Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Электрди үнөмдөө сунушу: кышта жарык өчпөйбү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда негизги энергетика булагы болгон Токтогул суу сактагычында 1-декабрга карата 11,5 млрд метр куб суу бар.

Бул былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн метр кубга аз. Энергетика министрлиги элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, жарыкты сарамжал пайдалануунун жолун сунуштап жатат. Быйыл энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Өкмөт муну энергетика тармагын жакшыртуу үчүн зарыл чечимдерди ыкчам кабыл алууну жеңилдетүү зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, аны сарамжал пайдалануу жолун сунуштап жатат.

Мекеме электр энергиясын аз талап кылган лампаны колдонуу жылына 170 кВт/саатты үнөмдөй турганын билдирип, элди бөлмөдөн чыгып баратканда жарыкты өчүрүп, телевизор, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп турууга чакырууда.

Ушу тапта Кыргызстанда негизги энергетика булагы болгон Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн метр кубга аз суу топтолду.

Ал эми суу сактагычка кирген суунун бир суткадагы орточо көлөмү 200 метр куб болууда. Чыккан суу 350 метр кубдун айланасында. Былтыр ушул маалда суу сактагычка кирген суунун бир суткадагы орточо көлөмү 180 метр кубдун айланасында болгон. Чыккан суу 550 метр кубдун тегерегинде болуп жаткан. Быйыл суунун аз короп жатканы күндүн салыштырмалуу жылуу болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун сайтынан алынган скрин сүрөт. 1-декабрь, 2023-жыл.
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун сайтынан алынган скрин сүрөт. 1-декабрь, 2023-жыл.

Кышында жарык өчөбү?

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев авариялык учурлар гана болбосо, электр энергиясы өчүрүлбөй турганына ишендирүүдө:

"Элибиз кабатыр болбошу керек. Бирок кээде, электр от казандары эртең менен анан кечинде көп колдонулган учурларда электр чубалгыларга оор келбей койбойт. Ошол кезде биз жабдыктарды сактап калыш үчүн жөнгө салуучу чараларга өтөбүз. Мисалы, бир аба чубалгысына жүк көбөйүп кетсе, башкага которобуз. Былтыр дагы ушинтип абалды жөнгө салып, элибизди кыштан алып чыкканбыз".

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган.

2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелген. Ал эми өндүрүү быйыл 14 млрд кВт/саат болот деген божомол болгон. Калган 3 млрддан ашык кВт/саатты импорт аркылуу жабууга туура келери айтылган.

"Токтогул" ГЭСи
"Токтогул" ГЭСи

Азыркы учурда Кыргызстан энергетикадагы тартыштыкты жабуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиядан дагы электр энергиясын сатып алып алып жатканын энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев ырастады:

"Ал боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн, маселе болбойт. Быйылкы 2023-жылды жапсак, 2024-жылдын башынан баштап сүйлөшүлгөн көлөмдөгү электр энергиясын импорттойбуз".

"Токтогул ГЭСи жазында коркунучка кептелиши мүмкүн"

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев суу аз топтолгондуктан жазга барып Токтогул ГЭСине күч келет деп чочулап турганын айтууда.

Анын пикиринде, кыш чилдеде коңшу өлкөлөрдүн өзүндө электр тартыштыгы жаралса, анда Кыргызстандагы негизги оордук баары бир Токтогул ГЭСине түшөт:

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

"2024-жылы 1-апрелде Токтогул суу сактагычында 6,5 млрд метр куб суу калышы мүмкүн. Бул көрсөткүч өтө коркунучтуу, эмнеге дегенде 6 млрд метр куб суу калгандан кийин суу сактагычтан агрегатка суу барбай, ГЭС токтоп калышы мүмкүн. Мындан кийин ылдый жакта жайгашкан Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери толук кандуу иштебей калат. Бул энергетика, улуттук коопсуздукка чоң таасир этиши мүмкүн".

Акыркы жылдары энергетикалык каатчылык бир эле Кыргызстан эмес Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да жаралып келет.

Көмүр маселеси кандай?

Кыргызстандагы жооптуу жетекчилер Бишкек менен Оштогу отун менен иштеген жылуулук электр борборлору көмүр менен толук камсыздалганын айтып жатат.

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жылдык керектөөсү 1,2 млн тоннаны түзөт. Борбордун директору Улан Сапаров кышка даярдык тууралуу буларды айтты:

"Көмүр убагы менен келип жатат. Кампада толуп турат. Графиктен калган жокпуз. Кышкыга даярдануу болгон, ремонт иштери азыр дагы жүрүп атат. Аварияга жол бербегенге аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө 309 миң тонна көмүр бар. Бул графиктин негизинде күн сайын кирип турат".

Энергетика министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда калктын жана мамлекеттик мекемелердин көмүргө болгон керектөөсү 1 млн 276,0 миң тонна деп бааланса, ушул күнгө чейин жеке жарандар үчүн 739 миң тонна, бюджеттик мекемелер үчүн 189 миң тонна ташылып келип, даяр болгон. Министрдин орун басары Атабек Абылгазиев өлкө боюнча көмүр саткан 753 түйүн иштеп жатканын айтып, таңкыстык жок экенин билдирди.

Соңку жылдардагы кургакчылык, суунун аз топтолушу электр энергиясын өндүрүүнүн кошумча булактарын дагы издөөгө аргасыз кылууда. Ушу тапта Ысык-Көлдө 1 ГВт күн электр станциясын куруу боюнча Кытай инвесторлору менен макулдашылды.

Мындан сырткары, кыргыз өкмөтү өз күчү менен Бала-Саруу, “Куланак” ГЭСтерин кура баштаган, ошондой эле Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн инвесторлорду издеп жатат.

"ГЭС курууга көп каражат, убакыт кетет"

Экономика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Темирбек Акматалиев дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөрдү эске алганда, мындан ары суу көйгөйү жарала берерин айтып, ГЭСтердин курууга басым жасабай, көмүрдөн электр энергиясын алуу жагын караштыруу керек деп эсептейт:

"Кара-Кече жана Өзгөндөгү көмүр базасында эки чоң жылуулук электр борбору керек. Биринчиден, алар тезирээк курулат, экинчиден, биздин керектөөнү жабат эле. Албетте, азыр жашыл экономика деп, аба бузулат деп жатабыз, бирок айла жок. Аны үстүнө азыркы технологиялар менен зыяндуу заттарды азайтсак болот. Ал эми ГЭСти куруу үчүн убакыт дагы, каражат дагы көп кетип жатат".

Быйыл 24-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген. Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул электр кубатын кошумча иштеп чыгууну ыкчамдатуу, инвесторлорго тийиштүү шартты жеңилдетүү максатында кабыл алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG