ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган)египеттик ортомчулардын жардамы менен төрт туткундун сөөгүн Израил тарапка өткөрүп берди. Ал эми Израил түрмөлөрүнөн 620 палестинди бошотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Израил өткөн ишембиде ХАМАС маркумдардын сөөгүн шаан-шөкөт, кол чабуу менен өткөрүп бергени үчүн түрмөлөрүндөгү палестиндерди бошотуудан баш тарткан эле. Хамасчылардын мындай аракетин Бириккен Улуттар Уюму да сынга алган.
Мындан улам 27-февралга караган түнү ХАМАС туткундардын сөөгүн тынч гана өткөрүп берди.
Израилдин президенти Ицхак Герцог X социалдык тармагында маркумдар Цахи Идан, Ицхак Элгарат, Охад Яхаломи жана Шломо Манцур экенин ырастады. Алардын баары 2023-жылдын 7-октябрында Газага жакын жайгашкан кибуцтардагы (конуштардагы) үйлөрүнөн барымтага алынган.
Израилдин маалыматы боюнча, ХАМАС ал каргашалуу күнү 250дөй адамды барымтага алып, 1200дөй кишини өлтүргөн.
Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, Израил ХАМАСтан өч алуу максатында баштаган чабуулдардан бери 48 миңден ашуун киши каза тапты.
Согуш Газа секторун кыйратып, калкынын басымдуу бөлүгүн бир нече жолу жер которууга аргасыз кылды.
Түн ичинде бошотулган палестиндер арасында 445 эркек, 24 аял менен жашы жете элек өспүрүмдөр, ошондой эле израилдиктерге каршы кол салуу үчүн өмүр бою кесилген 151 туткун бар экени кабарланды.
Шерине