Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

28-февраль: УКМК кармаган кадр мэр болду, Пакистанда медреседе бомба жарылды


Баткен шаарындагы өрүктүн инсталляциясы
Баткен шаарындагы өрүктүн инсталляциясы

28-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт:

Маркум Айжандын жакындары соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту зомбулуктан каза болгону айтылган Айжан Алыкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти кароо уланып, жарыш сөз болду. Маркумдун жакындары иш каралардын алдында соттун имаратынын алдында акция уюштуруп, соттон адилет чечим чыгарууну талап кылышты. Алар айыпталуучуга катаал жаза берүүнү өтүнүштү.

39 жаштагы Айжан Алыкулова былтыр 24-февралга караган түнү баш калаадагы батиринде киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы киши кармалган. Учурда ал тергөө абагында отурат.

Акыйкатчы менен Европарламенттин өкүлдөрү жолугушту

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басарлары Жанибек Жоробаев жана Айчүрөк Назаралиева Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттар тобу менен 27-февралда жолугушту.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда сөз эркиндиги, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу, аялдар менен балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо жана зордук-зомбулукка жол бербөө маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эрте никени алдын алуу жана бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Европарламенттин делегациясын Бишкекке сапарында. президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушкан.

Жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүү күчөтүү боюнча жарлык чыкты

Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, табият кырсыгынын зыянын төмөндөтүү жана жарандык коргонууну бекемдөө боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Министрлер кабинети жыл сайын бюджетке өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу иш-чараларды каржылоону камтышы керек.

Сел, суу ташкындары үчүн курулмаларды инвентаризациядан өткөрүп, сел коркунучу болгон жерлерге мындай объектилерди курушу шарт.

Ошондой эле суу ташкындын, селдин чыгымын азайтуу, суу жээктерин бекемдөө үчүн жашылдандыруу иштерине узак мөөнөттүү инвестициялоону кароо тапшырмасы коюлду. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жоюу боюнча милдетин так аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү белгиленген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашканын, алты ай ичинде табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян келтирилгенин маалымдаган.

Баткендин мэри алмашты

Кара-Суу районунун мурунку акими Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Башка жарлыкка ылайык, Баткен шаарынын мурунку мэри Имамназар Бурканов Жайыл районунун акими болуп дайындалды.

Абыкеев былтыр 26-июлда көп суммада пара алууга шектүү катары кармалган. 12-августта Абыкеев акимдиктен бошотулганын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдаган. Быйыл 18-февралда “Кактус Медиа” басылмасы Ички иштер министрлигине таянып, Абыкеевге козголгон кылмыш иши “далилдин жетишсиздигинен” кыскарганын жазды.

Абыкеев Кара-Сууга аким болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчысы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Медреседе бомба жарылып, алты киши каза тапты

Пакистандын түндүк-чыгышында медреседе жума күнкү намаз маалында бомба жарылганда алты киши каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. Ал жер ооган талибдерин машыктыруу аянтчасы катары белгилүү.

Жарадар болгон бир нече кишинин арасында медресенин жетекчиси, “Талибан” кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Маулана Сами уль-Хактын уулу Маулана Хамид уль-Хак бар деп маалымдалды.

Регионалдык полициянын өкүлү Нажибур Рахмандын айтымында, анын абалы оор.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

АКШ Тайланддын 40 уйгурду Кытайга кайтаруу чечимин сындады

Трамптын администрациясы Тайланддын 40 уйгурду Кытайга кайтаруу чечимин сындап, башка өлкөлөрдү башкалка издеген уйгурларды артка жөнөтпөөгө чакырды. Ак үй Бээжинди буга чейин депортацияланган улуттук азчылык өкүлдөрүнүн абалын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө үндөдү.

Мамлекеттик катчы Марко Рубио “Тайланд өкмөтү Кытай бийлиги уйгурлардын укуктарын канчалык коргоп жатканын текшерүүгө тийиш”, - деп билдирди.

Өз кезегинде Австралия уйгурлардын күчтөп Кытайга кайтарылышын катуу сындады. Жума күнү тышкы иштер министри Пенни Вонг алар туш болгон мамилеге тынчсызданып жатканын айтты. Австралияда миңдеген уйгур отурукташкан.

Бейшембиде Тайландда он жылдан ашык убакыт бою кармалып турган уйгур эркектер Кытайга депортацияланган.

Трамп Украина маселесин британ өкмөт башчысы менен талкуулады

АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Вашингтондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп, Орусия жана Украина ортосунда тынчтык келишими боюнча иш алдыга жылып жатканын, АКШ эки тарап менен тең алгылыктуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.

Трамп 28-февралда Ак үйдө украин президенти Владимир Зеленскийди кабыл аларын, алар Украинадагы кен байлыктарды чогуу иштетүү боюнча макулдашууга кол коюшарын тактады.

Ал алдыда Украинанын НАТОго кошулуу ыктымалы тууралуу суроого жооп берип, бул нерсе орундалбай турганын, себеби “согуш ушунун айынан башталганын” билдирди. “Орусия президенти Владимир Путинге ишенсе болобу?” деген суроого ал “Ишен, бирок текшер” деген сөз менен жооп кайтарды.

Владимир Зеленский АКШга барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG