Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Египетте президенттик шайлоо аяктоодо


Египет, Каир. 26-май, 2014-жыл.
Египет, Каир. 26-май, 2014-жыл.

Египетте президенттик шайлоонун экинчи күнү өтүп жатат. Исламчыл президент кулатылгандан кийинки шайлоого элдин катышуусу анчейин болбой жатат.

Египетте мындан бир жыл мурда армия демократиялык жол менен шайланган президент Мухаммед Мурсини кулаткан эле. Исламчылардын жол башчысы болгон Мурси өз бийлигине каршы массалык чыгуулардан кийин бийликтен четтетилген.

Төңкөрүштү уюштурган экс-генерал Абдел Фаттах ал-Сиси азыркы добуш берүүдө мамлекет башчысы болуп шайланат деп күтүлүүдө. Сиси менен бир гана талапкер, солчул саясатчы Хамдин Сабахи ат салышууда. Сисинин колдоочулары Египетке «бизге ушундай күчтүү лидер керек» деп жатышат.

Ал эми каршылаштары аны төңкөрүш уюштурганы, Мурсинин жүздөгөн колдоочуларынын өлүмү жана камакка алынганы үчүн күнөөлөшүүдө. Укук коргоочу "Хюман Райтс Уотчтун" болжолунда, азыр 20 миңден ашык саясий диссиденттер жана исламчылар абакта отурат.

Араб Лигасынын баш катчысы Набил Елераби Каирде добуш бергенден кийин кабарчыларга «Баары жакшы, бул шайлоого байкоо жүргүзгөндөр, ага баа бере тургандар египеттиктер эмес, Араб лигасынын өкүлдөрү болуп жатат. Египеттин атуулу катары мен комментарий бербейм» деген эле.

Мамлекет башчылыгына аскер адамынын кайтышы Египетте Хосни Мубарак кулагандан кийинки демократиялык өзгөрүштөрдүн деми суугандыгы катары бааланууда. Алгачкы күнү добуш берүүгө эл илең-салаң келгендиктен, бүгүнкү күндү өкмөт дем алыш деп жарыялап, добуш берүүнүн мөөнөтүн бир саатка узартты.

Сисинин жеңип чыгарынан күмөн жок болуп жаткандыктан, «Мусулман агайындарынан» шайланган Мухаммед Мурсинин өткөн июлда кулашы үчүн жоопкер болгон экс-генералдын легитимдүүлүгүн бекемдөө үчүн азыркы шайлоого элдин күжүрмөн катышуусу керек болуп жатат.

Буга салыштырмалуу, Мубарак кулагандан кийинки парламенттик жана президенттик шайлоолорго эл жабыла келип, кезекке тургандар көчөлөргө батпай кеткен эле.

Сиси элди активдүү добуш берүүгө чакырган. Аны Мубарак кулатылгандан кийинки үч жылдан берки саясий-экономикалык кризистен чарчаган тургундар колдошууда. Исламчылар аны төңкөрүш уюштурган деп көпчүлүккө мокочо көрсөткөнү менен, Сисинин колдоочулары экс-генералды исламчыл Мурсини кулаткан баатыр деп эсептешет.

Шайлоо бекеттерин айрымдары кара беткап кийген аскерлер кайтарышууда. Жөнөкөй кийинип алган тартип коргоочулар да жүрөт.

Сисинин жалгыз атаандашы, солчул Сабахи 2012-жылы Мурси жеңген шайлоодо үчүнчү болуп келген эле. Ал шайлоого катышкан башка талапкерлер исламчылар менен оппозициядагы башка топтор куугунтукка алынып жаткандыгына нааразы болуп, бүгүнкү шайлоого катышуудан баш тартышты.

Жол башчысы Мурси кулатылгандан кийин репрессияга кабылып, жүздөгөн колдоочулары өлтүрүлгөндөн кийин «Мусулман агайындары» жашыруун иш алып барууга өтүштү.

Көптөгөн секулярчы диссиденттер да камакка алынгандан кийин, демократиялык маанайдагы көптөгөн египет жарандары азыркы бийликтерден көңүл калды болушту. Сабахинин командасы шайлоонун алгачкы күнүндө «эл орточо активдүүлүк менен, кээде илең-салаң добуш бергендигин» белгилешти. Өз билдирүүсүндө алар көп эреже бузуулар болгонун, анын ичинде, Сабахинин өкүлдөрүнө кол салынып, полиция, армия «кийлигишкен» учурлар болгондугун белгилешти.

Өкмөткө караган же армия колдогон бийликтерге ыктаган маалымат каражаттары тескерисинче бүгүнкү шайлоону «Египетте тарыхтын жаңы барагы жазылып жатат, президентти шайлаган эл «Мусулман агайындарын» четке какты» деп даңазалап жазышты.

XS
SM
MD
LG