Орусияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым Телеграм каналдар 29-октябрга караган түнү мунай ишканалары украин дрондорунун соккусуна кабылганын маалымдап жатышат. Бутага Москва аймагы, Марий-Эл республикасында, Ульяновск облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводдор жана Ставропол крайында химиялык ишкана алынганы кабарланууда.
Украиналык Exilenova+ Телеграм каналы Буденновск шаарында "Ставролен" химиялык заводу, Марий-Элде мунай иштетүүчү завод (бул аймак Украинадан 1000 чакырым алыс жайгашкан) өрттөнүп жаткан видеолорду жарыялады.
Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских учкучсуз учактардын чабуулу болгонун тастыктады. Ставропол крайынын губернатору Владимир Владимиров дрон менен сокку уруу аракети болгонун, эч ким жабыркабаганын билдирди.
Москванын мэри Сергей Собянин шаршембиге караган түнү шардын чет жакасында украиндердин жети дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Росавиация мекемесинин буйругу менен Москвадагы Домодедово, Жуковский жана Шереметьево аэропортторунун, ошондой эле Калуга, Волгоград, Саратов, Самара, Пенза, Ульяновск шаарларынын аба майдандарынын ишинде убактылуу чектөө болду.
Өлкөнүн Коргоо министрлиги 28-октябрдын кечиндеги маалыматында Украинанын 57 дрону жок кылынганын, арасында Москваны көздөй учуп бараткандары да болгонун кабарлаган.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө. (RK)
Шерине