Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

"Талибан" АКШ менен түзүлгөн Доха келишими соңуна чыкканын билдирди


АКШ менен "Талибан" кыймылы ортосунда келишимге кол коюлгандан кийин. Доха, 29-февраль 2020-жыл
АКШ менен "Талибан" кыймылы ортосунда келишимге кол коюлгандан кийин. Доха, 29-февраль 2020-жыл

Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылы Доха тынчтык келишими күчүнөн чыкты деп эсептерин билдирди. АКШ менен түзүлгөн макулдашуу Батыш аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө жол ачкан.

28-февралда келишимдин 5 жылдыгында сүйлөгөн талибдердин басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид документтин мөөнөтү соңуна чыкканын айтты.

Ал “Талибан” өзүнүн негизги милдеттенмесин аткарганын, Ооганстан Вашингтонго жана өнөктөштөрүнө каршы теракттардын плацдармына айланбаганын белгиледи.

Мужахид АКШны “Ооганстан менен кызматташуу багытында позитивдүү кадамдарга барууга” жана кыймылдын жетекчилерин эл аралык “кара тизмелерден” чыгарууга чакырды.

Доха келишиминин алкагында америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылып, ал үчүн “Талибан” террорчулук менен күрөшүү жаатында кепилдиктерди бермек.

Бирок документтин өлкөдөгү бардык саясий күчтөр жана улуттук азчылыктар кирген жаңы өкмөт түзүү үчүн сүйлөшүү өткөрүү тууралуу маанилүү бөлүгү ошол бойдон аткарылган жок.

АКШнын айрым расмий өкүлдөрү ал келишим 2021-жылдын 31-августуна белгиленген америкалык аскерлердин чыгып кетүүсү алдында батышчыл ооган жумуриятынын ойроң болуусуна өбөлгө түзгөн деп айыпташууда.

Келишим АКШ президенти Дональд Трамптын биринчи мөөнөтү учурунда макулдашылган жана түзүлгөн.

Өткөн сентябрда шайлоо кампаниясы учурунда мамлекет башчы документти коргоп, президент Жо Байденди америкалык контингент чыгарылып жатканда аскерлердин өлүмү, курал-жаракты таштап кетүү жана макулдашуунун шарттарын аткарууну камсыздабаганы үчүн айыптаган.

“Талибан” Кабулдагы бийликти басып алганы менен алардын өкмөтүн бир да мамлекет расмий тааный элек.

Талибдердин өкмөтү кыз-келиндердин укуктарын олуттуу чектөө менен эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылып келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG