Айрымдар балдарын Орусияда окута албай калса, кээ бири айласыздан өлкөдөн чыгып кетүүдө. "Азаттык" Орусиядагы басым-кысым шартында балдарын алыстан сагынып жашаган энелердин, мектепке бара албай калган өспүрүмдөрдүн жана мекенине кайтууга аргасыз болгон мигранттардын тагдырын баяндайт.
- Апа, кандайсыз?
- Жакшы, жаным. Интернетим иштебей жатпайбы…
- Биз азыр чай ичкени отурдук.
- Жаным десе… Тамак жасадыңарбы?
Орусияда иштеген Элмира ушинтип жашы жете элек балдарына Ватсап аркылуу утур-утур чалып, кабар алып, жалынып-жалбарат.
Өспүрүмдөр Нурдин менен Жеңиш Бишкектеги батирлердин биринде өткөн жайдан бери жалгыз жашайт.
Бир тууган ага-ини Орусияда ата-энеси менен чогуу жашашчу. Алар экөө тең ошол жакта мектепте окуган. Бирок өспүрүмдөр мектепте мигранттардын балдарына болгон басым-кысымдын айынан мекенине кайтып келүүнү туура көрүшкөн.
"Орусияга баргыбыз келбегенибиздин себеби - ал жакта улутчул адамдар көбөйдү. Классташтарыбыз “чурка”, “жылчык көз” деп кемсинтишет. Ошол үчүн Орусияга баргыбыз деле келбей калды. Кыргызстанда эле окуп, патриот болсок дейбиз. Апабыз келип калса сүйүнөбүз. Келсин батырак дейбиз. Батир алып, бир үйдө чогуу жашасак… Ошол эле… Апам иштеп, биздин батирге төлөйт. Кыргызстанда маяна чоң да эмес, аз да эмес. Бирок жетпейт. Биздин үй-бүлөбүз чоң да. Төрт балабыз".
Элмира 37 жашта, бала-чакасы менен 16 жылдан бери Орусияда мигрант болуп жүрөт. Эки баласы минтип Кыргызстанда болсо, эки кенжеси өзүнүн жанында. Үй-бүлөсү экиге бөлүнүп, балдарынан алыста экенине жүрөгү ооруп турган эне көз жашын кармай алган жок:
"Баарын таштап салып, Кыргызстанга кетким келет. Анан өзүмдү жубатам, балдарыма дагы айтам. “Үй эле болсо мен силер менен чогуу болмокмун” дейм. Бул жакта эки балам бар, эс алуу күндөрү аларга жакшы тамак жасайсың. Жакшы тамак жеп жатканда балдарым Кыргызстандан видео менен чалса албайм. Анткени алар эмне жеп жатат деп сарсанаа болом, ойлоном. Энесиң да, жан дүйнөң аңтарылат. Баланы ойлойсуң, Кыргызстанда иштеп жүрө берсем балдарым окубай калчудай. “Апа, мен сизге жардам берем. Мен окубай эле коеюн” дешти. Кыйналганда, батирдин акчасын төлөй албай калган учурларда “Окубай эле коеюнчу, сизге жардам берейинчи” деп айтышат. Бирок мага жардам бердиртип алардын балалыгын уурдагым келген жок."
Элмира күйөөсү менен Москвага кайтып барганда кичүү балдарын мектепке бере албай убара тарткан экен. Документтеринин баары туура болуп, балдары орус тилин билип турса да мектепке такыр кабыл алынган эмес. Айласы кеткен ата-эне Татарстандан жумуш таап, ошол жакта кичинекейлерди эптеп мектепке киргизип, жашап калыптыр.
Орусия 2022-жылы февралда Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачкандан кийин борборазиялык мигранттарга кысым-басымды күчөтүп, ар кандай жол менен аларды майданга тартууну улантууда. 2024-жылкы "Крокус сити холлдогу" кандуу кол салуудан кийин текшерүү ого бетер көбөйүп, мигранттар үчүн Орусияда жашап-иштөө шарттары кыйла кыйын болуп калган.
2025-жылдын апрель айынан тартып мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен сынак тапшыруу талабы киргизилген. Бул ал жакта жашап-иштеген миңдеген мигранттын балдарына билим алууга тоскоолдук жаратты. Мигрант балдардын дээрлик көпчүлүгү орус тилинен тесттен өтө албай, мектепке бара албай калды. Рособрнадзордун маалыматында былтыр сентябрда Орусияда чет элдик мигрант балдардын 87,5% мектепке кабыл алынган жок.
Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин мигрант балдардын тил билүүсүн текшерүү окуу процессин шайкеш жүргүзүүгө, ар бир баланын мектеп программасын ийгиликтүү өздөштүрүшүнө багытталганын билдирген:
"Мигрант балдардын орус тилин билгенин текшерүү класстагы окуу процессин ырааттуу жүргүзүүгө, ар бир баланын социалдык жактан ыңгайлашуусуна жана мектеп программасын ийгиликтүү өздөштүрүүсүнө багытталган. Бул талаптар биринчи кезекте окуу процессин шайкеш жүргүзүүнү, балдардын коомго аралашуусун жана билимди толук өздөштүрүшүн камсыздоону көздөйт. Орус тилин билбестен бул максаттарга жетүү мүмкүн эмес".
Айжамал үй-бүлөсү менен Москванын четинде турат. Анын жети жарым жаштагы кызы мектепке барбай үйдө отурат. Жеткинчекти “орус тил экзаменинен жеткиликтүү баа ала алган жок” деген жүйө менен мектеп кабыл алган эмес. Азыр ал өзүнөн кичүү курактагы балдар менен бала бакчага барып жатыптыр. Ипотекага үй алып алган анын ата-энеси ушул тапта эмне кылышты билбей, башы катып турган чагы:
"Кызым Кыргызстанда жүрүп, бул жакка келип, экзаменден өтө албай калса мейли дейт элем. Бул жерде 3-4 жылдан бери балдар бакчасына барчу. Эки жашынан бергем. Азыр жетиге чыкты. Ошондо беш жыл барды. Балдар бакчасы жаныбызда эле. Тобундагы балдардын баары сентябрда мектепке барганда ичим ачышты. Энесиң да, балаң үчүн күйөт экенсиң. Балдар бакчасына барбаса тескөөчү милиция сурап жатат. “Балаңар кайда? Балаңар эмне кылып жатат?” деген суроону берип жатат. Кетейин десем бул жакта эки кызым менен эки балам окуйт. Кичүү кызым балдар бакчасына барат. Үйүм бар".
Дагы бир мигрант эне Салкын эки жылдан бери кыздарын мектепке бере албай, айласыздан улуусун Кыргызстандын билим берүү министрлиги ачкан “Тунгуч” онлайн мектебине берип, кичүүсүн жеке мектепте акча төлөп окутуп жатыптыр:
"Биринчи жолу 2024-жылы үйдүн жанындагы мектепке барганбыз. “Экзаменден өттү, сонун, келе бергиле” деген. “Болуптур” деп биз кийим, керектүү нерсенин баарын алдык. 1000 рублдан экөөнө гүл алдым. Жолдошум экөөбүз кыздарды жетелеп, төртөөбүз мектепке бардык. Дарбазадан киргизбейт. Кадимки дарбазадан. “Орун жок” дейт. Кыздарым унчукпай эле карап калышты. Өзүбүздүн жер эмес экенин түшүнүп турдук. Кыргызстанда калтырайын десем, кимге калтырам? Калтырганга адамым жок. Мен ишенген адам жок. Атасы экөөбүз чогуу тарбиялайлы дейбиз да".
Орусиядагы мындай катаал шарттардан улам мигранттардын өтүнүчү менен Кыргызстандын билим берүү министрлиги 2025-жылдын сентябрь айынан тарта “Тунгуч” онлайн мектебин ишке киргизген. Онлайн платформа 5-класстан 11-класска чейинки окуучуларга ылайыкташкан. Анда мигранттардын балдары, майып балдар, спорттук чемпионаттардан улам чет өлкөлөргө чыккан балдар, мурун мектепти бүтө албай калгандар кабыл алынат. Азыркы тапта мында 2457 окуучу катталып, билим алууда.
"Өлкөлөрдү алсак, бул жерде, өзүңүздөр көрүп тургандай, жарандык боюнча статистика. Мигрант болуп, башка өлкөдө жүрсө да Кыргызстандын жараны болгондуктан Кыргыз Республикасынын жараны деп көрсөтүлүп турат. Бирок, байкасаңыздар, башка өлкөлөрдөн да 1-2ден жаран бар. Балдар Америкадан, Италиядан окуганы киришет. Орусияны алсак, учурда 884 бала ал жактан кирип окуйт. Аларды биз бул жерден карап турабыз", -деди “Тунгуч” онлайн мектебинин директору Айсулуу Жамангулова.
Жамангулованын айтымында, онлайн мектептин программасы Кыргызстандын жалпы билим берүү системасынын негизинде түзүлгөн. Платформадан балдар окуу материалдарын алып, тапшырмаларды аткарып, мугалимдер менен тыгыз байланышта.
Балдардын сабактарды көрүп, окуганына жараша баа коюлуп, чейрек чыгарылат. Бул онлайн мектепти аяктаган окуучу кадимки мектепти бүткөндөй документ алса болот.
Миграция маселелери боюнча иш алып барган адис Рахат Шералынын айтымында, Орусияда 2-3 жылдап мектепте окубай, үйдө отурган балдар көп. Анын айтымында, азыркы тапта канча бала билим ала албай жатканы тууралуу так статистикалык маалымат жок.
"Бул дүйнөлүк практика. Эч бир мамлекетте андай дискриминация болбошу керек. Бирок биз Орусияны билебиз, мыйзам түрүндө бир нерсени айтса, практикада башка нерсени кыла берет. Тилекке каршы, аларга айта турган адам жок. Азыркы учурда мыйзам түрүндө бала толук түрдө тесттен өттү дейли, документтеринин баарын дайындады дейли, бирок практикада мектепке албай жатат. Бул биринчи кезекте мигранттарга болгон дискриминация жана ксенофобия. Мектептерге “Бир класста чет элдиктердин саны 10% ашпашы керек” деген талап коюлуп жатканы да айтылууда. Бул дегеле адам укуктарын бузуунун, дискриминациянын оор түрү деп ойлойбуз".
Орусиядан соңку маалда балдарын мектепке бере албай убара тарткандардын көпчүлүгү айласыздан үй-бүлөсү менен мекенге кайтып кетип жатканын айтышат.
Айгүл Орусиядагы миграцияны жыйыштырып, мекенине кайтып келе берген жүздөгөн мигранттын бири. Күйөөсү экөө мигрант болуп жүрүп тапкан бир бөлмөлүү батирине былтыр кышында үч баласы менен көчүп кирген.
"Биз кайрадан эле мигрант жашоосун баштап жатабыз. Үйрөнүп, көнүп, изилденип... Эмне бар, каякта эмне бар, ким бар, эмне кылса болот деп. Биз ал жакта болуп, бул жакта деле бөтөн адамдай болуп калат экенбиз. Кыйынчылыктар болду. Баламды ызы-чуу менен эптеп мектепке киргиздик. Бирок 5 ай жумуш жок жаттык. Жолдошум үйдө болду. Азыр, Кудайга шүгүр, иштеп жатат. Согуш башталгандан тартып мигранттарда тынчсыздануу пайда болду. Себеби ал убакта бункерлер бул даректе, тиги жакта деп, биздин үйлөрдүн жертөлөсүн даярдаган учурлар болду. Суу алып кирип, биринчи кезекте аял менен балдарды киргизебиз деген маалыматтар тарады. Карасак, тааныш эле адамдар “үйлөрдүн жертөлөлөрүн тазаладык” деп, сүрөт, видео жиберип коюшат. Бизде ошол убакыттан тарта тынчсыздануу пайда болду. Согуш болгон өлкөдө иштеп жүрүү кооптуу деп айтсам болот. Биз абал аябай курчуган кезде келип калыптырбыз, былтыр кышка жакын келдик".
35 жаштагы Айгүл күйөөсү экөө балдарын эркин, адам укугун сыйлаган өлкөдө чоңойтууну кыялданганын айтат. Уулу азыр Бишкектеги мектептердин биринде 5-класста окуп жатат. Кыздары эки жана беш жашта. Балдардын атасы эртеден кечке жумушта экен. Айгүл өзү да жакын арада кыздарын балдар бакчасына берип, иш менен алек болсом деп ниет кылууда.
Ошентип, миграциянын кесепети бир гана иш издеп кеткен ата-энелерге эмес, алардын мекенде калган же чет өлкөдө кошо жашап жаткан балдарына да таасирин тийгизүүдө. Билим алуудан четтеп калган, коомдон обочолонгон, басым-кысымга туш болгон балдар катаалдаган миграциялык саясаттын эң аярлуу катмары болуп калды.
Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизген соң ал жакта эмгектенген мигранттардын саны дээрлик эки-үч эсе кыскарды. Мурун орус жергесинде, бейрасмий маалымат боюнча, миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөн болсо, азыр 341 миңдейи гана калды.
Шерине