"Элдин үнүн баса албайсыңар". Стамбулдун мэрине жаңы айып тагылды
Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуна жаңы айып тагылды. Президенттин негизги оппоненти эми саясий тыңчылыкка күнөөлөнүп жатат. Мартта коррупцияга шектелип кармалган саясатчы июлда Стамбулдун прокурорунун "беделине шек келтирип, коркуткан" деген кине менен бир жыл сегиз айга кесилген. Имамоглу дооматтарды четке кагууда. Мэрден тышкары жаңы иш боюнча анын шайлоо өнөктүгүн жетектеген Нежати Өзкан жана Tele1 оппозициялык телеканалдын башкы редактору Мердан Янардаг айыпталып жатат.
Шерине