Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

"Алай" клубу Топ лигада көч башын жетектөөдө


Ош шаарынын "Алай" футболдук клубунун оюнчулары. 2-август, 2015-ж. Ош шаары.
Ош шаарынын "Алай" футболдук клубунун оюнчулары. 2-август, 2015-ж. Ош шаары.

Оштун “Алай” футболдук клубу Кыргызстандын футбол боюнча Топ лигасында 11 оюндан кийин 28 упай топтоп көч башын жетектеди.

2-августта Ош шаарында “Алай” клубу Канттын “Абдыш-Ата” клубу менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул жетишкендик менен оштук футболчулар 11 оюндун жыйынтыгында Бишкектин “Дордой” клубунан 2 упай арбын топтоп лидерликти колго алды. "Алай" клубунун директору Нурдин Сматов "Азаттыктын" кабарчысы менен маек куруп, Ош шаарынын футболчулары быйыл кайрадан чемпиондук наамды алууга аракет кылып жатышкандыгын айтып берди.

"Азаттык": Учурдагы “Алай” клубунун Топ лиганын турнирдик таблицасындагы ээлеген орду тууралуу түшүндүрмө бере кетсеңиз?

Нурдин Сматов: Биринчи орунга чыгуу чынында оңой болгон жок. “Дордой” менен ат салышуу жеңил эмес. Ойлогон ой-максаттарыбыз ишке ашып, 2-август күнү кезектеги оюнда Канттын “Абдыш-Ата” клубун 1:0 эсебинде уткандан кийин Топ лиганын турнирдик таблицасында 1-орунга чыктык.

Учурда “Алай” 11 оюндун жыйынтыгында 28 упайга ээ болуп, 2-катардагы “Дордой” клубунан 2 упайга алдыда келүүдө. “Абдыш-Ата” клубу менен болгон беттеш абдан кызыктуу өттү. Оюнчуларыбызга ыраазычылык билдирем.

92-мүнөттө мыкты чабуулчубуз, гвинеялык легионер Алиа Силла 11 метрлик айып тобун дарбазага ийгиликтүү багыттап жеңиш алып келди.

"Азаттык": Топ лиганын оюндары качан аяктайт?

Нурдин Сматов: Чемпионат 31-октябрга чейин уланат. Бул күнү акыркы оюндар өтөт.

"Азаттык": “Алай” 2013-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, кийинки жылы артыкчылыгын сактай албай калган эле. Быйылкы жылы башкы олжону утуп алуу үчүн кандай өзгөчөлүктөргө басым жасап жатасыңар?

Ош шаарынын "Алай" футболдук клубунун оюнчулары. 2-август, 2015-ж. Ош шаары.
Ош шаарынын "Алай" футболдук клубунун оюнчулары. 2-август, 2015-ж. Ош шаары.

Нурдин Сматов: “Алай” клубу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жеке көзөмөлүндө болуп, каржы маселелери толугу менен чечилген. Биздин алдыбызга жетекчилик тараптан 2013-жылдагы жетишкендикти кайрадан кайталоо талабы коюлган. Кудай буюрса быйыл өлкө чемпиону болобуз деп ишенебиз.

"Азаттык": Максатка жетүү үчүн футболчуларга шыкак барбы?

Нурдин Сматов: Оюнчуларыбыздын бардыгында тең профессионал оюнчу катарында келишимдер түзүлгөн. Келишимдери бүгүнкү күндө биздин футболчуларды толугу менен канааттандырат.

"Азаттык": Чет өлкөдөн чакырылган мыкты чабуулчу Алиа Силла сыяктуу жергиликтүү оюнчулардан күчтүү, мыкты футболчуларды тандоо, аларды алып чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Нурдин Сматов: Сөзсүз бар. Бирок жаш футболчуларды тарбиялоочу мектептер өткөн кылымдын 90-жылдарынан кийин ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин өз аймагыбыздан мыкты оюнчулар көп чыкпай жатат. Ага кошумча Алай клубу 16 жыл Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес. 2003-жылдан бери чемпиондукта кирди-чыкты ойноп, жакынкы жылдары гана оюндарды үзгүлтүккө учуратпай калды.

Бүгүнкү күндө клубдун алдында жаш футболчуларды даярдоо тайпалары ачылып иштеп жатат. Алардын арасынан жыл сайын бирден-экиден оюнчу профессионал клубдарда ойноого даяр болушууда. Албетте бул көрсөткүч жетишсиз.

PS. Кыргызстандын футбол боюнча Топ лигасында 6 клуб ойнойт. 3-августка карата 11 оюндан кийин "Алай" клубу 28 упай топтоп, турнирдик таблицада биринчи катарда келатат. Ушундай эле оюн эсебинде бар "Дордой" клубу 26 упай менен экинчи катарда. 10 жолу оюн талаасына чыгышкан "Абдыш Ата" 13 упай менен 3-катарды ээлесе, "Алга" клубу 11 упай чогултуп, 4-катардан орун алууда. 11 оюн өткөргөн "Ала-Тоо" 7 упай менен бешинчи, "КейДжи Юнайтед" 4 упай менен алтынчы катарда жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG