Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Жапонияда башкаруучу коалиция ыдырап кетти


"Комэйто" партиясынын лидери Тэцуо Сайто
"Комэйто" партиясынын лидери Тэцуо Сайто

Жапонияда бийликтеги коалиция ыдырап кетти. "Комэйто" партиясы Либерал-демократиялык партиясы (ЛДП) менен 1999-жылдан бери келаткан альянстан баш тартты. Муну менен жаңы премьер-министрди шайлоо үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

"Киодо Цусин" агенттиги кабарлагандай, "Комэйто" ЛДП менен бизнес өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын саясий партияларга колдоо иретинде берген каражаттын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү маселесинде мунасага келе алган жок. Ошондой эле өкмөт башчылыкка өнөктөштүн жаңы лидери Санаэ Такаитинин талапкерлиги көрсөтүлгөнү суроо жаратууда.

Саясатчы ашынган эскичил көз караштары менен белгилүү.

Өткөн жылы "Комэйто" менен ЛДП түзгөн коалиция парламенттин төмөнкү палатасына, быйыл жайда жогорку палатага маанилүү шайлоодо утулуп калган. Мунун бары ЛДПнин катарындагы коррупциялык жаңжалдардын фонунда болгон.

"Комэйтонун" альянстан чыгып кетиши өкмөттү кризиске кептеши мүмкүн. Андан тышкары партия Такаитинин талапкерлигин колдобойт. Шайланып калса, ал Жапониянын биринчи аял премьери болуп калмак. Өкмөт башчы парламентте жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат. Биринчи айлампада эч ким утпаса, алдыга чыккан талапкерлер ат салышат.

Бирок оппозициялык партиялар өз талапкеринин айланасында бириге алган жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG