Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Кения: ири дүкөн өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө


Коопсуздук күчтөрү соода борборунун жанында, 24-сентябрь, 2013-жыл
Коопсуздук күчтөрү соода борборунун жанында, 24-сентябрь, 2013-жыл

Чыгыш Африкадагы Кениянын Ички иштер министрлиги борбор калаа Найробидеги “Уэстгейт” соода борбору толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү деген маалымат таратты.

21-сентябрдан тарта шаардын чок ортосундагы ири дүкөнгө куралдуу террордук топ чабуул жасап, жыйынтыгында 60тан ашык адам набыт кеткен. Атышуу дагы деле уланып жатат.

23-сентябрда Ички иштер министрлиги Твиттер түйүнү аркылуу “Уэстгейтте” “барымтага алынган адамдардын баары бошотулду” деп кабарлады. Шейшемби таңга маал да соода борбордо жардыруулар жана ок атышуулар угулуп жатканы кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында, террорчулар граната жана автоматтар менен куралданган.

"Ал-Каидага" байланышы бар коңшу Сомалинин "ал-Шабааб" тобунун 15тей террорчусу 62 адамдын өмүрүн алышты. Кения өкмөтү "ал-Шабаабды" “эл аралык террорчул топ” деп сыпаттады. Набыт болгондордун ичинде 18 чет өлкөлүк жаран да бар: алты британ жана Франция, Канада, Недерланддар, Австралия, Перу, Индия, Гана, Түштүк Африка жана Кытай өңдүү мамлекеттердин атуулдары да “Уэстгейтте” мерт кетти.
“Кениянын Найроби шаарындагы террордук чабуулда жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок”, – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз бөлүмү.

"Ал-Шабаабдын" өкүлү интернетте тараткан билдирүүсүндө Кениянын жана Израилдин атайын күчтөрү “Уэстгейтке” чабуул жасаса, алар барымтага алгандарды ата баштайт деп жазган. Коопсуздук адистеринин айтымында, ири дүкөндө сатылган тамак-аштын көптүгүнө байланыштуу террорчулар бир нече күнгө чейин туруштук бере алышы мүмкүн.

Кениянын тышкы иштер министри Амина Мохамед АКШнын “Пи-Би-Эс Ньюсауэр” телекөрсөтүүсүнө курган маегинде кол салгандардын “экөө же үчөө америкалыктар жана бирөө британиялык аял болушу ыктымал” деди. Министр Мохамеддин айтымында, “америкалыктар 18 же 19 жаштагы уландар” жана “алардын теги сомалилик же араб” болушу мүмкүн, Ал кошумчалагандай, террорчу делгендер АКШнын Миннесота штатынан.
Буга жооп иретинде АКШнын расмийлери террорчулардын америкалык же америкалык эмес экендигин аныкташат. Американын президенти кения тектүү Барак Обама мындай деди:

“Кениялыктарга атаарым, биз сиздер менен биргебиз. Биз кениялыктарга кандай тартип коргоо көмөк керек болсо, анын баарын беребиз. Чыгыш Африкадагы тынчтыктын түркүгү болгон Кения кайрадан калыбына келет деп терең ишенем”, – деди Обама.

Ал эми Кениянын вице-президенти Уильям Руто чабуулду кескин сындап, мындай деди:

“Өзүбүз күбө болгондой, терроризм менен күрөшүү керек. Аны менен ырайымсыз күрөшүү зарыл. Кайсы жерде болбосун, терроризмди жеңүү керек”, – деди Руто.

Британиянын гезиттери маалымдагандай, террорчулардын арасында Саманта Лүтвейт болушу мүмкүн. Теги англиялык Лүтвейт Лондондогу 2005-жылы 7-июлдагы террорчу-жанкечтинин жесири жана “Ак жесир” деген кайман ат менен белгилүү.

"Ал-Шабааб" исламисттик тобу Кения өкмөтүнүн чабуулга катышкандардын арасында АКШнын жана Британиянын жараны бар деген маалыматын төгүндөдү.

Топтун өкүлү "Рейтер" маалымат агенттигине башчылар чабуул уюштургандар менен байланышта болгонун, америкалыктар жана британиялыктар тууралуу сүйлөп жаткандардын маалыматы жок экендигин билдирди.
Бул чабуул 1998-жылдан берки эң көп жоготууга алып келген чабуулдардын бири. "Ал-Каида" 1998-жылы Найробидеги АКШнын элчилигинде уюштурган жардырууда 200дөн ашык адам мерт кеткен. Ал эми Сомали президенти Хасан Шейх Мохамуд "ал-Шабааб" анын өлкөсүнө гана эмес, кеңири эл аралык коомчулукка да коркунуч жаратаарын эскертти.

"Ал-Шабааб", же арабчадан “Жаштык”, 2006-жылы Сомалидеги согуштан кийин түптөлгөн радикалдуу суниттик топ. Аты аталган топ 2010-жылы Уганданын борбору Кампалада футбол таймашы учурунда кош жардыруу жасап, 77 адамдын өмүрүн алган.

Мурда Сомалинин түштүгүн көзөмөлдөгөн "ал-Шабаабды" Африка Биримдигинин бейпилдик күчтөрү элет аймактарына сүргөн. Бейпилдик күчтөрдүн өзөгүн кениялык аскерлер түзгөн. "Ал-Шабааб" шарияттын мыйзамдарын орнотуп, эркектин көзүнө чөп салды делген аялдарды таш менен уруп өлтүрүшкөн жана уурулардын колун кесип салган экстремисттик топ деп сыпатталат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG