Ат-Башынын Казыбек айылындагы 100 гектар жерге чычырканак айдалат. Аны Кош-Караташ участогундагы “Нур” кооперативи жапон ишкерлери менен биргеликте ишке ашырат.
Бул тууралуу Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоор Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистеринин көмөгү менен жүрүп жатат.
Департаментинин адистери чычырканактын сапатын жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды өстүрүү максатында колдоо көрсөтөт.
"Бүгүнкү күндө 1000 көчөт отургузулду. Кооперативдин бул демилгеси жергиликтүү айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы жандандырууга өз пайдасын тийгизет", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан 2022-жылдан тартып "Жашыл мурас" өнөктүгүн жүргүзүп келет. Расмий маалымат боюнча бул аралыкта өлкөдө 20 млн көчөт отургузулган. Быйыл 8,5 млн бак отургузуу пландалууда. Өнөктүктүн максаты – жайыт жерлерди токойго айлантуу, табият кырсыктарын алдын алуу.
Өкмөт 2050-жылга чейин токой аянттарын кеңейтүү үчүн 800 млн дарак отургузуу керектигин кошумчалаган. Адистер өсүмдүктөрдү отургузуу менен жайыттарды деградациядан сактап калса болорун белгилешет. (ST)
Шерине