Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Абактагы Бектур Асанов ооруканага жаткырылат


Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.
Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кемпир-Абад иши" боюнча сот уланды. Соцтармактарга тараган видеодо сотко алып келинген Бектур Асанов үстөлдө жатканын көрүүгө болот. Жактоочулары 20 күндөн бери камактагы саясатчынын ден соолугу начаралап, операция жасоо зарылдыгын айтууда. Ал арада Улуттук госпиталдан саясатчы 3-январда ооруканага жаткырыла турганын билдирди.

"Кыйноо болуп жатат"

27-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кемпир-Абад иши" боюнча сот жараяны уланып, ал адаттагыдай эле жабык өттү. Социалдык тармактарга камактагы саясатчы Бектур Асановдун сот залында үстөлдө жаткан видеосу тарап, анын абалы оор экени айтылып жатат.

"Бектур Асанов 20 күндөн бери оор абалда жатат. Ага карабай сотко алып келишти. Биз судьяга аны чыгарып койгула деп өтүнүч киргиздик. Бирок аны канааттандырган жок. Бул жерде кыйноо болуп жатат", - деп сүйлөгөн бул иш боюнча камактагы белгилүү журналист Айданбек Акматов видеодо.

Буга чейин Кемпир-Абадды коргоо комитети Бектур Асанов жыгылгандыктан "башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин" билдирген.

Асановдун адвокаты Эркин Бөлөкбаев ал тез арада операция болушу керектигин айтууда.

"Ден соолугу начар абалда. Моюн омурткасында жаракаты бар. Үч жума болуп калды. Улуттук госпитал ана-мына деп созуп жатат".

Кыйноолорду алдын алуу борбору менен Акыйкатчы институту саясатчыдан кабар алды

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков камактагы саясатчы Бектур Асановдон кабар алышканын билдирди.

"Кызматкерлер жолугуп чыкты. Азыр бул боюнча иш жүрүп жатат, жыйынтыгы чыкса маалымат беребиз. Ден соолугу тууралуу силерге кандай маалымат берилсе, бизге ошондой маалымат берилген".

Ал эми Акыйкатчы институту Асановду дарылоо боюнча №21 тергөө мекемесине кайрылганын маалымдады.

"Биздин кызматкерлер барып, аны менен сүйлөшүп келди. Ошонун негизинде 21-тергөө абагынын администрациясына тийиштүү сунуштар берилди. Анан 21-мекеме Улуттук госпиталга жаткыруу боюнча кат жиберилди. Ошол каттын негизинде калганын доктурлар чечет", - деди Акыйткачы институнун аппаратынын бөлүм башчысы Эмил Жандаев.

"3-январда ооруканага жаткырылат"

Ал арада Улуттук госпиталдан билдиришкендей, саясатчы 3-январда ооруканага жаткырлары белгилүү болду. Бул тууралуу аталган оорукананын дарыгери Нарынбек Акматов мындай деди:

"3-январда жаткыралы деп жатабыз. Себеби ага чейинки 2-3 күндө бардык текшерүүлөрдөн өтүп алат. Анан майрамдан кийин жаткырабыз. Ал жерде кандай операция болорун дарыгерлер кеңешет".

54 жаштагы Бектур Асанов Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору болгон.

Президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, 2016-жылы “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармалган. Ошол кезде Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 12 жылга кескен. Бектур Асанов муну саясий куугунтук деп баалаган. 2019-жылы февралда сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Ал бир жыл мурда "Кемпир-Абад иши" боюнча кайра камалган.

Бул иш боюнча айыпталган дагы бир саясатчы, юрист Клара Сооронкулова Асановго карата мамилени айыптап жатат.

"Абалы жакшы эмес, бир тарабы жакшы кыймылдабай жатат дейт. Отура албайм деп жатат. Кыйналып эле жатат, бирок, неге ооруканага жаткырбай жатышат, түшүнбөйм. Дарыгерлердин корутундусу боюнча тез арада операция кылыш керек эле. Андан бери бир топ убакыт өтүп кетти. Эмнени күтүп жатышат, билбейм, бул кыйноо болуп калды. Түштөн кийин "кыйналып жатам, сотко алып келбей эле койгула" десе болбой кыйнап алып келишиптир".

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Кемпир-Абад иши июнь айында тергелип бүтүп, сотко өткөн. Кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан, маалымат берилбей жана сот жабык өтүүдө.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасына берген маегинде Кемпир-Абад ишинин кечеңдеп жатышын айыпталуучулар же адвокаттар сот отурумуна келбей жатканына байланыштырган. Кийин бул билдирүүгө айыпталуучулар жооп берип, Базарбековдун сөзүн четке кагышкан.

6-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берип, айыпталуучулардын башында бирөө турарын, алар башка өлкөнүн элчисинен акча алган маалымат бар деп айткан:

“Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, - деген Садыр Жапаров сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.

Бул ишке айыпталып жаткандарды милиция “бийликти басып алууга аракет кылган” деп күнөөлөп, жетиштүү далилдер бар экенин айткан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташат. Кыргызстанда сын айткан саясатчы, активисттердин жапырт камалышына адам укугу багытындагы эл аралык уюмдар камтамалык билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG