“Каримов менен Назарбаевдин атаандаштыгына да күбө болгом”
Eurasianet эгемендиктин алгачкы жылдарында Борбор Азияда кызмат өтөгөн америкалык дипломаттардын эскерүүлөрүн басып чыгарууда. Бул ирет АКШнын Ташкенттеги жана Астанадагы мурдагы элчиси Жорж Кролл Өзбекстандын жана Казакстандын биринчи президенттери Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев тууралуу баяндаган. Дипломат ал кызматка дайындалганда эки кубаттуу лидер тең автократтарга айланганын белгилейт. Ал Ташкентке 2011-жылы, ал эми Астанага 2015-жылы элчи болуп барган.
Элчинин айтымында, өлкөсүн сырткы кийлигишүүдөн, душман деп санагандардан оолак кармоону көздөгөн, ачуусу чукул Каримов менен АКШнын мамилелери оңой эмес болчу. Президент Вашингтон аны бийликтен кетирүүнү, адам укуктарын бузганы үчүн жоопко тартууну көздөйт деп эсептечү.
Ал эми Казакстанды АКШ региондо өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп билип, Назарбаевди урматтачу. Анын өкмөтү Казакстанды прогрессивдүү, чет элдик бизнеске меймандос мамиле кылган, демократияга бет алган өлкө катары көргөзүү үчүн бир топ аракет кылган.
Кролл эки президенттин өз ара атаандаштыгын да сүрөттөп, өзгөчө Каримовдун казакстандык жетекчиге кас маанайда болгонун, аны мунайдын эсебинен ири державалар менен достошууга умтулган саясаттагы жаңы киши деп санаганын жазат.
Элчи өзбек президентине ишеним грамоталарын тапшырган күндү эскерип, азем аяктагандан кийин Каримов аны өзүнчө бөлмөгө алып барып маектешкенин баяндаган. Өзүнө кезек келгенде өзбекче жаттап алган бир нече сүйлөмдөн баштап, “эң улуу урматтуу, улуу даражалуу” деп кайрылган экен. “Муну айтар замат Каримов колун шилтеп, сөзүмдү бөлдү. Анан: “Өзбекчеңиз жакшы, бирок мага минтип экинчи кайрылбаңыз. Мындай кооз сөздөрдү тажик президенти Рахмон өңдүү кишилер үчүн сактап коюңуз. Ага бул жагат. Мен жөнөкөй адаммын. Президент мырза деп айтсаңар жетиштүү”, - деп айтты. Ортодогу муз эриди”, - деп улантат Кролл.
Дипломат Каримовго урмат көрсөтүп, түшүнгөн, юморлуу мамилеси менен анын каардуу мүнөзүн жумшартууга жетише алганын, бул аркылуу адам укуктары жана башка татаал маселелердин үстүнөн иштөө мүмкүн болгонун айтат.
Автор Ташкенттеги кызмат мөөнөтү соңуна чыгып жаткан маалда президенттин үй-бүлөлүк бир маселесине күбө болгонун баяндаган. “Бир күнү Каримовдун тун кызы Гүлнара АКШда туулган эки баласы менен элчиликке келип, мени менен шашылыш жолугушуу зарылдыгын айтты”.
Versace, Gucci үлгүлөрүн кийинген Гүлнара өз жашоосун, кыйынчылыктарын узун-узун, эки сааттай сөз кылып, аягында атасы менен кездешүүнү уюштуруп берүүнү өтүнүптүр. Анын айтымында, энеси менен сиңдиси Каримов менен жолуктурбай жаткан. Кролл президентке кызынын өтүнүчүн жеткиргенин, эртеси Гүлнара рахматын айтканын жазат.
“Кийин ал жолугушуу жакшы аяктабаганын, атасы кызын үйгө кийген бут кийими менен (тапичкесин) уруп ийгенин уктум. Гүлнараны ошол бойдон көргөн эмесмин”, - деп улантат автор.
Макалада Кролл Казакстандагы жылдарын да эскерет. Назарбаев жана анын өкмөтү Каримовдон кыйла айырмалуу оюн жүргүзгөнүн белгилейт. Казак жетекчилери прогрессивдүүлүгүн, ишенимдүү өнөктөш экенин, дүйнөлүк аренада таасирдүү мамлекеттердин чөйрөсүнө кошула аларын көргөзүүгө аракеттенип келишти. Элчи Казакстан менен ийгиликтүү өнөктөштүктүн мисалдарын да келтирген.
Ал казак аткаминерлери менен сүйлөшүүлөрүн, жалпы коомду Өзбекстандыкына караганда ачыгыраак деп сүрөттөйт.
"Президенттин, саясий системанын дарегине айтылган сын үчүн куугунтуктоо, сот иштерин токуу, түрмөгө камоо учурлары катталганы менен, казакстандыктардын көбү бийликтен коркчу эмес", - деген байкоосу менен бөлүшөт автор.
Андан ары Назарбаевге мүнөздөмө берилет. Анын айтымында, демократиялык системаны өнүктүрүү убадаларына карабай, казак президенти Каримовдой эле бийликтин чылбырын башкаларга да карматууну каалачу эмес. Бирок министрлерине көбүрөөк эркиндик, ыйгарым укук берген. Элчи Назарбаев менен азыраак жолугушканын белгилейт.
Макаласынын аягында Кролл эки лидерге тең жаш кезинде алар элестете албагандай тагдыр буюрганын жазат.
“Кызыктай угулганы менен, мен бул алгачкы президенттердин өз өлкөлөрүн эгемен мамлекеттерге айлантуу, өзгөчөлүктөрүн сактап калуу аракеттерин урматтачумун. Ошол эле маалда ал аракеттердин аягы кандай болгону үчүн ар бирин ичимен аяп коём. Алардын өлкөлөрүнө тунгуч президенттер жасаган тагдыр чечер тандоонун азабын тартууга туура келүүдө”, - деп жазат Кролл.
Тажикстандагы диний чектөөлөр
Euronews Тажикстанда хижабга тыюу салынганын талдап, бул кадам Эмомали Рахмондун 1997-жылдан берки саясий багытын чагылдырат деген тыянак жасайт. Адегенде макалада кошуна өлкөнүн өкмөтү кабыл алган мыйзам тууралуу кеп болот. Бул демилгени бийлик “улуттук маданий баалуулуктарды сактоо” жана “ырым-жырым, экстремизмди алдын алуу” зарылдыгы менен түшүндүрдү. Маалыматка караганда, Тажикстанда динге байланыштуу 35 мыйзам жактырылган.
Жаңы жобо “чет элдик” кийим-кечеге, мисалы, мусулман аялдардын баш кийими болгон хижабга тыюу салат. Анын ордуна тажиктерге салттуу кийимди тандоо сунуш кылынат. Мыйзамды бузгандар айып пулга жыгылат.
Макалада буга чейинки чектөөчу чаралар тизмектелген. Мисалы, балдардын айт майрамында үймө-үй кыдырып белек алуусуна тыюу салынган.
Автор бул кадамдар тан калтырарын, эмне дегенде 2020-жылкы эл каттоого ылайык, 10 миллион калктын 96 процентин мусулмандар түзөрүн жазат.
Андан ары бийлик көп жылдардан бери экстремизмди бутага алып келатканы айтылып, ошол аракеттердин таржымалы чечмеленген. Асырсе Ислам кайра жаралуу партиясы менен 1997-жылы келишим түзүлгөнү, киийн Рахмон аларды бийликтен четтеткени, жаап салганы, террордук уюм деп тыюу салынганы баяндалат.
Макалада айтылгандай, 2009-жылы хижабды мамлекеттик мекемелерде, университет, өкмөттүк имараттарда кийүүгө тыюу салынган. Ошол мезгилде тажик бийлиги кошуна өлкөлөрдүн таасиринен сактануу, көзөмөлдү күчөтүү максатында бир нече эреже киргизген.
Мыйзам тыюу салбаганы менен, тартип коргоочулар узун сакалчан эркектерди кармаганы, сакал коюу экстремисттик көз караштын белгиси катары кабыл алынганы көп эле маалымдалып келет.
Мындан тышкары 2011-жылкы жободо диний окуу жайларга балдарын жөнөткөн ата-энелерди жоопко тартуу каралган. 18 жашка чыга электерге уруксатсыз мечиттерге же намазканаларга барууга болбойт.
Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин 2017-жылкы маалыматына караганда, бир жылда 1938 мечит жабылган, айрым намазканалар чайкана же медициналык борборлорго айландырылган. Автор соңку мыйзамдарды кабыл алууга Москвадагы концерт залына кол салуу түрткү берген деп улантат. Терактка тажик жарандары айыпталган болчу.
Материалда хижабга тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмеси да келтирилген. Францияда 2004-жылдан тарта дин тутууну чагылдырган кийимди мамлекеттик мектептерде кийүүгө болбойт. Австрия 2017-жылы ушундай мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, 10 жашка чейинки кыздарга мектептерге жоолук салынып барууга тыюу салынат. Аны бузган ата-энелер 440 еврого чейин айыпка жыгылышы мүмкүн.
Германия, Белгия, Норвегия жана Болгарияда мектептерде жана коомдук жайларда паранжыга тыюу салынган.
2013-жылы Британиянын өкмөтү коомдук жерлерде паранжыга тыю салуу чакырыктарын четке кагып, ошол маалдагы премьер Дэвид Камерон “аялдар кандай кийинип жүрүүнү өздөрү чечиш керек” деп айткан. Ирландия дагы андай мыйзамга каршы чыккан.
"Мусулмандар көпчүлүктү түзгөн айрым өлкөлөрдө да коомдук жайларда жана мамлекеттик мектептерде, университеттерде же өкмөттүк имараттарда паранжы же хижабга тыюу салынган. Алардын арасында Тунис, Косово, Азербайжан, Казакстан менен Кыргызстан бар", - деп жазат Euronews.
Австралиялык балбандар Париж Олимпиадасына Кыргызстанда даярданууну чечкен
Австралиянын медиа корпорациясы (ABC) бул өлкөнүн балбандары Париждеги Олимпиадага Кыргызстандын тоолорунда даярдык көрүп жатканын жазды.
29 жаштагы Жэйден Лоуренс Париждеги оюндарды утурлай машыгуу лагеринде кымыз ичип жүрөрүн мурда ойлобосо да керек. Сиднейдин четиндеги Камден деген шаарчадан чыккан спортчу ушу тапта жердеши Георгий Окороков менен Ысык-Көлдөгү тоолордо маанилүү мелдешке даярданууда.
Экөө тең Парижде Австралиянын атынан эркин күрөштө килемге чыгат. Буга чейинки Олимпиадага өлкөнүн өкүлдөрү иргеп алынган эмес. Машыктыруучусу Андрей Воронцов менен бирге балбандар деңиз деңгээлинен 2500 метр бийик жердеги машыгууга жөнөгөн.
Мындай бийиктикте кээде аба жетпегенин айткан Жэйден жергиликтүү тамак-ашка көнбөгөнүн жана тил билбегенин машыгуудагы негизги тоскооолдук деп атайт.
Кыргызстанга чейин бул чакан топ беш жума бою дүйнөдөгү мыкты балбандарды өстүргөн Казакстанда машыгыптыр. Австралиялык спортчу кошуна өлкөдө жергиликтүү белгилүү балбан Азамат Даулетбеков менен күрөшкөнүн, дүйнө жана Олимпиада чемпиондорунан көп нерселерди үйрөнгөнүн айтат.
Макалада белгиленгендей, Австралия Олимп оюндарында күрөш боюнча алтын алган эмес. Өлкө акыркы жолу медалды 1948-жылы уткан.
Жэйден болсо 2012-жылдан бери Олимпиадага жолдомо алууга аракеттенип келди. Ар бир жолу жарым финалга жетип жеңилген.
Австралиялык балбандар Кыргызстанда дагы эки аптадай болуп, мекенине кайтышат. Ал жактан Парижге жөнөмөкчү.