Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

Кесиптик кошуундун 25 жылдан кийин эске түшкөн мүлкү


Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия "Кесиптик кошуундардын мүлктөрү коррупциялык жол менен сатылган" деген бүтүм чыгарды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары да бар экени айтылды. Буга чейин чырга себеп болгон профсоюздун мүлктөрү кимдин колунда?

Парламенттин 21-июндагы жыйынында кесиптик кошуундардын ишин иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыктары менен тааныштырды.

Комиссияны жетектеген депутат Шайлообек Атазов кесиптик кошуундарга тиешелүү объекттердин жарымынан көбү мыйзамсыз сатылып кеткенин билдирди:

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

"Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 298 объектиси болсо, 164тү мыйзамсыз сатылган. Бул 55% түзөт. Бир ууч шылуундардын айынын тонолуп келген. Объекттерди мыйзамсыз алган жөнөкөй карапайым адамдар эмес, алар профсоюздун мурдагы жетекчилери, аты таанымал министрлер, губернаторлор жана депутаттар. Кааласаңар ысымын да атап берем. Депутаттар дегенде мурдагы чакырылыштын депутаттары".

Атазовдун докладынан кийин депутат Алишер Козуев объекттерди мыйзамсыз алгандардын атын ачык айтууга чакырды. Анда Шайлообек Атазов мурдагы депутаттар Султан Урманаев, Камчыбек Жолдошбаев, Туйгуналы Абдраимовду атап, курортторду кесиптик кошуундар уюмунан алганын белгиледи. Бирок кайсы курорттор тууралуу сөз болуп жатканын так айткан жок.

Мындан сырткары, уюмдун карамагындагы мүлктөрдү сатууга "Кадастр" сыяктуу мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо, прокуратура, сот органдарынын да катышы, тиешеси бар экенин маалымдаган.


"Азаттык" жогоруда аты аталган саясатчыларга кайрылып, кайсы мүлктөр тууралуу сөз болуп жатканына кызыкты.

Экс-депутат Султан Урманаев Атазов айтып жаткан мүлк Жалал-Абаддагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган конок үй экенин ырастады.

Урманаевдин айтымында, мүлктү 1998-жылы эле ошол убактагы өкмөт башчылар Балыкчы эт комбинатына аукцион менен саткан, анын акчасы төрөт үйүнүн курулушуна жумшалган. Бирок ошол эле жылы Балыкчы эт комбинаты конок үйүн кайра "Кыргызтрансавто" ишканасына сатып жиберген.

Ал эми азыркы учурда Султан Урманаев Балыкчы эт комбинатынын жетекчиси болуп иштеп жатат. Бирок конок үй сатылып жатканда Урманаев өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турган жана аны сатууга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Султан Урманаев
Султан Урманаев

"Бул ӨКМде турган үй эч кимге тоскоол болбосо, тура берсин деп айттым. Кызматкерлер, өрт өчүрүүчүлөр келип эс алып, ден соолугун чыңдап турса болбойбу" десем, "башыңды оорутуп эмне кыласың, өкмөттүн токтому чыккандан кийин аткарыш керек" деп койду. Макул дедим. Анан кийин аукцион менен сатышты. Анан мен Балыкчыга чалдым (ред. Балыкчы эт комбинатына) "бул жакты аукцион менен сатып жатат, катышып көргүлө, утуп алышыңар мүмкүн дедим. Ким көп акча сунуштаса утат да. Ошентип, Балыкчы эт комбинаты утуп алды. Ал жерде менин фамилиям жок, мен катышкан эмесмин жана катышуум дагы мүмкүн эмес. Балыкчы эт комбинаты илгери эле 1998-жылы "Кыргызтрансавто" ишканасына сатып жиберген. Аукционго катышып сатып алып, кайра сатып жиберип жатпайбы. Мен Балыкчы эт комбинатына өткөн жылы эле директор болдум. 2023-жыл менен 1998-жылдын айырмасы барбы? 25 жыл болуп жатпайбы".

Ал эми Жогорку Кеңештин 6-чакырылышын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Кесиптик кошуундар уюмунан 2000-жылдын башында Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө курулушу токтоп калган бош жерди сатып алганын ырастады.

Камчыбек Жолдошбаев
Камчыбек Жолдошбаев

"Аны мага эмес, "Беш-Сары" фирмасына саткан. Аны алып үй курганбыз. Курулушу токтоп калган, кура албай калган жер болчу аны биз алганбыз. Ал жерге биз үй салып, жүздөй бак тиккенбиз. Ошону көрө албай ичтери күйүп жатат. Бизде пленумдун чечими бар. Аны комиссия чече албайт. Андан бери жыйырма жыл өттү".

Ошондой эле Жолдошбаев жерди сатып алган кезде депутат болбогонун кошумчалады.

Ал эми Атазов атаган экс-чиновник Туйгуналы Абдраимовго байланышууга мүмкүн боло элек. Бирок өткөн жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Туйгуналы Абдраимовду коррупцияга айыптап, камакка алган.

Ага Боршайкомду жетектеп турганда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк үй камагына чыгып, Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен Кыргызстан профсоюздар федерациясына өткөрүп берген.

Кайтарган жердин жана конок үйүнүн баасы 15 млн. 300 миң сомго бааланганы айтылган.

Шайлообек Атазовдун Жогорку Кеңеште айткан сөзүнө караганда, 164 объект мыйзамсыз сатылып кеткен болсо укук коргоо органдары тарабынан болгону 29 кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө гана сотко жеткен. Ал эми 26сы прокуратурадан иши кыскартылган.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Башкы прокуратуранын өкүлү Мирлан Майтпасов сатылып кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мындай деди:

"Кесиптик бирлик - бул коомдук бирлик болуп жатпайбы. Эгерде алар кайрылса, Ички иштер министрлиги, УКМК толук текшерүү жүргүзө алат. Текшерүүнү бир гана ушул бирликтин кайрылуусу менен жүргүзөт. Мындан тышкары, бул объекттер жарандык келишимдин негизинде сатылган, буларды кайтарыш үчүн сотко доо арыз жазыш керек ошол келишимдерди жоюу боюнча. Келишимди жоюу боюнча прокуратура сот органдарына кайрылса, туура эмес болуп калат. Сот доо арызды кабыл албайт. Кесиптик бирлик өзү кайрылса, сот сөзсүз карайт".

Кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамдын 21-беренесинде аталган уюмдун мүлктөрү менчиктештирүүгө жатпай турганы жазылган.

Мындан улам депутаттар укук коргоо органдары ушул беренеге таяп иш козгосо болорун белгилеген. Бирок прокуратуранын өкүлү Кесиптик бирликтер жеке болгондуктан алардын ишине көзөмөл жүргүзө албай турганын кошумчалаган.

Ошондой эле аталган мыйзамдын 4-беренесинде бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алар тарабынан контролдонбойт деп жазылган.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Курулушчулар профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов Кесиптик бирликти реформалоо боюнча пикирлерин байма-бай айтып келет. Бирок реформа кылууга бирликтин башчылары кызыкдар эмес деген пикирде.

"Азыркы учурда тез арада мүлктөрдү сатпоо боюнча мораторий жарыялаш керек. Мүлктөрдү инвентаризация кылуу абзел. Санариптештирүү маселесин киргизүү зарыл. Ал эмнеге алып барат? Айла жок биздин профсоюздарды ачык иштөөгө алып барат. Анан жыл сайын федерациянын өзүндө жана ага тиешелүү мекемелерде финансылык аудит өтүп турушу керек. Жолдомолор боюнча көп маселе айтылып жүрөт. Аларды электрондук кезек кылуу шарт. Ошондо баары көрүнүп турат. Анан бирликтин уставын өзгөртүү керек. Мен бул сунуштарды бир канча жолу айттым. Кийин съездден кийин деди, анда да кылган жок. Убакытты чоюп жүрүшөт".

Кыргызстандын кесиптик кошуундар уюму 1922-жылы түптөлгөн. Мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек укуктарын коргоо үчүн деп түзүлгөн, көптөгөн мүлккө ээ болгон бул уюмдун баштапкы жана тармактык бирикмелери Советтер Союзу маалында активдүү иштеп турган. Ар бир жумушчунун эмгек акысынан профсоюздук эсепке милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөнүп келчү. Өлкө эгемендик алып, рынок мамилесине өтүп, жеке ишканалар пайда болгондон кийин анын актуалдуулугу азайган.

Соңку бир нече жылдан бери Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.

Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов 2022-жылы 2-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан кармалган.

Ага "ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү акчаны өздөрүнө ыйгарып алуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгону кабарланган. Буга чейин Профсоюздар бирлиги эмгекчилердин укугун коргобой эле мүлкү менен мүчөлүк акысын талап-тоногон уюмга айланып калганы тууралуу сөздөр айтылган.

XS
SM
MD
LG