Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Атасы тирүү жигит сакал койбойт


Бүгүн "Фабула", "Кыргыз туусу", "Эркин тоо", "Слово Кыргызстана", "Вечерний Бишкек" гезиттери чыкты.

"Фабула" гезити жол маселесине токтолуп, Кыргызстандын жолдору мышык ыйларлык абалга келгенин жазды. Жол курулушуна баш-көз болчу министрлик жетекчилери кол жоолуктай эле алмашат. "Министрлер иштин көзүн билбеген чалпоо, жол салууга келген грант, кредиттерге кол салып "жегенден" башка колунан эч нерсе келбеген адамзаттын пенделери", - деп жазат "Жолчулардын жоругу" макаласынын автору. Анын ырасташынча, Кыргызстандагы эң кымбат жолдор беш жылдык мөөнөткө эле эсептелинген.

Кыргызстандын өкмөт башчысы 6-майда Кара-Балта - Бишкек жолунун оңдоо иштерин көрүп чыгып, 20-майга чейин чуңкурчаларды оңдоо-түзөө иштерин бутүрүүсүн, керек болсо суткалап иштөө тапшырмасын берген.

Ушул эле гезитте саясий партиялардын маданияты тууралуу суроого айрым инсандардын берген жооптору жарыяланган. Кант шаардык кеңешинин депутаты Курманбек Молдокуловдун жообу: "Менин оюмча, келечекте Кыргызстанда эки-үч чоң партия саясий аренада калып, калгандары таркап же башка партиялар менен биригет". Маданият кызматкери Дамирбек Нарматов: "Менин жеке оюмча, бүгүнкү парламентте саналуу эле депутаттарыбызды түзүгүрөөк деп айтса болот", жарандык активист Мавлян Аскарбеков: "Биздин партиялар, тилекке каршы, андай эмес. Тескерисинче, бачым уюша калып, курамына ууру, коррупционерлерди толтуруп, элди алдоо жолу менен бийликке жетишкен". Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, азыркы партиялардын келечектүү идеясы жок. "Ошондуктан партияга мүчө болуп идеяны колдоп, максаттарды ишке ашырууга умтулуп кирген киши жок, шайлоодо депутат болом деп, баланчаны депутаттыкка сүрөйм деп эле кошулгандар", - дейт Каптагаев. Саясат талдоочу Темирлан Сманбек уулу да "эч бир партиянын өлкөнү өнүктүрүү үчүн негиздүү программасы жок. Саясатчылар туруктуу көз карашка ээ эмес", - дейт.

Гезитте саясий талдоочу Токтогул Какчекеевдин "Атамбаев Акаев менен Бакиев кетирген катачылыктарды жоюу менен алек болуп калды" деген маеги да басылды.

Президент Атамбаев Бээжиндеги жол катнаш маселелерин талкуулаган эл аралык жыйынга катышып жатканын "Кыргыз туусу" гезити жазды. Басылмада Нарынкүл Назаралиеванын "Жалпак-Таш айылы 11 күн жарыксыз отурган" деген макаласында Өзгөндөгү табигый кырсыктан карапайым калк кыйналып жатканы, өкмөт тийиштүү мекемелердин жетекчилерине сөгүш берип, айрымдарын кызматтан алып жатканы баяндалган.

Ал эми Болотбек Таштаналиевдин макаласы "Атасы бар сакал койбойт" деп аталат. "Сегиз тал сербейген сакал жаш адамга жарашпаса да, апсыйтып коюп алганды "модага" айландыргандарды көрүп, "тобо" деп жакаңды кармайсың. Сүйлөсө ыйман жолунан сүйлөшөт. Кудайды бетке кармашат, пайгамбардын хадистеринен айтат. Бирок салт билбеген, ата-баба салтын сыйлабаган, атасын сыйлабаган, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаштар экени түк баскан ээгинен көрүнүп турат", - деп жазат автор. Анын пикиринде, салттан динди бийик көргөн муун өсүүдө. Ислам дининин ар кыл багыттары республикага тарап кетип, бүгүн алардын кайсынысы кандай багытта экенинен чаташып калдык, деп белгилейт макала автору.

Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн күчү тууралуу маалымат так берилбей, кырсыктын кесепеттери тууралуу жарытылуу сөз болбой жатканы академик Абдыганы Эркебаевдин "Өзгөчө кырдаалдарга - өзгөчө мамиле" деген макаласында козголгон. Ушул эле гезитте белгилүү акын Карбалас Бакировдун чыгармачылыгы тууралуу кесиптеши Самсак Станалиевдин "Чагылган кармаган акын" деген макаласы да жарыяланган. Басылмада Алай районунун тургундары Жапашовдордун каты жарыяланган. Анда алар киши колдуу болгон уулунун өлүмүнө тиешеси бар кылмышка шектүүлөр кармалбай, Сокулук райондук соту ишти кечиктирип, күнөөлүүлөр жазасыз калып келатканын баяндаган.

Бээжиндеги эл аралык жыйынга Кыргызстан президенти катышып жатканын бүгүнкү "Вечерний Бишкек" гезити да кабарлады. Ушул эле басылма башкалаа Бишкекте газ менен жүрчү жаңы автобустар жолго чыкканын "Бусиктерге атаандаштар чыкты" деген макалада маалымдады.

Алмазбек Атамбаевдин Бээжин сапары ийгиликтүү жүрүп жатканын "Эркин тоо" гезити да ырастады. Басылмада өкмөт жыйынында табият кырсыктарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу маселелери каралганы да кабарланды.

Бээжиндеги жыйын, өкмөт чогулушунда талкууланган маселелерге "Слово Кыргызстана" гезити да кайрылды. Гезитте кийинки кездери кесиптик билим алууга кызыккандардын катары арбып баратканы "Короонун ээсин кайсы жерде даярдайт?" деген макалада баяндалган. Республикадагы жүз кесиптик лицейлердин алтымышы айыл чарбага керектүү кесиптерди үйрөтүп чыгарат. Ушу тапта жумушчулук кесипке 90 миң ашуун өспүрүмдөр даярданууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG