Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору орус тарапта согушуп жүрүп каза тапкан 446 тажикстандык кишинин ысымын жарыялады. Маалыматка караганда, тизме толук эмес, ага набыт болгону такстыкталган гана адамдар киргизилген.
Августта долбоор быйылкы жылдын алты айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен контрактка кол койгон Тажикстандын 628 жаранынын тизмесин чыгарган. Апрелде 931 тажикстандык орус тарапта согушка катышканы маалымдалган.
Кошуна өлкөнүн бийлиги долбоордун маалыматын расмий комментарийлеген эмес.
Быйыл майда Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин күч түзүмдөрү орус паспортун алган 20 миң мигрантты “кармап”, Украинага каршы согушка салганын билдирген.
“Биз Орусиянын согуш майданына эмес, атүгүл аскердик комиссариатка баргысы келбеген ошондой жарандарды кармадык. Эмнегедир Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанда жашоону каалабаган Орусиянын 20 миң “жаш” жараны майданда жүрөт”, - деп айткан Бастрыкин.
Би-би-си, "Медиазона" жана ыктыярчылар чогулткан маалыматка ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери 128 миң 115 орусиялык жоокер урушта каза тапты. Алардын көбүн майданга ыктыярдуу кеткендер түзөт.
Шерине