Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айбек Артыкбаев өлкөнүн Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлык президенттин сайтына 21-январда жарыяланды.
Ушул эле күнү президенттин дагы бир жарлыгынын негизинде Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулуп, Монголиядагы элчи болуп дайындалды.
50 жаштагы Айбек Артыкбаев Монголияга элчи болуп 2023-жылдын июлунда дайындалган. Ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.
Ал эми Айбек Молдогазиев 52 жашта, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2024-жылдын декабрынан тартып кызматка киришкен. Ал да бул кызматка дайындалганга чейин тышкы иштер министрине орун басар болгон.
Шерине