Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

"Көрүнбөгөн" балдардын көйгөйү


"Көрүнбөгөн кыз" Бишкектеги Ош базарынын кире беришинде.
"Көрүнбөгөн кыз" Бишкектеги Ош базарынын кире беришинде.

ЮНИСЕФ Кыргызстанда 18 миң "көрүнбөгөн" бала бар экенин айтууда. Бийлик өкүлдөрү бул сан расмий эмес деп билдиргени менен балага күбөлүк жаздырууда айрым кыйынчылыктар бар экенин моюнуна алды.

Сузактын Кызыл-Туу айылынын тургуну Муктар Кулушев аялы менен ажырашып кеткен.

Жубайлар нике күбөлүк алган эмес. Ортодогу төрт баланын үчөө эптеп документ алып, өз алдынча турмуш куруп кеткен. Учурда 11 жашка чыгып калган эң кичүү кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Кызын өзү багып жаткан Кулушев жумушсуз жарандардын катарында.

- Эч эле бүтүрө албай жатам. Жардам берилсе жакшы болот эле. Апасы каякта экенин билбейм, турмушка чыгып кетти деп уккам. Кызынан кабар деле албайт. Эч болбосо тамга таанып алсын деп суранып, мектепте окутуп жатам. Жаңы мектеп ачылды эле, документи жок албай коюшту.

ЮНИСЕФ (БУУнун Балдар фонду) уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда документи жок беш жашка чейинки курактагы балдардын саны 18 миңден ашат.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматына таянып, бул сан 2 миңдин тегерегинде экенин айтууда.

Депутаттын белгилешинче, расмий статистика жок болгондуктан ушундай айырмачылык келип чыккан:​

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Көбүнчө мындай балдар акчасы жок, кризиске кептелген үй-бүлөдө туулган же ата-энеси миграцияга кеткендер. 13-17 жашка чыкса да мектепке барбаган балдар бар экенин билебиз. 2 миң деп жатабыз, бирок андан көбүрөөк. Ата-энеси “биз күнүмдүк нан табуу аракетиндебиз, документин ала албай жатабыз” дешет.

Маселеге жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ЮНИСЕФ Бишкекте атайын өнөктүк жүргүздү. Бул акция “Көрүнбөгөн балдар” деп аталды.​

Коомдук жайларда, базарларда балдардын айнекке окшогон материалдан жасалган сөлөкөтү инсталляция түрүндө орнотулуп, алдына “Кыргызстанда эч ким көрбөгөн, билбеген ушундай 18 миң бала бар” деген түшүндүрмө жазылды. Мындай “көрүнбөгөн балдар” Жогорку Кеңеште да бир нече күн турду.

Иш-чара 1-февалда жыйынтыкталып, талкууга парламенттин, өкмөттүн жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү, адистер катышты. Көйгөй бар экени жана аны чечүү жолдору талкууланып жатканы айтылды.

Биринчиси – Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов менен Динара Исаева «Жарандык абал актылары жөнүндө» мыйзамга сунуштап жаткан өзгөртүүлөрү азыр коомдук талкууда. Экинчиси – ушул эле мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы да иштеп чыгып, Юстиция министрлигине экспертизага жөнөттү.

Каттоо кызматынын өкүлү Галия Аманованын айтымында, эгер бул сунуштар өтсө, балага күбөлүк ал төрөлгөнү тууралуу медициналык маалымдаманын негизинде эле бериле баштайт:

- Азыр ата-энесинин документи жок болсо бала катталбайт. Эми мыйзамдарды өзгөртсөк, факт боюнча эле документ жазып берүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Төрөт үйүнүн кагазы жалпы электрондук маалымат системасына киргизилет, биз аны көрүп турабыз жана ошонун негизинде күбөлүк жазабыз. Бардык маалымат архивде 100 жыл сакталат.

Башкача айтканда, мамлекет ата-энеден арыз күтүп отурбастан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып, активдүү позицияга - жоопкерчиликти өзүнө алууга өтө баштайт.

Жыйынга катышкан адистер балага күбөлүк жаздыруу эгер документтер жайында болсо проблема эместигин, бирок мөөнөтү өтүп кетсе же кагаз чогултуу тизмеси толук аткарылбаса, кадимки көйгөйгө айланарын турмуш өзү көрсөтүп жатканын айтышты. Энөөлүктүн жана жалкоолуктун айынан баласына документ албай жүргөндөр да бар экенин белгилешти.

Төрөлгөндө катталуу ар бир адамдын фундаменталдуу укугу болуп эсептелет жана Кыргызстан бул жаатта бир катар эл аралык конвенцияларга кол коюп, милдеттенмелерди алган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 млн. 263 миңдин тегерегинде. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар жана кыздар.

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок баланы бакча да, мектеп да кабыл албайт. Укук коргоочулардын байкашынча, ар кандай зомбулукка кабылган балдардын көбү документи жоктор.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG