Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Гонконг: мектепке чейин жеткен нааразылык


Гонконгдогу нааразылык акцияларынын бири. 25-август, 2019-жыл.
Гонконгдогу нааразылык акцияларынын бири. 25-август, 2019-жыл.

Гонгонгдун Кытайга баш ийген бийлигине каршы нааразылык акциялары уланып жатканына үч ай болду.

2-сентябрда жаңы окуу жылы башталганына карабастан, негизги бөлүгүн студенттер түзгөн демонстранттар эки жумалык мөөнөткө сабактарга бойкот жарыялап жатышат. Аларга мектеп окуучулары да кошулду. 1-сентябрда ондогон авиакаттамдар да үзгүлтүккө учураган.

Гонконгдо жогорку класстардын окуучулар да 2-сентябрда, жаңы окуу жылы башталган биринчи күнү өкмөткө каршы демонстрацияларды колдоп, сабактарга бойкот жарыялашты. Шаардагы Кытай университетинин жана бир катар мектептердин жанына демонстранттар чогулду. Алар колуна «Келечек туңкуюкта турганда сабакка кирүүнүн өзү туура эмес» деген сыяктуу жазууларды кармап турушту.

Үч ай мурда башталган, демократиялык маанидеги ураандарды көтөргөн нааразылык акцияларын негизинен жаштар уюштуруп жатат.

«Бул митингдерге кошулуп жатып мен коомдо баарын өзгөртүп салайын деген оюм жок. Бирок мени чыгууга мажбур кылган жана баарына айткым келген нерсе, биз үмүткө толгон жаштарбыз, ошондуктан биз колдооңуздарды жана жардам берүүңүздөрдү каалайбыз», - деди 15 жаштагы окуучу Адамска Чан.

Гонконгдо алгачкы демонстрациялар Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоого жол ачкан мыйзамга каршы үч ай мурда башталган. Бийлик бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну талап кылышууда. Ошондой эле үч ай аралыгында Гонконгдун атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетиши, демонстранттарга күч колдонгон полиция кызматкерлеринин ишинин иликтениши, камалагандардын бошотулушу сыяктуу башка да талаптар кошулду.

Алар бизди Гонконгго, анын элине таасир этет деп коркушат.

«Алар биздин бул митингдерге кошулуубузду, сабактарга бойкот жарыялашыбызды каалашпайт. Алар бизди Гонконгго, анын элине таасир этет деп коркушат. Негизинен коомдо элдин көбү бизди колдоп жатат. Анткени өкмөт биздин негизги беш талабыбызга кулак салбай келатат», - деди 15 жаштагы окуучу Дерек Ло​.

Гонконгдун билим берүү министри Кевин Юнг «Мектептер саясий талаптардын жана басым көрсөтүү жайы болбошу керек» деп эскертти:

«Биз мектептер окуучулар үчүн бейпил, тынч жана иреттүү жай болушун каалайбыз. Биз бул кырдаалга көз салып турабыз. Эгер зарылчылык болсо, биз мектептерге колдоо жана сунуштарды бергенге даярбыз».

2-сентябрда эртең менен демонстранттар өз нааразылыгын метро станцияларынын ишин үзгүлтүккө учуратуу менен да билдирип жатышты. Беткап кийип, поезддердин жүрүшүнө тоскоол болгон жаштарды полиция кызматкерлери кармап, уруп жатканын да көрүүгө болот.

«Коомдо башаламандык болуп жатат, демонстранттар зордук-зомбулукка барбашы керек. Алар өкмөт менен сүйлөшүүгө тийиш, ошол эле кезде элдин тынчын албашы зарыл», - деди Ли аттуу Гонконгдун тургуну.

Кытай бийлиги нааразылык акцияларын уюштуруп жаткан демонстранттарды кескин сынга алып, алардын жүрүм-турумун «террорчулукка жакын» деп мүнөздөп жатат.

1997-жылы Гонконг Британиянын үстөмдүгүнөн бошонуп, Кытайдын башкаруусуна кайтарылган. Ортодогу макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишпеши керек. Бирок гонконгдуктар 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кытайдын Коммунисттик партиясы макулдашууну бир канча ирет бузганын айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG