Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

"Көйгөй чечилсе, нааразылык токтомок". Митингди чектөө мөөнөтү дагы узарды


Бишкекте өткөн #RЕакция акциясы. Архивдик сүрөт.
Бишкекте өткөн #RЕакция акциясы. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбор калаада тынч митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтүн узартты. Укук коргоочулар мындай чектөөнүн дээрлик эки жылдан бери узартылып жатканын адам укугун бузуу катары баалап жатышат.

Бишкекте митинг-пикеттерди өткөрүүгө салынган чектөөнүн мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Биринчи Май райондук администрациясынын мындай арызын ушул эле райондун соту былтыр 28-декабрда канааттандырганы белгилүү болду. Чечимге ылайык, 1-январдан 31-мартка чейин борбор калаадагы бир катар жерлерде тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынат.

"Митингде көтөрүлгөн көйгөйлөр менен күрөшүү керек"

Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки бөлүгүндө митинг, акцияларга чогулууга болбойт. Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы Панфилов паркы, өкмөт үйү жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакча, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер, Ички иштер министрлигинин алдына да топтолууга салынган тыюунун мөөнөтү узарды.

Мындай чектөө алгачкы жолу 2022-жылы март айында кабыл алынып, дээрлик эки жылдан бери анын мөөнөтү улам узартылып келүүдө.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек соңку жылдары бийликтин айрым чечимдерин сындап, бир катар акцияларга, жөө жүрүштөргө катышып жүрөт. Ал бийлик тынч жыйындарга чектөө киргизүүнүн ордуна эл менен эсептешип, алардын талабын аткарууга барышы керек деген ойдо.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Митинг саясий процесстин жыйынтыгы, себеби эмес. Бийлик мурдагы бийликтердин катасын кайталап, жыйынтык менен гана күрөшүп жатат. Нааразылыкка себеп болгон саясий-экономикалык, социалдык факторлорду жоюш керек. Ошондо митинг өзүнөн-өзү эле болбой калат. Митинг кайсы бир иштерге себеп болбойт. Тескерисинче, туура эмес жасалган иштер элди митингге чыгарып жатат. Бийлик мындан коркпой, элдин эмнеге митингге чыгып жатканын изилдеп, ошого жараша саясатын, багытын өзгөртүшү керек”.

Адатта Бишкек шаарында жарандар акцияларды, митингдерди Ала-Тоо аянтында, Ак үйдүн же өкмөт үйүнүн астында өткөрүп келишкен. Мындан тышкары нааразылык кайсы мекемеге же министрликке тиешелүү болсо, жарандар ошол имараттын астына чогулуп, талаптарын койгон учурлар да болгон. Соңку жылдары борбор калаадагы “Эркиндик” бульвары аркылуу сөз эркиндигин колдоо, баш мыйзамдын өзгөрүшүнө, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана бир катар көйгөйлөр боюнча жөө жүрүштөр өттү.

Эки жыл мурун март айында райондук бийлик бул жерлерде тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салып, эми тынч жыйындарды Горький гүлбагында гана өткөрүүгө уруксат экенин айткан. Администрация мындай чечимин “шаардын тургундарына жана туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү” аракети менен байланыштырган.

"Горький гүлбагына чогулуунун мааниси жок"

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун тынч жыйындарга чогулуу адамдын негизги укуктарынын бири экенин белгилеп, Кыргызстан колдогон Адам укуктарынын жалпы декларациясында да, баш мыйзамда да тынч митинг-акцияларга чектөө болбошу керектиги жазылганын айтты.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

“Азыр бардык акцияларды Горький гүл багына барып өткөргүлө деп жатат. Буга эч кандай негиз жок. Мисалы, бизде бир көйгөйдү президенттин администрациясы, прокуратура же өкмөт чечпесе, нааразылык акциялар ошолордун имаратынын алдында өтөт. Мунун мааниси ал мекемелер элдин каршы экенин, маанайды билип турат. Кийин эл менен жолугуп, пикирин угуп, маселени чечкенден кийин тарап кетет. Акцияларды көтөрүлгөн көйгөйгө тиешеси бар мекеменин имаратынын астында өткөрүүнүн мааниси ушунда. Эми Горький багында өткөрө бергиле дегени биз силердин маселеңерди чечпейбиз дегендей болуп жатпайбы”.

Акун айрым өзгөчө кайтаруудагы имараттарды эске албаганда мамлекеттик мекемелердин алдында тынч жыйындарды өткөрүүгө мыйзам жол берерин кошумчалады.

Конституция менен мыйзамдагы кепилдик

Жарандардын мындай укугу Конституцияда жана "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамда каралган. 2012-жылы кабыл алынган документте тынч чогулуштардын жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Кандай учурда чектесе, тыюу салса, күч колдонсо болору да жазылган. Мисалы, мыйзамдын 15-беренесинде төрт учурда гана тынч чогулуштарга тыюу салса болору жазылган. Алар:

  • Согушту пропагандалаганда;
  • Басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыккан учурда;
  • Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда;
  • Тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөргөндө.

Борбор калаадагы тынч жыйындар шаардын башка тургундарынын тынчын алып жатканын айтып, мындай чектөөлөрдү тартипти көзөмөлдөө катары кабыл алгандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев буларды айтты:

“Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бизде тартип болушу керек. Албетте, ар бир адамдын укугу корголушу керек. Бирок жүздөгөн адам митингге чыкса, бул шаарда миллиондой тургун жашайт. Ошол себептүу бул чечимдер алардын коопсуздугун ойлоп чыгарылды деп ойлойм”.

Былтыр Бишкектен тышкары Ош облусунун Ноокат, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да тынч жыйындарга чогулууга убактылуу чектөө киргизилген. Муну облус милициясы коомдук тартипти көзөмөлдөө чарасы катары баалаган. Кийин бул чектөөлөрдүн алынып-алынбаганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Кыргызстанда тынч акция-митингдерди өткөрүүгө салынган тыюу эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында да белгиленген. Анда 2022-жылдан бери мөөнөтү узартылып келе жаткан чектөө жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугун бузуп жатканы айтылган.

Баяндамада мындан тышкары Кыргызстандагы сөз эркиндигине басым күчөгөнү белгиленип, мисал катары “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунда журналисттердин ишин чектей турган нормалар бар экенин, “Азаттык” жана “Клоопко” байланыштуу сот иштерин мисал келтирген. Андан тышкары Кемпир-Абад иши боюнча “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып менен 2022-жылы камакка алынган 30га жакын саясатчы, активисттердин айрымдары дагы деле тергөө абагында экени, кыз-келиндерге зомбулук фактылары дагы деле көп катталып жатканы айтылган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, жарандарды тартипти сактоого үндөгөн билдирүүлөрүн кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG