Украинанын Запорожье атомдук электр станциясындагы кооптуу кырдаал дүйнөнүн көңүл борборунда турат.
Радиациялык алаамат тобокелчилиги
Европадагы эң ири деп саналган Запорожье атомдук электр станциясында 1984-жылдан бери биринчи жолу электр жарыгы бир нече саатка толук өчүрүлдү. "Энергоатом" компаниясы 25-августта кабарлагандай, орус армиясынын кезектеги аткылоосунан кийин атомдук станцияны Украинанын энергосистемасы менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы зым жарактан чыккан. Мындан улам жакынкы Энергодар, Мелитополь, Херсон шаарларында да бир нече саатка жарык өчтү. Бул убакытта заводду электр энергия менен камсыздаш үчүн дизелдик генераторлор дароо ишке киргизилди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия украиндерди жана бардык европалыктарды радиациялык апаатка кептегенин билдирди.
"Биз өзгөчө кырдаалды алдын алуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз деп украиналыктарды ишендиргим келет. Бирок бул биздин мамлекеттен гана көз каранды эмес. Баскынчылар Запорожье атомдук электр станциясынын аймагынан чыгып кетиш үчүн эл аралык басым керек".
Зеленский Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекторлору азыркыдан да ыкчам аракеттерди көрүшү зарыл экенин кошумчалады.
"Орус аскерлеринин АЭСтеги ар бир мүнөтү глобалдык радиациялык алаамат тобокелчилигин жаратат",-деди украин президенти.
"Фукусима кайталанышы ыктымал"
Энергоблокторду муздатып туруу үчүн АЭС үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздалып турушу зарыл. Жарык толук өчүрүлгөндө ал жакта Фукусимадагы кырдаал кайталанышы мүмкүн.
Украиналык адистердин маалыматына караганда, АЭСте авария болсо анын кесепети Беларус, Польша жана Балтика мамлекеттерине да тиет. Фукусима университетинин окумуштуусу Марк Железняктын айтымында, жагдай шамалдын ылдамдыгынан жана багытынан көз каранды болот.
"Радиациялык заттар кай тарапты көздөй жайылышы шамалдын багытынан көз каранды. Ал эми кайда түшөрү жаан-чачындан көз каранды. Ошондуктан так айта албайбыз. Болгону станциянын тегерегиндеги 300-400 чакырым аймактагы тургундарды өз убагында коопсуз жакка чыгарып кетүү керек. Радиациянын деңгээли дароо өлүмгө жеткирбейт. Бирок булганган аймактарда узак убакытка жашаганга болбойт".
Орусия атомдук станцияны март айынын башында басып алган. Британ чалгын кызматы билдиргендей, учурда орустардын оор аскердик техникалары реактордун биринин жанына жайгаштырылган. Запорожье АЭСинин айланасындагы кырдаал бир нече жума мурда курчуп кетти. Ал жактагы атышуулар үчүн Москва менен Киев бири-бирин айыптап келет.
"Соңку бир суткада Запорожье атомдук электр станциясы эки жолу украин аскерлеринин аткылоосуна кабыл алынды. Анын жыйынтыгында кычкылтек-азот станциясынын аймагында төрт снаряд жарылды",-деди коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.
МАГАТЭнин өкүлдөрү барат
Ал эми Вашингтон тескерисинче, Орусияны АЭСтин айланасындагы аймактан аскерлерин жана техникасын чыгарып кетүүгө жана эл аралык инспекторлордун заводго барышына мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып келет. Кийинки жумада Атомдук энергетика эл аралык агенттиктин эксперттери Запорожьеге сапар алары кабарланды.
Агенттиктин башчысы 24-августта Түркияда "Росатомдун" өкүлдөрү менен жолугушкан. Эки тарап тең эл аралык инспекторлордун АЭСке барышына макул. Болгону алар кандай жол менен барышат жана алардын коопсуздугуна ким кепилдик берет деген маселе чечиле элек болчу.
Украин бийлиги кооптуу сценарийге даярданууда. Запорожьеде болжолдуу өзөктүк аламаатын кесепеттерин жоюу боюнча машыгуу өттү. Украиналык "Энергоатом" компаниясынын башчысы Петр Котиндин айтымында, учурда станцияда орусиялык беш жүздөй аскер, оор аскердик техника жайгашкан.
Ал эми АЭСтин өзүн он миңдей украиналык кызматкер иштетип жатат. Алар 17-августта кайрылуу таратып, эл аралык коомчулукту өзөктүк алааматка жол бербөөгө чакырды. Билдирүүдө Орусия басып алган беш айдан бери бир катар коопсуздук эрежелер сакталбай калганы айтылат.