Анын кайсы жерде жазасын өтөрү азырынча белгилене элек. Башкы штабдын офицери Казакстанда соттолгону коомдо кызуу талкууланып, муну эки өлкөнүн ортосундагы саясий мамилеге байланыштыргандар да чыкты. Ошол эле учурда күч кызматкерлеринин арасында баңгизат менен шугулдануу жат көрүнүш эмес экендиги айтылып жүрөт. Буга чейин "баңгизат соодасы менен алектенди" деген негизде күч түзүмдөрүнүн бир нече кызматкери кармалганы белгилүү.
Казакстандын Кордай райондук соту Кыргызстандын Башкы штабынын подполковниги Үсөнбек Арстановду жарым жылга камоо тууралуу чечим чыгарганын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттык” радиосуна ырастады:
- Алматыдагы башкы консулдугубуз берген маалыматка караганда, Кыргызстандын 1983-жылы туулган жараны Үсөнбек Арстанов коңшу өлкөнүн Кылмыш кодексинин 286-296-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган деген негизде алты айга кесилген. Ал беренелер баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, тыюу салынган мындай каражаттарды алып жүрүүгө тиешелүү.
Башкы штабдын подполковниги Үсөнбек Арстановго Казакстанда "чек арадан баңгизат алып өтүүгө аракеттенди" деген кине коюлууда. Казак тарап ал 15-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде "1,5 грамм гашиш менен колго түштү" деп кабарлаган.
Арстанов Кыргызстан курамына кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Орусияда, Казакстанда жана Арменияда эки жума бою өткөн “Боордоштук-2017” машыгуусуна катышып кайтканда кармалган. Коопсуздук боюнча жергиликтүү айрым талдоочулар ошол кездеги чек арадагы абалды жана эки мамлекеттин алакасы сууп кеткенин эске алып, подполковник атайылап тузакка түшүрүлгөн деп эсептеп жатат. УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Талант Разаковдун баамында, Казакстанда камакта отурган аскер кызматкеринен табылды деген баңгизаттын көлөмү да көптөгөн соболдорго жем таштоодо:
- Ошол кезде абал башка эле. Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жакшы эмес болчу. Мындай учурда ар кандай күмөндүү суроолор жаралбай койбойт. Биздин элчилик барып, ак-карасын териштирип койсо болмок. Анткени ак жерден күйүп да кетиши мүмкүн. Суроо жараткан иш болуп калды. "1,5 грамм баңгизат менен кармалды" деп атышат. Бул аз көлөм. Аны атайылап таштап коюшу деле ыктымал.
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков да бул пикирди кубаттады. Ал Башкы штабдын офицеринин кармалышы боюнча мамлекет жеткиликтүү аракет көрбөй жатат деп эсептейт:
- Муну бир тараптуу айтыш кыйын. Эгерде подполковник чынында ЖККУнун жыйынынан кетип жатса, анда "баңгизат менен кармалды" дегенге шек менен караш керек. Чет мамлекеттин чек арасынан өтүп жатып баңгизат алуу офицерлердин оюна да келбесе керек. Менде атайын жасалган деген ой пайда болуп жатат. Офицер болгондон кийин, Башкы штабда иштегенден кийин мамлекет өз жаранын алып чыкканга бардык аракетин жасашы керек болчу. Тышкы иштер министрлиги, өкмөт, парламенттин тиешелүү комитети, Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы катары президент иштеши керек эле. Алып чыккандан кийин гана иликтеп, ошонун негизинде талдап көрүш керек да. Мен бир тараптуу айта албайм. Бирок менде офицерлер чоң жыйындарга баратканда мындай терс иштерди жасабайт деген чоң ишеним бар. Тилекке каршы, биздин өкмөт, депутаттар унчукпай отурганы таң калтырат. Мындай мамиле офицерлердин келечекке болгон ишенимине да терс таасир этиши ыктымал.
Маңзат ташыган чекисттер кармалды
Маңзат ташыган чекисттер кармалды
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева болсо Казакстанда камакта отурган офицер менен дипломаттардын кездешүү аракеттеринен майнап чыкпай жатканын маалымдады:
- Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери казак тарапка кайрылып, биздин жаран менен жолугушууга аракет көрүп жатышат. Адвокаты жана туугандары менен дайым байланышып турушат. Бирок жолугушуу аракеттери азырынча натыйжа бере элек.
Кыргызстанда баңгизат соодасын жүргүзүү күч органдарынын кызматкерлери үчүн кадыресе көрүнүшкө айланганы да айтылып жүрөт. Жакында эле Улуттук гвардиянын Токмоктогу "Пантера" атайын бөлүгүнүн офицери "60 грамм марихуана сактады" деген айып менен эки айга тергөө абагына камалган. Ага чейин Ысык-Көл районунда баңгизат ташуу боюнча шектелген топтун биринен ИИМдин күбөлүгү табылган. Былтыр Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин баңгизат соодасы менен алектенген кызматкерлери героин сатуу боюнча айыпталып колго түшкөн. Мындай көрүнүштөр Куралдуу күчтөрдө да кездешип жатканын белгилеген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков муну кадр тандоодогу мүчүлүштүктөр менен байланыштырды:
- Офицерлерди ишке кабыл алып жатканда карап көрүш керек. Кээде мурункудай тандабай эле тааныш аркылуу же кээ бирөөнүн буйругу, суранычы аркылуу алып коюп атпайбызбы. Мунун баары сөзсүз түрдө өзүнүн терс таасирин тийгизет. Мурун анын ким экенин, кайда иштеп, эмне менен алектенгенин иликтеп анан ишке алышчу. Тарбия, тандоо, окутуу иштери да кылдат жүргүзүлчү.
Кыргызстан - наркотрафик боюндагы өлкөлөрдүн бири. Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизат Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европа жана башка аймактарга ташылары айтылып келет.
Кыргыз бийлиги туура бир жыл мурун баңгизатка каршы күрөш тармагында реформаларга барган. Ага ылайык өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы толугу менен жоюлуп, бул милдет Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.
Бийлик бул кадамды аталган органдын ишинин натыйжалуу болбогону, күч түзүмдөрүндөгү бирин бири кайталаган мекемелерди азайтуу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Ошону менен катар "өзгөрүүлөр баңгизат ташууга каршы күрөшкө терс таасир этет" деп ал чечимди сындагандар да болгон.