Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Өзбекстанда алимент төлөбөгөндөр камалат


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстанда балдарына алимент төлөбөгөндөр үч жылга чейин камакка алынат. Тажикстанда спортчуларга узун сакал, чач жана тырмак өстүрүүгө тыюу салынды. Казакстанда болсо кылмышы үчүн мыйзам алдында жооп бергендерге "соттолбогон" деген расмий документ берүүгө уруксат берилет.

"Регнум" маалымат агенттиги Өзбекстанда балдарына алимент төлөөдөн качкандарды үч жылга чейин камакка алуу жөнүндө мыйзам даярдалып жатканын жазды.

Эгерде өзбек жараны бир ай ичинде балдарына жана аталык же энелик милдет аткарган тарапка алимент төлөбөсө, 15 күнгө административдик камакка алынат. Эгерде мындай көрүнүш кайталана турган болсо, бир жылга эркинен ажыратылат. Ал эми бир нече жолу мындай жоопкерчиликтен качкандар үч жылга чейин соттолот.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Ошондой эле мыйзам чегинде алименттин ордуна жооптуу адамдын турак жайын менчиктеп алууга уруксат берүү сунушталып жатканы айтылат. Былтыр Өзбекстанда алименттен качкан 230 миң иш катталган.

Сакал менен тырмакка чабуул

EurAsia Daily Тажикстанда спортчуларга сакал коюуга тыюу салынып жатканын жазды. Өлкөнүн Жаштар, спорт жана туризм комитети Спортчулардын кодексин иштеп чыккан. Анда спортчуларга сакал коюуга, чачтарын жана тырмактарын өстүрүүгө тыюу салынган.

Башкы демилгечи - мамлекеттик кызматкер Сухроб Акбаршо мындай чараларды гигиена менен байланыштырып, чет өлкөдө спортчулар өз мамлекетин татыктуу көрсөтүшү керектигин белгилеген.

Макалада 2011-жылы «Хайр» футбол клубунун оюнчусу Парвиз Турсунов узун кара сакалын алуудан баш тартканы үчүн оюндан чыгарылганы эскерилет. Дүйшөмбү бир жагынан сакалчан спортчуларга тыюу салып, эки жагынан 9-майга карата «Өлбөс полк» деген акцияны өткөрүүгө каршы чыгып, эки анжы кадамдарды жасоодо деп белгилейт басылма.

Тажикстан "Өлбөс полк" жүрүшүн маркумдардын сүрөтүн көтөрүп көчөгө чыгуу ислам динине туура келбейт деген негизде өткөрүүдөн баш тартканы айтылган.

Күнөөсүн жуугандарга ырайым

"Караван" басылмасы Казакстанда кылмышы үчүн мыйзам алдында жооп бергендер «соттолгон эмес» деген документ алса болорун жазды. Бул чара былтыр декабрда өкмөттүн буйругу менен карала баштаган. Кылмыш үчүн жазага тартылган же күнөөсү аныкталбаган тараптарга «соттолбогон» деген кагаз берүү алардын келечекте жумушка орношуп, кадимки мыйзамдуу жашоого аралашып кетүүсүнө шарт түзөт дешет демилгечилер.

Казакстандын Башкы прокуратурасына былтыр 2 миллиондон ашык казакстандык соттолбогонун ырастаган документ алууга кайрылганы айтылат. Мындай каалоочулардын саны быйыл биринчи кварталда 600 миң кишини түзгөн.

Өзбекстан Ошко мектеп курат

"Российская газета" Өзбекстан Ошто мектеп курарын жазат. Өзбекстан Кыргызстандын Ош шаарында 630 орундуу жаңы орто мектеп курууну моюнуна алган. Оштун мэриясы мектептин курулушуна шаардын борборунан бир гектардан ашык жер бөлүп берген.

Жаңы мектеп үч кабаттуу болуп, анда спорт жана маданий залдан тышкары ашкана, догдурдун кабинети жана лаборатория курулары айтылат. Эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери мындай кадам өзбек-кыргыз мамилесин чыңдоого багытталган деп билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG