Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Роухани Ислам революциясынын сакчылар корпусу боюнча АКШнын чечимин сынга алды


Ирандын президенти Хасан Роухани. 9-апрель, 2019-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани. 9-апрель, 2019-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүү тууралуу Кошмо Штаттардын чечимин айыптады.

9-апрелде телевидение аркылуу кайрылуусунда Роухани Вашингтондун бул кадамын «катачылык» деп атап, Кошмо Штаттарды «дүйнөлүк терроризмдин чыныгы лидери» деп атады.

«Революциялык институттарды террордук уюм деп атагандай силер кимсиңер?» - деп суроо салган Роухани Кошмо Штаттар тескерисинче террордук уюмдарды аймактагы мамлекеттерге каршы колдонууну каалап жатканын билдирди.

Бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ирандагы таасирдүү Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныганын жарыялаган.

Мамлекет башчынын билдирүүсүндө «Иран террордук ишмердүүлүктү колдогону үчүн Вашингтон Тегеранга каржылык басым жасоону улантары» айтылат.

Айрымдар мындай кадам кас мамиледеги чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүн АКШнын куралдуу күчтөрүн жана чалгын кызматтарын да террордук уюм деп таанууга түртүшү мүмкүн экенин эскертип жатышат.

9-апрелдеги жыйында Иран парламентинин мүчөлөрү «Америкага өлүм!» - деген ураандарды чакырышты.

XS
SM
MD
LG