Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Еврошаркет: Тажикстан Путинди кабыл алып, Гаага сотунун алдындагы милдеттенмесин бузду


Евробиримдик орус президенти Владимир Путиндин Тажикстанга жасаган визитине байланыштуу камтамасын билдирди жана Душенбе Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна мүчө катары орус лидерин камакка алуу ордерин аткарбай койгонун белгиледи.

Шаркеттин Тажикстандагы өкүлчүлүгү 10-октябрда жасаган билдирүүдө Гаагадагы сот Путинди камоо ордерин "эл аралык кылмышы үчүн" чыгарганын эске салынат.

«Европа биримдиги эл аралык укуктун алкагында Орусиянын агрессивдүү согушунун натыйжасында жасалган кылмыштар, адам укуктарын бузуу учурлары үчүн жоопко тартуу аракеттерин, жапа чеккендердин адилет сотко, кенемте алууга, андай окуялар кайталанбайт деген кепилдик алуу укугун чечкиндүү колдойт», - деп айтылат билдирүүдө.

2023-жылы 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди жана Орусиянын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу катары айыпталган. Мындай аракет эл аралык мыйзамдарда согуш кылмышы болуп эсептелет. Москва соттун дооматын четке каккан.

Орус президенти Душанбеге 8-октябрда "Борбор Азия - Орусия" саммитине жана КМШнын жыйынына катышуу үчүн барган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Тажикстанды Орусиянын президенти Владимир Путинди өлкөгө киргизбөөгө же камакка алууга чакырган.

Буга чейин, былтыр күздө Эл аралык кылмыш сотунун ордерин Монголия көз жаздымда калтырган.

Ал эми 2023-жылы коомчулуктун кысымы менен жана жергиликтүү соттун чечиминен кийин Путин БРИКСтин Түштүк Африкадагы жыйынына баруудан баш тарткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG