Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Аштиани айым журналисттерден тажады


Сакине Мохаммади Аштиани
Сакине Мохаммади Аштиани

Сакине Мохаммади Аштиани айым маалымат каражаттарынан анын тынчын албай, жалгыз калтырууну өтүндү.

Сакине айым никесиз эркек менен жашаган жана күйөөсүн өлтүргөн деп айыпталып, 2006-жылы саңсар кылып өлтүрүүгө өкүм кылынган. Сакине айымды абактан чыгаруунун демилгечилери 43 жаштагы аял бийликтин кысымы астында берегидей билдирүү жасады дешет.

Сакине Мохаммади Аштиани айымдын никесиз жыныстык катнашка барды деп айыпталып, ташбараңга алынып өлтүрүүгө өкүм болуусу Батышта кызуу талкууну жараткан. Атүгүл сексенден ашуун таанымал артисттер, илимпоздор жана саясатчылар Сакине Аштианиге эркиндик берүүнү сурап, Тегеранга кайрылышкан. Катаал өкүм эл аралык коомчулуктун кысымы астында токтотулганы менен, 43 жаштагы Аштиани дарга асылып өлтүрүлөт деген коркунуч дале күчтүү.

Сакине айым 2-январда Тебриз шаарында журналисттерди чакырып, маалымат каражаттарын анын жеке турмушуна кийлигишпөөгө үндөдү: “Менин үнүмдү угушуңарды каалайт элем. Бу ишти татаалдантып, менин абалымды оорлотуп жиберген германиялык кабарчыларга кайрылам. Алар эмне үчүн журналист катары келишкен?”

Германиянын “Bill” жана “Sonntag” жумалыктарынын журналисттери былтыр 10-октябрда Тебризде Аштианинин уулу жана адвокатынан интервью алгандан кийин кармалып, ошондон бери абакта. Удаа эле Сакине айымдын уулу Сажад Кадерзаде да кармалып, декбарда 40 миң доллар күрөө пул төлөнүп, түрмөдөн чыккан.

Иран бийликтеринин айтышынча, германиялык журналисттер өлкөгө туристтик виза менен киришкен жана Аштианинин үй-бүлөсү менен журналист ирети жолугушкандан мурда каттоодон өтүшкөн эмес.

Аштиани айым 2-январда эки уулу менен нанүштө кылган соң кабарчыларга интервью бергени үчүн абакта эч кандай зобун тартпаганын айтты:”Мен бардык интервьюну өз ыктыярым менен бергем, эч ким мени мажбурлаган эмес. Азыр да мен өз ыктыярым менен сүйлөдүм. Мени эч ким уруп-сабаган жок. Мындай сөздөрдүн баары калп”.

Ушул эле күнү эртең менен дал ушул жайда Аштианинин уулу журналисттерге интервью берип, апасынын жазасы өзгөртүлчүдөй болуп турганын билдирген.

Бирок ташбараңга алып өлтүрүүгө каршы күрөшүп жүргөн Мина Ахади эки баланын энеси Сакине айым жекшемби күнкү билдирүүнү чоң кысым астында жасады деп эсептейт. Германияда жашаган Мина Ахади былтыр ноябрда Аштиани айым бейкүнөө жерден өлүп кеткени турганын эл аралык коомчулукка биринчи болуп айтып чыккан.

Иран өкмөтү “Аштианинин иши - таза юридикалык маселе” деп актанууда. Бирок өкүмдүн статусу жана качан аткарылары беймаалым. Демейде Иранда жаза аткарылгандан кийин гана ал тууралуу коомчулукка билдирет.

Жекшемби күнү германиялык таанымал 100 инсан, анын ичинде тышкы иштер министрни Гидо Вестервелле Иран өкмөтүнө кат жолдошуп, эки немис журналистти абактан бошотууну өтүнүштү. Суранычка ырасмий Тегеран өз жообун айта элек.

XS
SM
MD
LG