Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Саратовдогу мунай заводуна кайра сокку урулганы кабарланды


Украинанын дрондору 3-ноябрга караган түнү Саратов мунайды кайра иштетүүчү заводуна чабуул койгонун маалымат каражаттары жергиликтүү тургундарга таянып жазып чыкты.

Соккулар тууралуу расмий кабарлана элек. Мунай заводу жайгашкан аймакта дүйшөмбүгө караган түнү жарылуулар болгонун Саратовдун тургундары билдиришкенин ASTRA Телеграм каналы жазды. Шаарда сирена жаңырып, аэропорттун иши убактылуу токтогон.

Кийинчерээк украиналык Supernova+ каналында соккунун кадрлары деген видео тарады. ASTRAнын талдоочулары менен Dnipro Osint сокку Саратовдогу мунай заводуна урулганын аныктаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү украиналык 60тан ашуун учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн, анын 29у Саратовдо жок кылынганын жарыялады.

"Роснефть" компаниясына таандык Саратов мунай заводу буга чейин бир нече жолу дрон соккусуна кабылган. Акыркы жолу 16-октябрда сокку урулганы маалымдалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG