдө окуган анча деле жаккан жок. Мектепте окуган кызыктуу болчу, танаписте классташтарым менен ойночубуз. Эртерээк карантин бүтсө мектепке бармакмын. Бирок карантинде ата-энем менен көп убакыт өткөргөн жакты.

Диана Азимова.
Диана Азимова.

- Мен Диана Азимова, Баткен облустук гимназия жатак мектебинде 7-класста окуйм. Бизде азыр онлайн сабактар өтүп жатат. Эжекебиз «Вотсаптан» тайпа ачып, ошол жакка предметтик мугалимдерди кошкон. Алар ошол тайпага тапшырмаларды жөнөтүшөт. Биз аны аткарып, эжекелердин жеке номерине жөнөтөбүз. Көп эле сабактар тест түрүндө болуп жатат. Берилген тапшырмаларды досторубуз менен талкуулап, улуулардан сурап аткарганы мүмкүнчүлүк болгону жагып жатат. Бирок кыйынчылыктар да болуп жатат. Мисалы, жаңы теманы өзүбүз окуп түшүнүп жатабыз. Ал эми мектепте мугалимдер түшүндүрүп берчү.

Айтор, кичинекей балдар менен окуучулардын көпчүлүгүнө карантин бир тараптан жагып жатса, экинчи тараптан тезирээк мектепке кайтып, ээн-эркин ойногусу келгени көрүнүп турат.

Адистер коронавирус илдети балдардын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч жаратпай турганын белгилегени менен карантин режими аларга психологиялык жактан оор өтүшү мүмкүн экенин айтышат. Андыктан ата-энелери аларды алаксытып, убактысын болушунча кызыктуу өткөрүүгө жардам бериши керек.

Өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал 15-апрелге чейин созулат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG