Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Орусиялык генералдын өлүмү: Ахмаджон Курбонов өмүр бою абакка кесилди


Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбонов Басман райондук сотунда. 19-декабрь, 2024-жыл. Москва.
Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбонов Басман райондук сотунда. 19-декабрь, 2024-жыл. Москва.

Орусияда сот генерал Игорь Кириллов менен жардамчысы Илья Поликарповду өлтүрүү үчүн Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбоновду өмүр бою абакка кести жана бир миллион рубль айып пул салды. Азербайжан жараны Роберт Сафарян 25 жылга эркинен ажыратылды, ингушетиялык Батухан Точиев жана Рамазан Падиев 22 жана 18 жылга кесилди жана айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу маалыматты РБК таратты.

Аларга террордук уюм түзүү жана ага катышуу, теракт даярдоо, мыйзамсыз жардыргыч заттарды жүгүртүү жана жардыруучу жабдыкты жасоо айыбы тагылды.

Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысы менен жардамчысы 2024-жылдын 17-декабрында Москвада аралыктан башкарылуучу жабдык менен жасалган жардыруудан каза тапкан.

Москвада ашпоз болуп иштеген Курбоновду орусиялык атайын кызмат жарылуудан бир күн өткөндөн кийин кармаган. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматы боюнча ал "украин күчтөрүнүн 100 миң доллар төлөйбүз деген азгырыгына алданган".

Тергөөчүлөр "өзбек жараны бомбаны генерал жашаган үйдүн жанында турган самокатка койгон, Сафарян аны жардыруучу жабдык менен камсыздаган Точиев менен Падиев батир берген" деп айтууда.

РБК жазгандай, Курбонов күнөөсүн мойнуна алды. Калгандары сотто анын пландары тууралуу кабары болбогонун билдиришти.

Украин маалымат каражаттары атайын кызматтагы булакка таянып, генерал набыт болгон жардырууну Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын жазышкан. "Украинская правда" маектешкен кишинин «украин аскерлерине каршы тыюу салынган химиялык курал колдонуу буйругун берген Кириллов согуш кылмышкери жана мыйзамдуу бута болчу» деген сөздөрүн жазган.

Кол салуунун алдында украин атайын кызматы генерал химиялык курал колдонуу кылмышына шек саналып жатканын билдирген.

Орусиялык жана айрым өзбекстандык эксперттер ал кылмышка өзбекстандык жарандын айыпталып жатышы суроо жаратарын, ал абакта кыйноо көрүшү "толук ыктымал" экенин белгилешкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG