Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:15

"Суукта карылар менен балдар кыйналды". Төө-Ашуудагы тыгын


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар жааганына байланыштуу 16-октябрга караган түнү Бишкек-Ош автоунаа жолунда тыгын пайда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, токтоп турган машиналардын саны миңге чукулдаган.

ӨКМдин саат 10:30га карата берген маалыматында Төө-Ашууда Оштон Бишкек тарапка багыты боюнча жеңил автоунаалар өткөрүлө баштаган.

Жолду эки тараптуу ачуу аракети жүрүп жатканы жазылган.

Кечкурун Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашууда жеңил автоунааларга коюлган чектөө алынды.

Ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө сакталууда. Бул тууралуу 16-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ошондой эле Таластагы Өтмөк ашуусунда жеңил унааларга жол ачылган.

Учурда ашуудагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

“Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратууда. Ал эми жолдогу майы түгөнгөн автоунааларга күйүүчү май берилүүдө”, - деп жазылган маалыматта.

ӨКМ оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан жол тыгыны пайда болгонун билдирди.

ӨКМ билдиргендей, жолдогу карды тазалоо үчүн №9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, эки грейдер, эки жүктөгүч, үч самосвал тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Ички иштер министрлигинен 12 кызматкер, төрт экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Бишкек – Ош автожолунун 129-132-чакырымдарында - Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан 15-16-октябрда жол тыгыны жаралган. Мындан улам ашууда 1000ге жакын машине токтоп калган.

Оштон Бишкекке жол тартып, тыгында калган Азамат Абсаттаров буларды айтты:

“Биз кар жаайт деген эскертүү болгону үчүн даярдык менен жолго чыкканбыз. Төө-Ашууга келгенибизде тыгын пайда болуптур. Бир аздан кийин эле автоунаалар чогулуп жатып, Суусамырдан баштап, Төө-Ашуунун жогору жагына чейин жетип калды. Ошондой абалда кеч кирип, ошол жерде түнөп калууга туура келди. Тыгын жайкы дөңгөлөгү менен жүргөн жүк ташуучу автоунаалардын айынан пайда болду. Каршы тилкеге чыккандары тыгынды ого бетер көбөйттү. Бийик жерде болгону үчүн машинедеги карыялар, балдар кыйналышты. Майы түгөнүп калбасын деп автоунааны жылытпай, үшүгөндөр да болду. Тыгында тургандар бири-бирине жардам берип жатты. ӨКМдин кызматкерлери эртең менен келип, жолду тазалай баштады”, - деди Абсаттаров.

Ашуудагы тыгындын пайда болушуна айрыкча жүк ташуучу унаалардын жайы дөңгөлөк менен жолго чыкканы себеп экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да билдирди.

Буга байланыштуу жолго чыга турган айдоочуларды дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну эскертип, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

ӨКМ "Сосновка" жана "Арал" өткөрмө жайларында жылынуу пункттары уюштурулуп, жарандарга ысык тамак берилип жатканын маалымдады. Баткенден Бишкекке каттаган айдоочу Авазбек алты сааттан бери Токтогулда кезек күтүп турганын айтып берди.

“Биз арт жагында эле турабыз. Алды “Аралдагы” постко чейин кетсе, арты Кара-Көлгө жетип калды окшойт. Машине көп, санап болбойт, жолдо үч катар болуп турабыз. Тамак-аш жок, бул жердеги дүкөндөрдө жада калса нан да калбады”.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Сосновка” жана “Арал” өткөрмө пункттарында автоунаанын бардык түрүнө кирген чектөө алына электигин билдирди.

“Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы жол тыгынды жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жук ташуучу автоунаалар жараткан. Ошондой эле, каршы тилкеге чыккан транспорт каражаттары жолчулардын ишине бир топ тоскоолдуктарды алып келди. Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго чыгуудан карманып турууга чакырат”, - деп жазылган маалыматта.

ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөр, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик адамдарды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырды. Ошондой эле автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, тамак-аш жана дары-дармек алууну сунуштаган.

XS
SM
MD
LG