Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Израил армиясы жоокерлерин Газанын буфердик аймагына чыгара баштады


Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесиндеги жоокерлери жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча түш ченден тартып макулдашылган чек ара сызыгына чыгарыла баштаганын билдирди.

Муну менен Тель-Авив менен ХАМАС (АКШ менен Европа Биримдигинде террордук деп таанылган )тобу менен тынчтык келишиминин биринчи этабын ишке ашыруу башталды.

Бейшембиде Израилде өкмөт бул келишимдин биринчи этабын ишке ашырууну жактырган. Азырынча Израил армиясы аскерлерин кайсы тараптан чыгара баштаганы тууралуу так расмий маалымат жок.

AFP маалымат агенттиги Газанын Жарандык коргонуу агенттигинин жетекчилерине шилтеме кылып Хан-Юнис районундагы жана Газа шаарынын түндүк-батыш чегиндеги аскердик техника кетип жатканын жазды.

Ушул тапка чейин ЦАХАЛ Газа тилкесинин теңинен көбүн, (болжол менен 53%) көзөмөлдөп жатканын кабарланган.

АКШ президенти Дональд Трамп шаршембиде кечинде Израил менен ХАМАС анын тынчтык планынын алгачкы этабын ишке ашырууга макул болгонун жарыялаган.

Макулдашууга ылайык, ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу учурунда барымтага алынган израилдик жарандарды бошотот жана ага жооп катары Израил аскерлерин алдын ала макулдашылган чек ара сызыгына кайтарышы керек.

Бул Газа секторундагы согушту токтотуу тууралуу ортомчулар Египет, Катар жана Кошмо Штаттар өкүлдөрүнүн Египеттеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилген чечим болгон.

Планга ылайык, ХАМАС курал-жарактан баш тартып, Газа секторундагы бийликтен четтетилиши керек.

Шерине

XS
SM
MD
LG