Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Сөөктөн чыккан дүрбөлөң


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн "Вечерний Бишкек", "Багыт", "Майдан" гезиттери жарык көрдү.

"Вечерний Бишкек" гезити бүгүнкү санын Ольга Дядюченконун "Акыры революциялык мародерчулук иш аягына чыкты" деген макаласы менен ачты.

Надежда Хохлованын "Шаардын ортосундагы көрүстөн" деген макаласында кечээ Панфилов көчөсүндө иштеп жаткан экскаватордун "чеңгели" сөөктөрдү казып чыкканын, анан казылган жерге түшкөн кишилер эксперттерди чакыртышып, алар ушул тегеректе НКВДнын түрмөсү жайгашканын айтып, ар-кандай божомол болуп жаткан кезде дасыккан археологдор Кубатбек Табалдиев менен Орозбек Солтобаев келип, бул сөөктөр 50-70 жыл мурун көмүлгөн малдын сөөгү экенин айтышкандан кийин баары тынчыганын жазып чыкты.

Аталган гезит "Биздин ветерендар үчүн дагы эмнелерди жасай алабыз?" деген суроонун алдында айрым адамдардын ойлоруна орун берди. "Астма" деген да балакет оорулардын бири. Мына ушул боюнча пайдалуу маалыматтарды билгиңиз келсе Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун директорунун орун басары Жуман Акималиевдин кеңешин окуңуздар.

"Багыт" гезити Баратбай Аракеевдин "Кыргызсың, андыктан пейилиң кең болсун көлдүгүм" деген макаласын басты. Автор керемет Ысык-Көл барган сайын кыргыздын мейман тосчу жайына айланып баратканын, демек чет элден келгендер кыргыздын кулк-мүнөзүн, салт-санаасын, кандай эл экенин Нарын, Ош, Баткен, Чүй, Жалал-Абаддын эли менен эмес, дал ушул көлдүктөр менен өлчөп билишерин, андыктан жалпы кыргыз эли үчүн конок тосуп жүргөн көлдүктөр көбүрөөк милдеткер болорун, мейманга келген кандай гана адам, улут болбосун биринчи иретте сыпаа мамилени жакшы көрөрүн, ошондон улам жүздөгөн пансионаттарга, эс алуучу жайларга келген туристтер үчүн кызмат кылган аялзаты, кыз-жигити адам сугун арттыргандай, чет элдиктер суктангыдай кийими, маданияты, жүрүш-турушу менен үлгү болушу керектигин, ата-бабалардын мейман тоскон пейил-мүнөзүн туу тутушу керектигин жакшы айтты. Аракеев анан улуу инсан, академик Мамбет Мамакеевдин мына бул: "Кудая тобо, азыр менде баары бар, билим десең билим, аброй десең аброй, наамдын, сыйлыктын түрү бар, байлык да жетиштүү, кийим-кеченин эсеби жок. Мага бир гана жакшы сөз анан сый эле керек" деген сөзүн мисалга тартып, "Туристтер бизден наам же сыйлык сурап келбейт, эс алганы келет, көлдүн көркүн, элдин сыйын көргүсү келип келет. Аларга сый мамиле керек. Ал эми сый деген жакшы пейил. Пейилди кенен сал, көлдүгүм!" деп жазды.

Гезитте "Кырсыктан саясат жасабай, кан жутуп турган элди тынч койгула!" деген, "Жээнчороевдин сунушу жерде калбашы керек" деген макалар бар. Айбек Шамшыкеев "Куйручук олуя" китеби жарык көрдү, бет ачары жакында..." аттуу макаласында Куйручук тууралуу жаңы маалыматтар табылганын, романдын автору жазуучу Качкын Оторбаев экенин, ал эми буга чейин "Кудай сүйгөн Куйручук" аттуу көлөмдүү китебин чыгарган жазуучу Эркалы Өскөналиев да Куйручукту романга айлантып жатканын, буюрса ал да жарык көрөрүн билдирди. Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаевдин маеги "Чиновниктерге элдин караңгы, эчтеке билбей, сокур, дүлөй болгону жагат..." деген ат менен, "Келин" аттуу долбоордун жеңүүчүсү Мээрим Асанованын кызыктуу маегин, "Аликбек Жекшенкулов Үңкүр-Тоо маселеси боюнча кечирим сурашы керек" деген ат менен жарык көрдү. Булардан тышкары "Жоругу жолдо калгыр" Феликс Кулов Кыргызстанды туңгуюкка кептегиси келеби?" деген, академик Мамбет Мамакеевдин "Карылык" деген, белгилүү акын Абдыжапар Эгембердиевдин "Кеткен күнүң улам көздү күйгүзөт" деген макала, маектерин жана башкаларды окуйсуздар.

"Майдан" гезити "Нурлан Шакиев заманбап телеканал ачты" деген, "Элдин 80 пайызы Бабановго ишенет" деген кабарларды, Камчыбек Ташиевдин "Мамлекет элге иштеши керек" деген маеги, "Үч баатыр кырсык баскан Аюу-Сайга барышты" деген макалалар басылды. Диний эксперт Орозбек Молдалиев "Кыргызстанда радикалдашкан агымдарды жайылткан адабияттар көбөйүп кетти" деп маек берип, террорчулар үчүн үч негизги шарт керектигин, бири - акча, экинчиси - курал-жарак, үчүнчүсү - баш паанек кыла турган жай, алардын ишине тоскоол кыла албай турган өлкө же мамлекет керектигин, экстремизмдин күч алышынын себебин, кандай иш-чараларды көрүү зарылдыгын, террорчулукка каршы күрөштү эң ириде муфтияттын өзүнөн башташы керек деген ойлорго кошуларын кеп кылды. "Майдандын" жаңы санында мындан башка дагы көптөгөн макала, баяндар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG