Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Депутат парламент отурумунда бала эмизди


Ларисса Уотерс.
Ларисса Уотерс.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-14-май).

Австралиянын федералдык парламентинин отурумунда алгач ирет бала эмизген депутат - аял Ларисса Уотерс болгонун The Independent гезити кабарлады. Австралиянын сенатору парламенттин жалпы жыйынында тартынбастан бала эмизген алгачкы аял болуп калды. Ал эки жарым айлык кызы Алия Жойду көтөрүп алып иш ордуна барган. Жаш эне: "Биздин өлкөдө энелердин иштөөсү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү зарыл. Иш ордубуз да балалуулар үчүн ыңгайлуу болуусу керек. Ошондо гана элибиз коркпой төрөйт", - деген өз сөзүндө. Австралияда коомдук жерлерде эмчек эмизүүгө уруксат берилгенине бир нече эле ай болду. Эми Ларисса Уотерс парламент имаратына жолдоштору да кирип, кыз-келиндер жыйынга катышып жаткан кезде баланы карап турууга уруксат берген мыйзамдын үстүндө иштеп жатат. Кеңсе же дагы башка коомдук жайларда бала эмизүү маселеси мындан сегиз жыл мурда Австралияда "Жашылдар" партиясынын мүчөсү Сара Хэнсон-Йонгдун эки жаштагы кызы Кораны энесинин колунан жулуп алышып, Сенаттан чыгаргандан кийин курч темага айланган.

Путин геосаясаттын генийи эмес

Швециянын мурдагы өкмөт башчысы Карл Бильдт The Washington Post гезитине Владимир Путиндин Украинадагы саясатына байланыштуу талдоо макаласын жазды. Анда Путиндин тарапташтары Европа Биримдигине ыктаган Украинанын мизин экономикалык чектөөлөрү менен кантип майтарганы, 2014-жылы Киев Майданындагы кандуу кагылыштан кийин Крымдын аннекцияланышы, ошондой эле бөлүнүп, бытыраган Украинанын азыркы акыбалы сүрөттөлөт. "Азыркы тапта Кремл колдогон жикчилдер Украинанын жети пайызын көзөмөлдөөдө. Батыштын жардамынан ажырап, согуштук кырдаалдан 10 миңдей адам каза тапты. Үч миллион украиналык качкынга айланды. Мунун баары Украина чыныгы демократияга багыт алып, экономикалык жактан да көз карандысыздыкка кадам таштаган учурунда башталган. Путин өзүн тарыхта Крымды багынткан лидер катары калтыргысы келип жатат. Бирок, Крымдан башканын баарынан айрылды. НАТО Европадагы өз аскерий күчүн чыңдап, коргонууга каражат мурдагыдан көп бөлүнө баштады. Ошентип, Украина эч качан Кремлдин чалмасына илинбейт. Бирок акыркы жылдары бул өлкө тушуккан кыйынчылыктарды келечектин тарыхчылары Путиндин жеңиши эмес, геосаясий апаат катары кабылдайт. Украина коогасын болтурбай койсо да болмок. Бул Кремлдеги бир кишинин гана колунан келмек", - деген пикирде Швециянын мурдагы премьер-министри Бильдт.

АКШ Азиядагы кубатын Кытайга уттуруп жатат

Foreign Policy журналы Кытай лидеринин "Бир алкак - бир жол" долбоору Кошмо Штаттардын Азиядагы таасирине шек келтирери тууралуу макала жарыялады. Кытай лидери Си Цзинпиндин демилгеси менен башталчу долбоорду талкуулоого 110 өлкөдөн 1 200 делегат Бээжинге чогулган. Ага болжол менен 1 триллион долларлык каражат тартылып, 65 өлкөнү камтыйт. "Вашингтон мындай дымактуу демилгеге жооп кайтара алабы? Сенатор Жон Маккейн Азия жана Тынч океандагы стабилдүүлүк демилгеси үчүн Конгресстен 7,5 миллиард доллар сураган. АКШ Азиядагы таасирин арттыруу максатында коргонуу боюнча гана ири долбоор сунуштады. Бирок коргонууга канчалык көп каражат жумшабасын, АКШ эми Кытайды кубалап жете албай калды. Аймактагы таасир талашындагы ири фактор экономика болууда. Кытайдын "Бир алкак - бир жол" демилгеси Азиянын бүтүндөй соода системасы менен инфраструктурасын өнүктүрөт. Ал эми АКШ болсо чөлкөмдөгү таасирин арттыруу үчүн кубаттуу, көз карандысыз жана ишенимдүү азиялык өнөктөштөргө муктаж. Сенатор Маккейндин коргонуу долбоору ийгилик алып келиши үчүн АКШ Азиянын экономикасына да маани берип, анын Кытайга көз карандылыгын таптакыр токтотушу керек", - деп жазат Foreign Policy.

Айылга көчкөндөргө эки миң евро берилет

Италиянын 394 тургуну эле калган Бормида айылына көчүп барып отурукташкандарга жергиликтүү бийлик эки миң евродон сый акы берилерин жар салды. Бул тууралуу The Guardian гезити кабарлады. Деңиз деңгээлинен 420 метр бийиктикте турган айылда азыр бир үйдү ижарага алуунун баасы болгону 50 евро. Көчүп келгендерди сыйлоо демилгесин айыл башчысы Даниелло Галлиано көтөрүп чыккан. "Аз болсок да аябай ынтымактуу айылбыз. Жаңы келгендер үчүн жакшы шарттарыбыз бар", - деген Галлианонун Фейсбуктагы барагына эки миң евро сыйлык тууралуу жазганы катуу талкууланып жатат. Айрымдар эки миң еврону алгандан кийин шаарга кетип калышпайбы деген да суроону көтөрүшүүдө. Италияда 2 500 айыл-кыштак бош калуу коркунучунда. 2017-жылды бийлик "Айылдар жылы" деп жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG