Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

Каримовдун үй-бүлөсү: түрмөдөгү Гүлнара, мүлк талашкан Петр


Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова небереси Иман менен. Татьяна Каримованын Инстаграм баракчасынан алынган сүрөт.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова небереси Иман менен. Татьяна Каримованын Инстаграм баракчасынан алынган сүрөт.

Өзбекстандын мурунку биринчи айымы Татьяна Каримова социалдык тармакка түрмөдөгү кызы Гүлнара Каримова менен жолугушууга уруксат бербей жатышканын жазып чыкты. Ал эми өткөн апта маркум Ислам Каримовдун тун уулу Петр өгөй энеси Татьяна Каримованы мураска байланышкан маселеден улам сотко берген.

Ушул эки окуядан улам чейрек кылымдан бери Өзбекстандын эң таасирдүү аялы, 2016-жылдан бери "Маркум президенттин жесири" деп атыккан Татьяна Акбаровна тууралуу талкуулар күчөдү.

"Неберем Иманды 25 жашка толушу менен куттуктайм. Бактылуу жашоо, сүйүү, жакындарынын жана туугандардын мээримин каалайм. Тилекке каршы, бул күнү мага кызым Гүлнара менен жолугушуу үчүн КИН-21 аялдар абагына кирүүгө уруксат беришкен жок", - деп жазды Каримова 17-июнда Инстаграм баракчасына.

Анын мындай нааразычылыгына эмне түрткү болду? Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов мунун эки себеби болушу мүмкүн экенин айтат.

"Биринчиден, анын капысынан энелик сезими ойгонуп, кызына кабатырланганын жокко чыгарбайм. Гүлнара Каримованын абалын биз билбейбиз, апасынын да абалын билүү өтө кыйын. Экинчи себеби - акча болушу мүмкүн. Былтыр Швейцариянын Жогорку Соту Гүлнара Каримованын адвокаттарынын арызын канааттандырып, акчаны Гүлнара Каримовага кайтаруу боюнча чечим чыгарганы белгилүү. Акча маселеси дагы деле "асылган" абалда турат. Бирок Гүлнара Каримовага бул акча боюнча кандайдыр бир сигналдар керек болушу мүмкүн. Анткени акча алгач "Такилантка" (ред. Гибралтардагы оффшордук зонада катталган фирма) которулуп, ал аркылуу башка эсептерге жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул таңкыстык Каримовдордун үй-бүлөсүндө тынчсызданууну жаратып, тезирээк акча алуунун жолун издеп жаткандай. Анткени бул мүлк боюнча АКШ да дооматтарды койгон жана маселе азырынча чечиле элек. Бирок Гүлнара Каримова, анын үй-бүлөсү жана балдары акчаны ала албай убара. Дал ушул ойлор аларды Өзбекстандын өкмөтүнө Гүлнара Каримова менен жолугуу үчүн, балким, андан көрсөтмө же кандайдыр бир ишеним кат алуу үчүн кысым көрсөтүүгө түрткү болуп жатат деп ойлойм", - деди Алишер Илхамов.

"Эмне эксең, ошону аласың"

Социалдык түйүндүн колдоонуучуларынын көбү Татьяна Каримованын постуна "эмне эксең, ошону аласың" деген табалаган пикирлерди калтырышкан.

"Мансап, даража, байлык бир жолу жана албетте, сыноо үчүн берилет. Анан Кыяматта суракка алынат", - деп жазган Ташкенттеги мечиттин мурдагы имамы Шермурод Тогай.

Ал эми жарандык активист Барногүл Санакулова:

"Бул үй-бүлөнүн окуясы мага бул дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес, бардыгы аманат, сыноо, ар бир нерсенин өз жообу бар экенин эске салды", - деп жазды.

Ислам Каримов тирүү кезинде Татьяна Каримова Өзбекстанды башкарууга кийлигишип келгени кабарланып келет. WikiLeaks чыгарган америкалык дипломаттардын кат алышуусунда Татьяна Акбаровна "жогорку кызматтарды сатууга тиешеси бар экени" белгиленген. Ошондой эле мурдагы биринчи айым Өзбекстанга четтен кирген товарларды да көзөмөлдөп келгени айтылган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Гүлнара Каримованын чет мамлекеттердеги мүлкү 1 миллиард доллардан ашат. Анын Швейцариянын 7 банкында 30 эсеби жана Lombard Odier'де 8 сейфи бар.

2013-жылдын октябрь айында, Өзбекстанда Каримова пара талап кылууга жана салык төлөөдөн качууга шек саналып, кылмыш иши козголгон.

Анда ал Terra Group, Prime Media, Gamma Promotion сыяктуу компаниялардан түшкөн кирешеден салык төлөбөй жатат деп айыпталган.

Гүлнара Каримова 2014-жылы, атасы тирүү кезинде үй камагына алынган. Ислам Каримов көз жумгандан үч жылдай убакыт өткөндөн кийин, 2019-жылы Занги-Ата деген жердеги аялдар колониясына камалганы кабарланган.

Ташкент шаардык соту 2020-жылдын мартында аны 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Ал камакта укугу тебеленип жатканын айткан. Өзбек расмийлери муну четке каккан.

Уулу өгөй энесин сотко берди

Ал арада маркум Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов өткөн апта өгөй энеси Татьяна Каримованы сотко берген. Ташкент шаардык сотунун сайтында жайгашкан маалыматка караганда, Ислам Каримовдун биринчи никесинен төрөлгөн Петр мураска ээ болуу укугуна байланыштуу сотко кайрылган.

Петр Каримов.
Петр Каримов.

54 жаштагы Петр Каримов 1990-жылдардан бери негизинен Москвада жашайт. Ал Ташкент айыл чарба институтун 1988-жылы бүтүргөнү белгилүү. Анын апасы Наталья Кучми менен Ислам Каримов 1969-жылы ажырашып кеткен. Кийин Татьяна Каримовага үйлөнүп, ал күйөөсүнүн көзү өткөнчө Өзбекстандын биринчи айымы болуп турду.

Бирок президенттин расмий өмүр баянында бул нике жана тун уулунун ысымы аталган эмес.

Каримовдордун мамлекет тарабынан каржыланышы да коомдук талкуунун негизи темаларынын бутасында. Бир нече жыл мурун Швецарияда качып жүргөн дипломат Алишер Таксанов буга чейин Каримовдун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан канча каражат жумшалганын ачыкка чыгарууну талап кылган.

Анын айтымында, мамлекет Ташкенттеги Каримовдун аялы жашаган батирге жана резиденциясына ашыкча акча төлөп жатат. Медициналык тейлөө, автоунаа, айдоочу жана үй кызматчыларынын айлыгы да казынадан каржыланат. Мурдагы өзбек дипломат бул чыгымдарды "өзбек салык төлөөчүлөрү үчүн ашыкча жүк" деп сыпаттаган.

Шавкат Мирзиёев бийликке 2016-жылы мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ал Каримовдун шакирти катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө анын саясий мурасынан алыстатууга багытталган бир катар иштерди жасады. Мирзиёев абактардан ондогон саясий туткундарды бошотуп, миңдеген адамдарды кара тизмеден чыгарды.

2018-жылы Шавкат Мирзиёев "Фергананын келиндери" деп Татьяна Каримова менен анын сиңдиси Тамараны айтып "бул келиндер өрөөндү түп тамыры менен тоношкон" деп айыптаган.

Бирок талдоочулар "Мирзиёев Каримовдон калган саясий системаны реформалаган жок жана учурдагы өзбек лидери Каримовдун өмүр бою бийликте калуу үчүн колдонгон ыкмаларын колдонууда" деген пикирде.

Саида Мирзиёева жана Гүлнара Каримова.
Саида Мирзиёева жана Гүлнара Каримова.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары менен карапайым өзбекстандыктар Мирзиёевдин кыздарынын жогорку кызматтарга дайындалышы, күйөө балдарынын бизнеси жана Гүлнара Каримованын окуясы ортосунда окшоштуктарды утур-утуру айтып келишет.

Айрыкча Саида Мирзиёеванын коомдогу кадыры менен саясий салмагынын өсүп баратканын Гүлнаранын жылдызы жанып турган убагы менен салыштырышат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG