Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Бишкектин башкы планы: "Анар-бак" конушунун эли бийликке кайрылды


LOOP ANAR BAK 20 01 2026.mp4

Бишкектеги "Анар-бак" конушунун тургундары бийликке кайрылып, аларга расмий макам берүүнү суранууда. Алар жаңы жасалып жаткан шаардын башкы планына ылайык, конуштун функциясы "аныкталбаган жер" деп белгиленип калганына тынчсызданып жатышат.

Адистер азыркы тапта шаардын планынын концепциясы гана каралып жатканын, ага бир катар өзгөртүүлөр киргизилерин, мэрия бул туурасында так түшүндүрмө бериши керектигин белгилешүүдө.

2018-жылдары Өскөн Ордо конушунун капталында жайгашкан Анар-бак конушунда жер тилкелери сатылып, жер тамдар салына баштаган. Бүгүнкү күндө 400дөн ашык жер үй болсо, анын 200гө чукулу кызыл китеп алган. Бирок жергиликтүү тургундардын негизги көйгөйү - расмий макам алуу болуп турат.

12-январда Бишкек мэриясы жергиликтүүлөрдү башкы пландын концепциясы менен тааныштырган. Анда калктуу конуштар сары түстө белгиленген. Бирок сөз болуп жаткан Анар-бак боз түскө боелуп, функциясы "аныкталбаган жер" жер деп каралган. Бул жагдайдан улам конуштун тургундары тынчсызданышууда. Алардын бири, пенсионер Элмира Медерованын бул жерде жашап жатканына быйыл 6 жылдан ашты. Ал сиңдиси экөө аракет кылып салган тамынын тагдырына түйшөлүп турган кези:

Элмира Медерова
Элмира Медерова

"Ушу 4 сотых жерди сатып алыш үчүн 20 жылдан ашык тынбай иштедим. Пол жуудум, кафеде идиш-аяк жуудум, ал тургай чет жактарга да барып иштеп келдим. Ичпей-жебей тапкан-ташынганыма жер издеп жүрүп, ушул Анар-бактан 4 сотых тапканбыз. Акчам жетпегендиктен сиңдим да акча чыгарып, биригип жер сатып алдык. Үйдү да бирге салдык. Кичинекей эле, үч бөлмөлүү чакан үй салдык да эки капталынан кире бериш жасап, үйдү бөлүп алдык. Мен алтымышка чыгып тапкан жалгыз тамым ушул, башка мүлкүм жок. Өзүңөр көрүп турасыңар, кичинекей ашкана (кухня) менен эле уктоочу бөлмө. Ушул үйгө 2024-жылдын 30-апрелинде кызыл китеп чыгып, Канат Жумагазиев (ошол учурда президенттин Чүй облусундагы өкүлү) өзү салтанаттуу тапшырган. Биз үйүбүзгө катталып, эмкана, бала бакча өңдүү жерлерге барууга укук алып сүйүндүк. Эми "конуш" болот экенбиз деп отурсак, башкы планда биздин макам белгиленбей, аныкталбай турганы бушайманга салды",-деди Элмира Медерова.

Элмира Медерова өңдүү жер алып, үй салгандардын саны бул жерде арбын. Бүгүнкү күндө алардын 200гө чукулунда мүлкүн тааныган кызыл китеби бар. Алар да "калктуу конуш деген статус берилбегенине нааразы.

"Эптеп кичинекей жер болсо да алып, үй куруп жашап аткан элдин үмүтүн өчүргөндөй болуп атат азыр. Болбосо канчалаган эмгек, көз жаш жатат. Ар кимибиздин темселеп жүрүп тапкан-ташыганы бар, маңдай тер, таман акыбыз бар. Жашы-карысы дебей иштегендердин баары ушу жердебиз. Биз деле мисалы канчалаган жылдар бою батирлеп жүрүп, эптеп жерге жетип балдар үчүн деп ушу үйдү салдык эле. Анан эми ушу маселе оң жагынан чечилип калса болмок", - деди Медерова.

Анар-бак конушу. 20-январь, 2026-жыл. Мында 400дөй үй салынган, анын 200ү кызыл китеп алган.
Анар-бак конушу. 20-январь, 2026-жыл. Мында 400дөй үй салынган, анын 200ү кызыл китеп алган.

Орусияда миграцияда жүргөн Гүлгаакы Сыдыкова да макамы расмий тааныла элек бул конуштан 2019-жылы жер алып, пайдубалын куюп, 2024-жылы жер мунапысынын алкагында кызыл китеп алган.

"Балдарым Орусияда иштеп, мен да иштеп атып, жер там салганбыз. Башкы планда алгач "калктуу конуш" деп белгиленип, биз сүйүнүп атсак эле кайра 2026-жылдын январында функционалдык аймагы белгисиз деп чыгып калды. Бул боюнча мэрияга, акимге, губернаторго кайрылганбыз. Алар президенттин алдында түзүлгөн комиссия чечет деп эле тим болушат, башка конкреттүү багыттар айтыла элек. Айлабыз кеткенде тынчтык митингге чыгалы, уруксат бергиле деп кайрылуу жазганбыз, бирок чыккан жокпуз. Бирок утур-утур кайрылуу менен келатабыз, биз "калктуу конуш" деген мурдагы макамыбыз менен калгыбыз келет, ошону бизге расмийлештирип берсин. Себеби биз Чүй облусунан чыгып, шаардын аймагына киргенден кийин көп маселебиз чечилет, мектеп салынып, жолубуз жасалат деп ойлодук эле. Азыр эми баары бүдөмүк бойдон турат".

Конушта мектеп жок болгондуктан балдар Туңгуч жана Рухий Мурас конуштарындагы мектептерден билим алышат.
Конушта мектеп жок болгондуктан балдар Туңгуч жана Рухий Мурас конуштарындагы мектептерден билим алышат.

Конуштун тургундары акча чогултуп, электр жарыгын өз күчү менен тартып алышкан. Сууну ташып ичишет. Конушта бала бакча, мектеп жана ФАП жок. Тургундар 2018-жылдары жерлер сатыла баштаганда конуштун жашыл зонасы каралып, социалдык объектилер салынары да убадаланганын айтууда. Мындагы 300дөн ашык окуучу "Рухий мурас" же Туңгуч конуштарына барып келип окушат. Азыр сарсанаа болгон тургундар башкы пландын концепциясында конуштун макамы өзгөрүүсүз калса эмне болот деген суроого Октябрь акимчилигинен тийиштүү жооп ала албай жатышат. Ал эми МИК аркылуу батир алууга макул эместигин тургундардын бири Нурланбек Чодоев белгиледи.

Нурланбек Чодоев
Нурланбек Чодоев

"Эгер үйүбүздүн ордуна МИК аркылуу батир беребиз, силер жерди бошотуп чыгып кеткиле дей турган болсо биздин элдин ага чамасы жетпейт. Мен мисалы өзүм топтогон акчамды ушу жерге үй салам деп бүт коротком. Ал эми өкмөт биздин ал акчаны элге кайрып бербейт. Элдин баары кредитте отурат, карыздарыбыз да көп. Анан МИКти кантип төлөбүз? Биз ага макул эмеспиз. Карасаңар, баары эле карапайымдардын үйлөрү, заңгыраган бир да хансарай жок. Буга чейин мыйзамга баш ийип көбү салган жок, жөн гана акырын, ызы-чуу кылбай жашап келдик".

Бишкек шаарына караштуу Жеке турак жай куруу департаментинин жетекчиси Уран Мусаевдин маалыматына караганда, бул конушта талаштуу жер тилкелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия жаңы гана иш жүргүзө баштап, анын жыйынтыгы 1-мартта чыгат.

Уран Мусаев
Уран Мусаев

"Азыр атайы түзүлгөн комиссия тийиштүү органдар менен иш алып барууда. Келечеги кандай болорун комиссия карап, чечим чыгарып берсе, биз ошого жараша иш алып барабыз. Буга чейин жер мунапысынын алкагында мамлекеттик акт алгандар кооптонуп атат, бирок алардын багыты өзгөрбөйт, алар жерди кызыл китепте көрсөтүлгөндөй колдоно беришет. Болгону президенттин жарлыгына ылайык иштеп баштаган комиссия бош турган жерлер боюнча чечим чыгаруусун күтүп жатабыз".

Конушка газ тартылып же суу чыккан эмес. Жергиликтүүлөр сууну коңшу конуштардан ташып келип ичет.
Конушка газ тартылып же суу чыккан эмес. Жергиликтүүлөр сууну коңшу конуштардан ташып келип ичет.

Мурда Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Ишенбай Кадырбеков жогоруда сөз болгон Анар-бактын тургундарына тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди. Адистин айтымында, азыр башкы пландын концепциясы гана каралып жаткандыктан документ бекигиче ондогон өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Башкы план азыр бүтө элек, ал жок. Аны Санкт-Петербургдун илимий изилдөө институту жасай элек, алар болгону келечектеги башкы пландын концепциясын жасаган. Андан тышкары шаардын чек арасы көрсөтүлө элек, себеби Бишкектин тургундарынын саны 25 жылдан кийин дагы 550 миң кишиге көбөйөт. Ал учурда 300 миңден ашык киши жумушсуз болот. Ошондуктан аларга жумуш берип, башка да шарттарды түзүп, анан мектеп, бала бакча деген социалдык маселелерди чечүү керек. Башкы пландын чек арасына кирбей калыптыр деген курулай эле сөз. Мүмкүн 1 жылда же 1,5 жылда бүтөт, ал чоң долбоор, эсеби чоң. "Калктуу конуш" деген макам берилбей калды деп коркпош керек. Себеби шаар келечекте 1 млн 250 миң кишиден 1 млн 940 миңге көбөйүп атат. Мэрия башкы пландын концепциясы гана каралып атат деп түшүндүрүү иштерин жүргүзсө туура болмок. Ал эми ар бир райондун элин чогултуп, тааныштырып атканы кичине туура эмес болуп атат, эл ошондон адашууда".

"Калктуу конуш" макамын алуу үчүн жергиликтүү тургундар буга чейин бир нече жолу Октябрь акимчилигине жана Бишкек мэриясына кайрылган.
"Калктуу конуш" макамын алуу үчүн жергиликтүү тургундар буга чейин бир нече жолу Октябрь акимчилигине жана Бишкек мэриясына кайрылган.

Бишкектин башкы планы 2006-жылы түзүлүп, 2025-жылы анын иши аяктаган. Жаңы башкы пландын концепциясын Санкт-Петербург шаар курулуш илимий-изилдөө институту даярдап жатат. Башкы план Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет, анда 2050-жылга чейинки мөөнөт камтылат.

"Анар-бак" конушунун келечеги кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:46 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG