21-январда кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы тапшырылды.
Еврокеңештин билдирүүсүндө Абдирасулованын Борбор Азиядагы “адам укуктарынын системалуу бузулушун ачыкка чыгаруудагы теңдешсиз аракеттери”, өзгөчө абактагылардын укуктарын, жарандардын эркин чогулуу укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөштөгү талбас эмгеги жогору бааланганы белгиленет.
Страсбургда сыйлык тапшыруу салтанатында Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Абдирасулованын эрдигине жана ынтызарлыгына, тобокелдикке карабай адамдардын фундаменталдуу укуктарын коргоого берилгенине басым жасады.
“Кыргызстандагы биринчи көз карандысыз укук коргоочулардын бири катары Азиза Абдирасулова унчукпай отурбай, кыйноо жана негизсиз кармоолор болгон учурларды такай документтештирип жүрдү. Жогорку деңгээлдеги геосаясий өзгөрүүлөр жана кризистер өкүм сүрүп турган маалда Раул Валленберг атындагы сыйлык укук коргоочуларга кайрадан көңүл бурдурат".
Берсе укук коргоочу коркутууларга жана куугунтукка моюн сунбаганын белгиледи.
Ал Абдирасулова түптөгөн “Кылым шамы” уюму адам укуктарын бузуу учурларын ашкерелегенин, жапа чеккендерге укуктук жардам бергенин, өлкөнүн ичинде жана сыртында таанылганын кошумчалады.
Абдирасулова сыйлыкты алып жатып, “Раул Валленбергдей эле мен үчүн да ар бир куткарылган өмүр эң кымбат... Укук коргоо ишмердигим профессионалдуу тажрыйбаны гана эмес, жеке каармандыкты талап кылган. Кыйноолорго күбө болгон сайын жабыркагандарга колуман келишинче жардам берүүгө аракеттенгем" деди.
Валленберг атындагы сыйлык 2014-жылдан бери Швециянын бийлиги жана Венгрия парламентинин демилгеси менен эки жылда бир жолу тапшырылат. Будапештте иштеген швециялык дипломат Валленберг Экинчи дүйнөлүк согуш маалында макамынан пайдаланып, он миңдеген жөөттү Холокосттон куткарып калган. Аны 1945-жылы советтик армия кармаган соң дайынсыз кеткен.
Шерине