Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

«Бишкек үчүн Бакиев анча маанилүү болбой калган»

Питер Леонард.
Питер Леонард.

Эмне үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери беларус президенти Александр Лукашенкону кайра шайланышы менен биринчилерден болуп куттукташты?

«Азаттыктын» суроолоруна «Eurasinet» басылмасынын Борбор Азия боюнча редактору Питер Леонард жооп берди.

- Менимче, президенттикке шайлануу менен куттуктоо - формалдуу бир иш. Бирок быйыл анын өзгөчө бир мааниси бар. Себеби коронавирус пандемиясынан жана анын экономикага тийгизген кесепетинен улам чөлкөмдөгү лидерлер үчүн саясий туруксуздук абдан сезимтал маселе болуп калды. Авторитардык лидерди куттуктоо, ага ийгилик каалоо «туруктуулук, бийликтин ырааттуу уланышы» деген мантра менен коштолот.

Муну Лукашенко гана эмес, Борбор Азиядагы бардык жетекчилер да эч качан эстен чыгарбайт. Менимче, ошол лидерлер моралдык же демократиялык себептерге негиздеп Лукашенкону куттуктабай койсо тескерисинче, абдан кызыктай көрүнмөк. Анткени Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн андай негиздемелер жат көрүнүш.

Беларустагы түн: Жарылган баш, жаш агызган газ

Чогулгандар менен ОМОНдун алгачкы кагылышуусу Жеңүүчүлөр проспектинде жайгашкан монументтин жанында башталды.
1/15 Чогулгандар менен ОМОНдун алгачкы кагылышуусу Жеңүүчүлөр проспектинде жайгашкан монументтин жанында башталды.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Күч түзүмдөрү үн чыгаруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонуп, ушул эле районго суу менен атуучу техниканы алып келишкен.
2/15 Күч түзүмдөрү үн чыгаруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонуп, ушул эле районго суу менен атуучу техниканы алып келишкен.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
ОМОН монументтин жанына чогулгандарга чабуул коюп, калкандары менен аларды проспекттен сүрүп чыгарды.
3/15 ОМОН монументтин жанына чогулгандарга чабуул коюп, калкандары менен аларды проспекттен сүрүп чыгарды.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Көздөн жаш чыгаруучу газдын кандай түрү колдонулганы белгисиз. Ал эми үн чыгаруучу гранатадан он чакты колдонулду. Мындай гранаталар кулакты 4-6 саатка тундуруп, жада калса жарадар кыла алат.
4/15 Көздөн жаш чыгаруучу газдын кандай түрү колдонулганы белгисиз. Ал эми үн чыгаруучу гранатадан он чакты колдонулду. Мындай гранаталар кулакты 4-6 саатка тундуруп, жада калса жарадар кыла алат.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Беларус медиа каражаттары бир учурда эле Минскинин борбордук көчөлөрүнүн бирине 20 миңдей киши чогулганын жазып чыгышты. Беларустун Ички иштер министрлиги “кырдаал көзөмөлдө” экенин айтып, митингге чыккандарды кармоо жүрүп жатканын айтканы менен канча киши кармалганын билдирген жок.
5/15 Беларус медиа каражаттары бир учурда эле Минскинин борбордук көчөлөрүнүн бирине 20 миңдей киши чогулганын жазып чыгышты. Беларустун Ички иштер министрлиги “кырдаал көзөмөлдө” экенин айтып, митингге чыккандарды кармоо жүрүп жатканын айтканы менен канча киши кармалганын билдирген жок.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Нааразылык акциясы башталганда көчөлөрдөгү жарык толугу менен өчүрүлдү.
6/15 Нааразылык акциясы башталганда көчөлөрдөгү жарык толугу менен өчүрүлдү.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
7/15
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Минскинин шаардык Тез жардам кызматы митингчилер кандай жаракат алганын айтуудан баш тартты.
8/15 Минскинин шаардык Тез жардам кызматы митингчилер кандай жаракат алганын айтуудан баш тартты.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Интернетке жарыяланган видеолордо полициянын киши ташуучу унаасы (автозак) чогулгандарды тебелеп баратканын көрүүгө болот. Кийин машиненин алдында калган адам жан бергени кабарланды.
9/15 Интернетке жарыяланган видеолордо полициянын киши ташуучу унаасы (автозак) чогулгандарды тебелеп баратканын көрүүгө болот. Кийин машиненин алдында калган адам жан бергени кабарланды.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Минскинин Кальварийский көчөсүндө полиция чогулгандарды желим ок менен аткылаган. Жараат алган үч кишини "Тез жардам" алып кетти.
10/15 Минскинин Кальварийский көчөсүндө полиция чогулгандарды желим ок менен аткылаган. Жараат алган үч кишини "Тез жардам" алып кетти.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
"Associated Press" агенттигинин сүрөтчүсү Мстислав Чернов да полициянын колунан таяк жеп, ооруканага түшкөн.
11/15 "Associated Press" агенттигинин сүрөтчүсү Мстислав Чернов да полициянын колунан таяк жеп, ооруканага түшкөн.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Ушундай эле нааразылык акциялары башка шаарларда да орун алды. Мисалы, Брест шаарында чогулгандар менен полиция кагылышты. Канча киши жараат алганы белгисиз.
12/15 Ушундай эле нааразылык акциялары башка шаарларда да орун алды. Мисалы, Брест шаарында чогулгандар менен полиция кагылышты. Канча киши жараат алганы белгисиз.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Гомелде да жүздөгөн кишилер көчөгө нааразылыгын билдирип чыгышкан.<br />
&nbsp;
13/15 Гомелде да жүздөгөн кишилер көчөгө нааразылыгын билдирип чыгышкан.
 
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
14/15
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановская беларус күч түзүмдөрүн көчөдөгү зомбулукту токтотууга чакырган.
15/15 Президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановская беларус күч түзүмдөрүн көчөдөгү зомбулукту токтотууга чакырган.
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Артка
Алдыга

- Шайлоодон кийинки түнү башталган нааразылык акцияларында тартылган видеолор менен сүрөттөр үрөй учурат. Анан президенттер ошондой окуялардан кийин дароо Лукашенкону куттуктап жатышат. Бул элди өзгөчө иренжитти ошойт. Балким анча озунбай, бир аз коё турушса болбойт беле?

- Албетте. Бирок 1-2 күн күтсө эки жүздүүлүктүн бир түрү болуп калмак. Муну менен эмнеге жетишмек эле, түшүнбөй турам. Мага бир жери кызыктуу көрүндү. Адашпасам, биринчи болуп Лукашенкону Кытай лидери Си Цзиньпиң куттуктады. Андан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, анан дароо эле Владимир Путин жана башка евразиялык жетекчилер куттуктоолорун жөнөтүштү.

Менимче, Токаевдин куттуктоосун да өзгөчө белгилей кетиш керек. Саясатчы бир чети өзүн либералдуураак, демократиячыл, Казакстандагы жаңычыл лидер катары көргөзгүсү келет. Бирок ал шайланган президенттик өнөктүктөн кийин да нааразылык акцияларына күбө болгонбуз. Албетте, Беларустагыдай масштабда болбосо да Казакстан үчүн ал окуялардын маанилүүлүгүн тана албайбыз. Ал акцияларды да абдан катуу басышкан. Айтайын дегеним - жада калса либералдуураак деген Токаев менен Лукашенконун ортосундагы тилектештикти белгилесе болот.

Лукашенконун алын сынаган шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

- Кыргызстан ошол лидерлердин тизмесинде өзгөчө бир орунду ээлейт десек жаңылышпайбыз. Биринчиден, өлкө 2010-жылы элдик толкундоону күч менен басып, кан төгүүгө барган режимди айыптаган. Экинчиден, ошол кан төккөн мурдагы президент Курманбек Бакиев дал ошол Беларуста баш калкалап жүрөт. Муну кандай талдаса болот?

- Ушундай ыраатсыздык таң калтырбай койбойт. Менимче, Кыргызстан Бакиевдин үй-бүлөсү өлкөдөн качып кеткен жагдайларга байланышкан окуялар боюнча укуктук же тарыхый адилеттүүлүккө жетүү фикциясынан көп жыл мурун эле баш тартып койду. Өлкөнүн азыркы саясаты үчүн Бакиев маселеси анча олуттуу болбой калган деп ойлойм.

Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by. 10-август, 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by. 10-август, 2020-жыл.

Андан да маанилүү иштер турат. Коронавирустун айынан Кыргызстан экономикалык кризис коркунучуна туш болду. Бул болсо жумушсуздукка алып келип, анын артынан саясий туңгуюк да болушу ыктымал. Кыскасы, мындай жагдайда Бакиевге байланышкан эски маселелерди чубап чыгуунун мезгили эмес. Албетте, кыргыз бийлиги үчүн бул абдан оңтойсуз абал. Бишкек бир жагынан Лукашенкону куттуктап, экинчи жагынан «Эмне үчүн Беларус ошол режимдин алдыңкы фигураларына башпаанек берип келатат?» деп түшүндүрмө талап кылууда.

Кыргыз бийлиги өзүн демократиялык, эркин сот адилеттүүлүгүнүн, көз каранды эмес медианын колдоочусу катары сүрөттөөнү улантып келатат. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Менимче, бул Евразиянын авторитардык жүзү. Лидерлер эки жүздүүлүктү, бирди айтып, башкасын жасаганды мыкты өздөштүргөн.

- Дагы бир кызыктуу бир жагдайды айта кетели. Шайлоонун, ал боюнча нааразылык акцияларын аёосуз баскан түндүн эртеси эле Лукашенко Даниил Урицкий (же Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, Бакиев менен чогуу качкан Данияр Үсөнөв) жетектеген биотехнологиялык борборго барды. Кыргызстандагы социалдык тармактарда муну символикалык бир кадам катары чечмелегендер да бар. Башкалары «жөн гана дал келип калса керек» дешет. Сиз кандай дейсиз?

- Чынын айтсам, мен бул суроого кантип жооп береримди билбейм. Чындап эле дал келүү болсо, анда абдан кызыктай дал келүү. Сөз болгон биотехнологиялык айыл чарба комплексине жалаң эле Кыргызстандын мурдагы режиминин акчасы салынган эмес. Бул компанияга Кытай да инвестиция салган.

Лукашенконун ал жакка барганында көптөгөн символикалык ишараттарды байкаса болот. Бир жагынан кытайлык демөөрчүлөр бар экенин көргөздү, экинчи жагынан Беларуста мурдагы кыргызстандык коррупциялышкан режимдин мултимиллионердей болгон башка жеке инвесторлор бар деп кыйыткандай. Лукашенко кытайлык жана кыргызстандык инвестициялар менен мактанмак болгон сыяктанат.

Балким бул кайсы бир деңгээлде Орусияга белги берүү аракети болду. Себеби көбү Орусия азыркы кырдаалга тымызын кубанып жатат деген пикирде. Анткени эми Лукашенко Москвага көбүрөөк ыктай баштайт, чабал позицияда болот дешет. Балким ал үчүн бул «ооба, мен Москвага таянам, бирок башка варианттарым да бар» деп туюндуруунун жолудур? Муну көргөзүүнүн кызыктуу жолу деңизчи. Бирок мен башкача чечмелей албайм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG