Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Данир Иманалиев Баткен районунун акими болуп дайындалды.
Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына 28-февралда жарыяланды. Мындан сырткары Жапаровдун башка тескемеси менен Данияр Эркимбаев Ош облусунун Араван районуна, Имамназар Бурканов Чүй облусунун Жайыл районуна аким болуп барды.
Ушул эле күнү Кара-Суу районунун мурдагы акими Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды.
Өткөн аптада президент жети райондун акимин кызматтан алган.
Алар: Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоев.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралда өкмөттүк коллегияда Садыр Жапаровго ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жети райондун акимдерин жумуштан алуу сунушун берген. Жыйында айрым министрлердин, алардын орун басарларынын иши сынга алынган.
Президент андан тышкары Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакуловго жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганы үчүн сөгүш жарыялаган. (КЕ)
Шерине