Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Жон Керри Эр-Рияддын "тилин тапканы" келди


АКШ Мамкатчысы Жон Керрини (солдо) Эр-Риядда Саудиянын тышкы иштер министри ханзада Сауд ал-Файсал бир Абдулазиз ал-Сауд (солдон экинчи) тосуп алууда. 3-ноябрь
АКШ Мамкатчысы Жон Керрини (солдо) Эр-Риядда Саудиянын тышкы иштер министри ханзада Сауд ал-Файсал бир Абдулазиз ал-Сауд (солдон экинчи) тосуп алууда. 3-ноябрь

АКШ Мамкатчысы Жон Керри падыша Абдулла менен кездешүү үчүн Сауд Арабстанга келди.

Эр-Рияддагы сүйлөшүүдө Сириядагы кырдаал жана Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн мазмуну талкууланат. Керри визитти АКШнын узак жылдардан берки союздашы менен акыркы кезде солгундай түшкөн мамилени оңдоо үчүн пайдаланат деп боолгонууда.

Жон Керри Эр-Риядда талкуулоочу маселелер Жакынкы Чыгыштын бүгүнү жана болочогу үчүн абдан маанилүү. Саудия президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн Сирия оппозициясынын негизги колдоочусу. Өткөн айда Вашингтондун Сириянын химиялык куралдарга тиешеси бар жайларына ракетадан сокку урулат деген опузасын токтоткону Саудияга жаккан эмес.

Саудия өткөн айда Асаддын өкмөтүн Иран колдоп жатканына карабай, Улуттар уюму Сириядагы кандуу булоонго кийлигишпей, байкоо гана салып турат деп, БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ордунан баш тарткан. Эр-Рияд Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө региондогу негизги атаандашы Ирандын катышуусуна да каршы.

Эр-Риядды Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдөгү оң жылыш да кыжаалатка салууда. Анткени Саудия бул АКШ-Иран ортосундагы жакындашууга алып барат деп кооптонот.

АКШ менен Саудия Египет боюнча да эки жээкте турат. Египеттин биринчи жолу демократиялык жол менен шайланган президенти Мухаммед Мурси июль айында генералдар тарабынан кулатылгандан кийин Вашингтон Египетке берчү 1, 3 миллиард долларлык жардамынын чоң бөлүгүн токтотуп салган. Эр-Рияд тескерисинче, Египеттин утурумдук өкмөтүнө финансылык жардам берүүдө.

Мамкатчы Жон Керри дүйшөмбү күнү Эр-Рияддагы АКШ элчилигинде сүйлөп, Саудия падышалыгын Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукту камсыздоодогу “негизги оюнчу” деп атады. Ошондой эле региондогу стабилдүүлүк үчүн Вашингтон жана Эр-Рияддын коопсуздук маселесинде Сирия, Египет жана Иран менен эриш-аркак иштегени маанилүү деди.

АКШнын Эр-Риядагы мурдагы элчиси Адам Эрелинин айтымында, АКШ менен Саудиянын ортосундагы жарака падышалыктын “карылуу” тышкы саясатынын туундусу. Экс-элчи Саудия АКШнын соодадагы 12 чоң өнөктөшү экенин да эстен чыгарбоо керек дейт.

Америкалык таанымал серепчи Фарид Закариянын байкашынча, Сауд Арабстандын Ак үйдүн Сирия жана Иран боюнча саясатына каршылыгы бул өлкөлөрдүн элинин абалына тынчсыздануу менен байланышпайт. “Анын башаты шииттерге каршы идеологиядан тамыр алат,” - деп жазат Закария АКШда чыкчу “Тайм” журналынын соңку санында.

АКШ Мамкатчысы жекшемби күнү Каирде жасаган билдирүүсүндө Вашингтон Египеттин утурумдук өкмөтү менен иштешүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи:

- Президент Обама Египет менен биздин мамилебиздин бузулбаганына ишеничте болуу үчүн аябай катуу иштеди. Ошон үчүн президент, мен азыр эле айткандай, Египет элине түздөн-түз барчу ар кандай жардамды улантууда.

Жон Керри менен чогуу жүргөн америкалык расмий булактын кабарчыларга айтышынча, Керри Египеттин утурумдук өкмөтүн 14-ноябрда мөөнөтү бүткөндөн кийин чукул кырдаал абалын узартпоого чакырган.

Өз кезегинде Египеттин тышкы иштер министри Набил Фахми Каир жана Вашингтондун өз ара мамилени жандандыруусуна канааттанганын билдирди.

Керри жекшемби күнү Саудияга учар алдында, кабарчылар менен кездешкенде Сириядагы жарандык согушту токтотуунун тактикасында тараптар ортосунда ажырым болушу мүмкүн экенин танбады. “Саясаттын айрым бир тактикасы боюнча келишпестик бул саясаттын негизги максаты боюнча ар башка көз караш бар дегенди билдирбейт,” - деди ал.

XS
SM
MD
LG