Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

АКШдагы Нурдин: "Бороондон коркуп, үйгө кайттык"


Флориданы "Милтон" бороону каптды

АКШнын Флорида штатында “Милтон” бороонунан улам эки миллиондон көп киши коопсуз жактарга чыгарылса, миллиондон ашуун үй-жай жарыксыз калды. Азырынча эки киши набыт болгону кабарланды. "Азаттык" Кошмо Штаттагы кыргызстандыктар менен байланышып, кырдаалды сурады.

"Милтон" бороону 10-октябрдын түнүндө АКШнын Флорида штатын каптады. Катуу жаанга кошул-ташыл болгон шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жетип жатты. Сарасота, Сиеста-Ки, Сент-Питерсберг сыяктуу шаарлар көбүрөк жабыркады. Сент-Питерсбергдеги Tropicana Field деген стадиондун чатыры талкаланды.

Tropicana Field стадионду
Tropicana Field стадионду

Poweroutage.us долбоору Флоридада эки миллиондон ашуун турак-жай жана ишкана электр жарыгысыз калганын аныктады.

"Милтон" жээкке жеткиче эле штатты 20га чукул торнадо каптады. Бир нече киши каза болгонун Сент-Люст аймагынын шерифи Кит Пирсон билдирди. Ал санын тактаган жок.

"Милтон" жээкке жеткенден кийинки коркунуч 2-категорияда деп бааланды.

Бороон-чапкынга Саффир-Симпсон шкаласы менен берилчү категориялар:

1-категория - шамалдын ылдамдыгы саатына 119-153 чакырымга жетет. Анча-мынча кыйроолор болот.

2-категория - шамалдын ылдамдыгы саатына 154-177 чакырымга жетет. Олуттуу кыйроолор болот.

3-категория - шамалдын ылдамдыгы саатына 178-220 чакырымга жетет. Үйлөргө, турак-жайларга олуттуу залакасын тийгизет.

4-категория - шамалдын ылдамдыгы саатына 209-251 чакырымга жетет. Бак-дарактар тамыры менен жулунат. Чатырлар учат, олуттуу кыйроолор болот.

5-категория - шамалдын ылдамдыгы саатына 252 чакырымдан ашат. Дээрлик бардык имараттар талкаланат. Жол каттамы бузулат.

Авиакомпаниялар 1900дөй каттамды токтотту. Бир нече шаарларда май куюучу станцияларда бензин жок экени кабарланды.

Кооптуу аймактардан 2 миллиондон ашуун адам чыгарылып, бул штаттын тарыхындагы эң ири эвакуация болуп калды.

"Милтон" бороонунун кесепети. Форт-Майерс. 9-октябрь, 2024-жыл.
"Милтон" бороонунун кесепети. Форт-Майерс. 9-октябрь, 2024-жыл.

Огайо штатында жашаган Нурдин Конокбаев 8-октябрда Флоридага иштер менен барып калып, кан жолдогу узун тыгындарга кабылганын "Азаттыка" айтып берди.

"Биз ал жакта бороон-чапкын болот деген эскертүүлөрдү эмнегедир этибар албай барып алыптырбыз. Баргандан кийин эле кайра артка кайтканга туура келди. Ал жакта буга чейин бороон-чапкындардын издери дагы эле кете элек экен. Аны чатырлары жок үйлөрдөн, буюм-тайым эмеректердин сыртка чыгарылганынан байкай алдык. Жергиликтүүлөр коркуп калган экен. Дүкөн, май куюучу станциялардын терезелерин жыгачтар менен бекитип жатканын көрдүк. Коопсуз шаарларга чыгып кетүүнү көздөгөндөр абдан көп болгондуктан жолдордо 400 чакырымга созулган тыгындарга күбө болдук", - деди журтташыбыз.

Жергиликтүү тургундар эки жума мурда аймакты каптаган "Хелен" бороонунан кийин толук үй-жайына кайта элек.

26-сентябрда Мексика булуңунда Флориданын жээгинен башталган бороон-чапкын Жоржия, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Теннесси жана Алабама штаттарына чейин жетип, үч күндөн кийин басылган.

"Хелендин" кесепетинен улам үйлөр, жолдор кыйрап, инфраструктура жабыркаган, алгачкы күндөрү 3,5 миллиондой адам электр жарыгысыз калган. Анда жалпысынан 230 кишинин өмүрү кыйылган.

Бул жолу аймак бийлиги элге катуу эскертүү жасады.

"Хелен" маалында жөн гана сокку алсаңар, бул жолу нокаут болот. Аймакта калсаңар, өлүмгө дуушар болосуңар. Чыгып кетишиңер керек, дароо чыгып кетишиңер керек" - деди Пинеллас аймаганын өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысы Кэти Перкинс.

"Милтон" бороонунан талкалаган турак-жай. Форт-Майерс шаары. 9-октябрь, 2024-жыл.
"Милтон" бороонунан талкалаган турак-жай. Форт-Майерс шаары. 9-октябрь, 2024-жыл.

Калкы 7,5 миллионго жеткен Флориданын бийлиги беш миллиондой кишини коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырды. Алар кетпей калгандар өз камын өзү көрөрүн, куткаруучулар бороон-чапкында башкаларды аман алып калам деп өз өмүрүн тобокелге салбашы керектигин эскертишти.

Ошентип кооптуу аймактардан 2 миллиондон ашуун адам чыгарылып, бул штаттын тарыхындагы эң ири эвакуация болуп калды.

Флориданын түндүк-батышындагы Дестин шаарында жашаган дагы бир мекендешибиз Жаңылбүбү Маматова кырдаал туруктуу экенин "Азаттыкка" телефондон айтып берди.

"Азыр таңкы саат алты. Тышта катуу муздак шамал болуп жатат. Бул жакка бир аз эпкини эле жетпесе, бороон-чапкындын өзү жеткен жок. Жергиликтүү бийлик калкты коопсуз аймактарга чыгып кетүүгө, болбосо мектеп имаратында баш калкалоого чакырды. Себеп дегенде, мектеп кызыл кирпичтен салынып, урап калуу тобокелдиги азырак экен. Бул жакта негизинен үйлөр жыгачтан курулгандыктан, аларды катуу шамал тез эле учуруп кетет".

Адистер климаттын өзгөрүүсүнөн улам бороон-чапкын маалында жаан-чачындын көлөмү көбөйүп, шамалдын ылдамдыгы тездегенин белгилешет.

"Биз климаттын өзгөрүүсү жана абага бөлүнгөн уулуу заттардын кесепттери тууралуу айтканда, аны азыркы алааматтан көрүп жатабыз. Мына ушундай бороон-чапкын маалында дагы жаан-чачындын көлөмү кескин көбөйдү. Маселен, "Хелен" бороону болгондо климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаан-чачын 20% көп болду. Шамалдын ылдамдыгы 5-7% тездеди. Ошондуктан бул бороон-чапкындын күчү да мурункудан катуураак болуп калды. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаан-чачын көбөйүп, суу ташкын каптап, жай узак жана кургак болуп, мындан улам токойлордо өрт да көбөйдү" - дейт табигый кырсыкка даярдык көрүү боюнча эксперт Жеффри Шлегельмильх.

Бороондон улам АКШ президенти Жо Байден Германия менен Анголага пландалган сапарын жылдырууга аргасыз болду. “Милтонго” байланыштуу Канаверал тумшугундагы Кеннеди атындагы космодромдун иши да үзгүлтүккө учурады.

АКШда "Милтондун" айынан миллиондой үй-жай жарыксыз калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

XS
SM
MD
LG