Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Иран менен АКШ бири биринин аскерин «террорчу» атады


Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери.

Вашингтон Ирандын тандалма аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныды.

Кошмо Штаттар башка бир мамлекеттин бир бөлүгүн террордук уюм катары биринчи жолу таанып отурат. Вашингтондун чечимине Тегеран дароо жооп кайтарып, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын жана анын бөлүктөрүн террордук уюм деп тааныды. Ислам революциясынын сакчылар корпусу - 40 жыл мурунку ыңкылаптан кийин түзүлгөн жана өлкөнүн саясий түзүмүндө таасири чоң.

«Биринчи жолу Кошмо Штаттар башка бир өкмөттүн бир бөлүгүн террордук уюм катары атады. Бул Ирандын аракеттери башка мамлекеттердикинен кыйла айырмаланарын көрсөтүп турат», - деди АКШнын президенти Дональд Трамп 8-апрелде билдирүүсүндө.

Трамптын сөзүндө «Иран террордук ишмердүүлүктү колдогону үчүн Вашингтон Тегеранга каржылык басым жасоону улантары» да айтылат.

Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео Ак үйдөгү басма сөз жыйынында «Ислам революциясынын сакчылар корпусун бүт дүйнө боюнча террордук аракеттерди уюштурат жана ишке ашырат» деп сыпаттады:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

«40 жылдан ашык убакыттан бери Ислам революциясынын сакчылар корпусу террордук ишмердикке жигердүү аралашып, башка да террордук топторду түзүп, колдоп, багыттап келатат. Ал расмий аскердик мекеменин атына жашырынып алган, бирок биздин эч кимибиз баёо болбошубуз керек. Уюм куралдуу жаңжалдардын эрежелерин тынымсыз бузуп келатат. Ислам революциясынын сакчылар корпусу бүт дүйнө боюнча террордук аракеттерди уюштурат жана ишке ашырат».

«Ирандын лидерлери - революционерлер эмес, кылмышкерлер» деген Майк Помпео Вашингтондун чечими Иран «мыйзамсыз жүрүм-турумун» токтотушу үчүн АКШ мүмкүн болушунча ага басым кылууга даяр экенин көрсөтө турганын кошумчалады.

Кошмо Штаттар Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен кызматташкан ондогон уюмдарды жана адамдарды кара тизмеге буга чейин эле киргизген, бирок уюмдун өзүнө биринчи жолу кайырмак салды.

Чечим бир жуманын ичинде күчүнө кирерин айткан мамлекеттик катчы Майк Помпео бардык банктарды жана ишканаларды Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен кызматташуудан оолак болууга чакырып, чечимге баш ийбегендердин АКШдагы активдери камакка алынарын эскертти.

Ирандын жообу

Ирандын президенти Хасан Роухани Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүү тууралуу Кошмо Штаттардын чечимин айыптады.

9-апрелде телевидение аркылуу кайрылуусунда Роухани Вашингтондун бул кадамын «катачылык» деп атап, Кошмо Штаттарды «дүйнөлүк терроризмдин чыныгы лидери» деп атады.

«Революциялык институттарды террордук уюм деп атагандай силер кимсиңер?» - деп суроо салган Роухани Кошмо Штаттар тескерисинче террордук уюмдарды аймактагы мамлекеттерге каршы колдонууну каалап жатканын билдирди.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ага чейин Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши Вашингтондун кадамын «мыйзамсыз жана аңкоо чечим» деп атап, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын жана анын бөлүктөрүн террордук уюм катары тааныган. Мындай сунушту тышкы иштер министри Жавад Зариф киргизген.

АКШнын Борбордук командачылыгы Ортоңку Чыгышта, Чыгыш Африкада, Борбор Азияда, анын ичинде Йеменде, Ооганстанда, Иракта, Сирияда жана Пакистанда америкалык аскерлерди башкарат.

IRNA мамлекеттик агенттигинин кабарлаганы боюнча, Иран Кошмо Штаттарды «терроризмдин мамлекеттик демөөрчүсү» деп да атады.

Вашингтондун чечимин Тегерандын аймактагы атаандашы, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кубаттап, «ал биздин өлкөлөрдүн жана аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылат» деп билдирди. Ошол эле кезде Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф «Нетаньяхунун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган америкалык расмий адамдар АКШны сормо сазга батырып жатат» деп зекиди.

АКШ Иранды жана анын тандалма аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусун «Сириядагы, Ирактагы, Ооганстандагы, Ливандагы туруктуулукту бузуп жатат» деп айыптап келет.

Мындан 40 жыл мурунку ыңкылаптан кийин Иранда ашынган шиит динаятчыларынын режими орноп, Ислам революциясынын сакчылар корпусу түзүлгөн. 150 миңдей аскери бар жана курамына деңиз, аскер-аба күчтөрү да кирген тандалма бөлүк өлкөнүн коопсуздугуна жооп берет. Мындан тышкары ал Ирандын экономикасынын ири тармактарын көзөмөлдөп, өлкөнүн саясий түзүмүндө таасири чоң. Ал Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге түз баш ийет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG