Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Уитакер: Трамп Украинадагы согушту токтотуу үчүн "талыкпай иштеп жатат"


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтоткусу келет жана бул багытта «талыкпай иштеп жатат». Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу элчиси Мэтью Уитакер билдирди.

«Ал (президент) бизге маалым болгондой сыягы Газада тынчтык орнотту. Израил ок атуу режимин киргизгенин ырастады. Менимче, эми Украина менен Орусия ортосундагы согуш да жөнгө салынат деген мүмкүнчүлүк реалдуу болуп калды», - деп айтты элчи «Настоящее время» телеканалынын кабарчысына.

Дипломат Европа орусиялык бюджетти толтурууга салым кошуп жатканын эске салып, алар Орусиядан мунай алууну токтотууга тийиш деп белгиледи.

Уитакер Трамп бул арада «Орусияны сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуу үчүн шарт жана таасир этүү рычагдарынын үстүнөн ишин улантарын» айтты.

"Расмий Вашингтондо кандай кошумча карталар бар?" деген суроого элчи санкцияларды, Киевди алыс аралыкка учуучу жана заманбап курал-жарак менен камсыздоо ыктымалдыгын атады.

АКШнын президенти НАТОго мүчө өлкөлөрдү жана Европа Биримдигин Орусиянын мунайын сатып алууну токтотууга чакырып келет. Ал Орусиянын энергетикалык ресурстарын импорттоону уланткан өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга катаал санкцияларды киргизерин убада кылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG