Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:51

ЖК саламаттык сактоо министри кызматына Чечейбаевдин талапкерлигин колдоду


Эркин Чечейбаев.
Эркин Чечейбаев.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 5-февралда Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдугун берди. Парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Чечейбаев саламаттык сактоо тармагында негизги төрт багытта иш алып барарын айтты.

Бул багыттар өзгөчө системалуу коррупцияга каршы күрөшүүгө, калкты дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылууга, өлкө аймагында медициналык мекемелерди курууга жана жабдууга көңүл буруу экенин белгиледи.

Депутаттар саламаттык сактоо тармагындагы кадр тартыштыгын жоюу, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармек менен камсыздоо, жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүнү күчөтүү жана эл аралык уюмдар аркылуу бул тармакка инвестиция тартуу маселелерине көңүл бурууну сунуштады.

Мындан сырткары эл өкүлдөрү ооруканалардын ишин санариптештирүү, жаш кадрлардын кесиптик дараметин жогорулатуу, жеке лабораториялардын тейлөө кызматынын баасын арзандатуу, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл департаментин реформалоо зарылдыгын белгилешти.

3-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетип, ушул эле күнү Эркин Чечейбаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бейшеналиев отставка тууралуу чечимди президент Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айткан.

Чечейбаев 1974-жылы 16-ноябрда туулган. Буга чейин Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеген. Бишкектеги медициналык академияда жана Маастрихт университетинде билим алган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG