Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Казак чек арасындагы "мыйзамсыз мигранттар"


Кыргыз-казак чек арасынан өтүп жаткан мигранттар
Кыргыз-казак чек арасынан өтүп жаткан мигранттар

Казакстандык укук коргоочулар казак чек арачылары кыргыз мигранттарын атайылап кылмышка түртүп жатканын айтып чыкты.

Ош шаарында өткөн жумада миграция көйгөйлөрү боюнча катарынан эки талкуу өттү. «Бир дүйнө Кыргызстан» уюму уюштурган жыйынга мигранттар маселеси менен алектенген казакстандык укук коргоочулар да катышты.

Казакстандык укук коргоочу Айна Шорманбаеванын айтымында, кыргызстандык мигранттар Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында орус, беларус жана казак жарандары менен бирдей укукка ээ. Бирок кыргыз мигранттарына болгон бут тосуулардан жана билимсиздиктен улам көбү мыйзамсыз мигрантка айланып жатканын ачыкка чыгарды.

- ЕАЭБга мүчө болгон мамлекеттердин бардык жарандары бирдей укукка ээ. Бул үчүн чек арадан өтүп бараткан учурда башка өлкөгө кирүү максатын так көрсөтүү керек. Жеке максат болсо жеке максат, эмгектенүү болсо эмгектенүү деп эле жазыш керек. Мына ошондо гана кыргызстандык жарандар Орусия жана Казакстанда ЕАЭБнын жеңилдиктеринен пайдаланып, эмгектенүүгө уруксат албай эле иштей алышат. Бирок кыргызстандыктар казак чек арасынан өтүп жаткан учурда казак бажычылары миграциялык карточкага эмгектенүү максатын жаздырбай, жеке максатта деп жазууга мажбурлап жатканы тууралуу маалымат көп түшүп жатат. Кыргызстандыктар ага карабай миграциялык карточкага эмгектенүү максатын так жазуу керек. Болбосо анын кесепети оор болуп жатат.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова кыргыз мигранттарынын абалы ЕАЭБга киргенден кийин да оңолбой жатканын сынга алып, абалды жөндөө үчүн кыргыз бийликтери өзү гана күрөшүүсү керектигин айтты.

- Биз мигранттарыбыздын укуктарын коргойбуз десек, Орусия жана Казакстандагы элчиликтерди күчтөндүрүшүбүз керек. Анткени бул эки өлкө тең аябай чоң. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы жана Казакстандагы элчиликтеринде беш-алтыдан эле киши иштейт. Бул көйгөйдү биз өзүбүз чечпесек, бизге башка эч ким чечип бербейт.

Ошто өткөн дагы бир талкууга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бийлик өкүлдөрү чогулушту. Ал жыйында да мигранттардын медициналык жардам алуу, балдарын окутуу, эмгектенүү укуктары кабыл алуучу өлкөлөр тарабынан бузулуп жатканы ЕАЭБга киргенде да оңолуп кетпегени айтылды. Ал тургай Орусиядагы мигранттар кармалган аталган жайлардагы шарттын катаалдыгынан өз жанын кыйган фактылар катталып жатканы айтылды.

ЕАЭБ: “Ак-жолдо” дале тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Талкуунун уюштуруучуларынын бири Эркин Абдразаков ЕАЭБнын алкагында мигранттардын укугун коргоо үчүн Миграция министрлигин кайра күчтөндүрүү өкмөткө сунушталганын билдирди.

- Кыргызстандын элинин миллиондон ашык жараны башка өлкөлөрдө эмгектенип жүрсө, биздин өкмөт каражатты үнөмдөйбүз деп Миграция министрлигин кыскартып салды. Алардын аймактарда аткарып жаткан иштери азыр ара жолдо калды. 700 миңдей адам Орусиянын жарандыгын алган. Бул деген өлкө коопсуздугуна доо кетириши мүмкүн. Ошондуктан миграция саясатын акылдуулук менен жүргүзүшү керек. Бүгүнкү жыйында аймактардагы бийлик өкүлдөрүнөн Миграция министрлигин калыбына келтирүү боюнча көп сунуштар түштү. Ал сунуштардын баары кагаз бетинде калып кетпесин деп, резолюция кабыл алдык. Анын баары өкмөткө, парламентке сунушталат.

Чек арада кезек күткөндөр
Чек арада кезек күткөндөр

Учурда Орусия жана Казакстанда бир миллионго чукул кыргызстандык эмгек миграциясында жүрүшөт.

Мигранттардын эмгегинен көп пайдаланып жаткан Казакстан жана Орусия мигранттардын укуктары тууралуу эл аралык конвенцияларга кол койбой келет. Анткени ал келишимдерге кол коюу кабыл алуучу өлкөлөрдү каржылык чыгымга түртөт. Кыргызстан болсо бюджети үнөмдөө деген жүйө менен былтыр Миграция министрлигин кыскартып салган.

XS
SM
MD
LG